Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-октябрындагы № 502 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын Желеги жөнүндө ЖОБО 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы башкармасынын Желеги (мындан ары - Желек) аскердик сыймыктын,каармандыктын, Дањктын символу болуп эсептелип, Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын ар биркызматкерине баатырдык салттарды, Мекенди коргоо жана мыйзам тартибинсактоо ыйык милдет экендигин эске салып турат. 2. Желек тик бурчтук формасындагы эки бети бирдей, кызыл түстөгүжибек кездемеден жасалат. Кездеменин узундугу - 1500 мм, туурасы -1100мм. Кездеме үч жагынан кыры боюнча сары түстөгү (алтын сымал)бахрома менен кыйылган. Кездеменин бет жагындагы ортосуна, баяндамасыКыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №516 токтомуменен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун символикасынын белгиси (мындан ары - символикабелгиси). Символика белгисинин туурасы кездеменин туурасынын жарымынатуура келет. Кездеменин бет жагындагы символиканын белгисинин үстүжагына мамлекеттик тилде «Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигинин» деген сары түстөгү (алтын сымал) сөздөрү жазылат. Алэми символика белгисинин асты жагында мамлекеттик тилде «Жазалардыаткаруу башкы башкармасы» деген сөздөрү жазылат. Кездеменин сырткы бети жагындагы ортосуна түстүү сүрөттөлгөн КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик герби тартылган. Желектин таякчасы жыгачтан жасалган, жумуру, диаметри - 40 мм,узундугу - 2500мм, кочкул-күрөњ түстө, лакталган. Таякчанын жогоркуучунда фигуралуу кийгизгич (сайгыч) бар. Ал беш бурчтуу жылдыз мененжарым айдын сүрөтөрүндөй түшүрүлгөн учту, узундугу 340 мм, түпкүнегизинин туурасы 130мм. Желектин боосу чыйратылган, сары түстө (алтын сымал), учтарычачылуу. Боонун узундугу - 2800 мм. Боо Желектин башына кийгизгичтинтөмөн жагына боонун учтарынын узундугунун үчтөн экисине туура келгидейкылып бекитилген. Желектин эскизи ушул жобонун тиркемесиндекөрсөтүлөт. 3. Желек Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазалардыаткаруу башкы башкармасынын Борбордук Аппаратынын имаратындагы айнекбасылып бекитилген пьедесталында сакталат жана Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын ишинебайланышкан салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлгөн кезде көтөрүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы башкармасынын Желегин башка мамлекеттик органдар менен, жекеадамдар же кызмат адамдары менен пайдаланганга болбойт. Аны кор кылуу же желектин маанисин бузуп-бурмалаган жазууларды,белгилерди, сүрөттөрдү түшүрүүгө жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөниш-аракеттерди жасаганга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.