Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө ЖОБО 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүүмекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдардыконвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин (мындан ары -Департамент) Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси аскердикнамыстын, каармандыктын, дањктын символу болуп эсептелет жанаДепартаменттин аскер кызматчыларына Мекенди коргоонун баатырдык каада-салттары жана ыйык милдети жөнүндө эске салат. 2. Департаменттин Күжүрмөн туусу кызыл түстөгү жибек кездемедендаярдалган эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме энин элестетет.Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм. Кездеме энининүч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачык менен айланта кыюуланган.Мањдай бетинде, кездеме энинин ортосунда Департаменттин символикалыкбелгиси жайгашкан. Арткы бетинде кездеме ортосунда КыргызРеспубликасынын мамлекеттик Герби жайгашкан, жогорку оњ бурчунда сары(алтын) түстүү жазуу менен мамлекеттик тилде «Ата мекен үчүн» дегенжазуу жазылган. Символикалык белгинин энинин кездеменин узундугунаболгон катышы экиден бирге барабар. Кездеменин алдыњкы бетиндегисимволикалык белгинин алдында сары (алтын) түстүү жазуу мененмамлекеттик тилде «Юстиция министрлигинин Кайтаруу жана кузөтүүдепартаменти» деп жазылган; оњ жактагы жогорку бурчуна сары (алтын)түстүү жазуу менен мамлекеттик тилде "Ата-Мекен үчүн" деген жазуу бар. Күжүрмөн туунун таягы жумуру жыгачтан жасалып, диаметри 40миллиметр жана узундугу 2500 миллиметр, таяк кочкул-күрөњ түстө болуп,лакталган. Туунун таягынын учуна алтын буусу жалатылган, узундугу -340 миллиметр, төмөн жагынын жазылыгы 130 мм. келген беш бурчтуужылдыз жана жарым айдын сурөтү түшүрүлүп, жогор жакты карап турат. Күжүрмөн туунун боосу учтарында сары (алтын) түстөгү эшилген экичачысы бар жалтылдак жибек жиптен даярдалат. Боонуп узундугу 2800миллиметр. Туунун боосу Күжүрмөн туунун учунун төмөнкү негизине боонунүчтөн эки катышы менен бекитилет. 3. Департаменттин Күжүрмөн туусу Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жанакамакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнчадепартаментинин Борбордук аппаратынын имаратында гербдүү мөөр басылганайнек капкактын астында секичеде сакталат жана Департаменттинишкердүүлүтү менен байланышкан салтанаттуу иш - чараларга алыныпчыгат. 4. Департаменттин символикалык белгиси көгүш түстөгү айлананынжогору жагында "Юстиция министрлиги", төмөн жагында "Кайтаруу жанакүзөтүү департаменти" деген жазуулар ак тамгалар менен жазылып, актүстөгү эки айлампа сызыктар жана ортолорунда кызыл түстөгү бешбурчтуу жылдызчалар менен чектелген. Айлананын ичинде боз-жашыл түстүү фондо жарым айлампа түрүндөберилген Кыргыз Республикасынын Туусунун фрагментинин жогору жагындасары түс менен "Кыргыз Республикасы" деген сөз жазылган. Туунун фрагментинин алдыњкы тарабында, арт жагында кайчыланышканкылычтары менен, кочкул-кызыл сызык менен кыйууланган, бөрктөлгөн бозтилкелүү, көгүлтүр түстөгү гералдикалык калкан жайгашкан. Калкандын ортосунда Кыргыз Республикасынын Гербинин фрагментинтиреген колонна көрсөтүлгөн. Колоннанын ортосуна тагылган кызыл түстактада алтын түстөгү тамгалар менен "Мыйзам" деген сөз жазылган.Колоннанын постаменти кыргыз элинин улуттук оймо-чиймелери мененкооздолгон. Колонна Мыйзамды символдоштуруп турат. Постаменттин алдында, калкандын ылдыйкы жагын жаба, көк түстөгүсызык менен чектелген кызыл тасма берилген. Бул кызыл тасмада сарытүстөгү түз тамгалар менен "Жазык аткаруу тутуму" деген сөз жазылган. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруужана күзөтүү департаментинин геральдикалык символика белгисиДепартаменттин Күжүрмөн туусунда, Департаменттин имараттарын жанааянттарын кооздоодо, мөөрлөрү менен штамптарында, документтикбланкаларында жана официалдык басмаларында, сыйлыктарында жанасувенирлеринде, Департаменттин аскердик техникаларында жана аскеркызматкерлеринин формалуу кийимдеринде колдонулушу мүмкүн, андансырткары, кээ бир учурларда, Департаменттин начальнигинин чечими мененколдонулат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жанакүзөтүү департаментинин геральдикалык символика белгиси агыш-каратүстө да сүрөттөлүшүнө да жол берилет. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруужана күзөтүү департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгисибашка мамлекеттик органдар тарабынан, юридикалык жана жеке жактартарабынан колдонулушу мүмкүн эмес. Алардын кандайдыр бир бурмалануусуна, бузулуусуна жана башка ушулсыяктуу иштерге жол берилбейт. Мындай иштерди жасаганы аныкталганкүнөөкөрлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтартышат.