Редакцияот 08.11.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 8-ноябры № 521                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын                  жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун                         жыйынтыктары жөнүндө      Кыргыз Республикасынын   Өкмөтү   Кыргыз   Республикасынын  аймагы2004-жылдын 1-январына карата 19995,1 мињ гектарды түзөөрүн белгилейт.     Отчеттук мезгилде республиканын жер фондун пайдаланууда категория-лар боюнча да,  жердин түрлөрү,  ошондой эле менчиктин формалары боюнчада өзгөрүүлөр болду.     Жер үлүшүн алууга укуктуу, бирок Кыргыз Республикасынын Жер кодек-си  колдонууга  киргизилген  учурда  ар кандай себептер менен аны албайкалган Кыргыз Республикасынын жарандарынын проблемаларын  чечүү  макса-тында,  "Айыл  чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жо-горку  Кењешинин  Мыйзам  чыгаруу  жыйыны  2004-жылдын  2-апрелинде З N1528-П "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө"токтомун кабыл алган. Натыйжада 14376 жаранга 4879,83 га жер үлүшкө бе-рилген,  анын ичинде сугат айдоо - 3957,43 га, кайрак айдоо - 862,7 га,чабындылар - 59,3 га.     Өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлердин эсепке алынышын  алардын  ишжүзүндөгү  пайдаланылышына  ылайык келтирүү үчүн Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Жалала-бат  облусундагы  Сузак  жана  Чаткал  райондорунун  айыл чарба жерининтрансформациялоо жөнүндө" токтому менен 2895,02 га  жер  трансформация-ланган, анын ичинде:     - анча баалуу эмес айыл чарба жерлерине - 1331,4 га;     - мелиорациялык даярдоо стадиясында турган жерлерге- 370,22 га;     - "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына - 1163,9 га;     - "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жа-на башка арналыштагы жерлер" категориясына - 29,5 га.     Талас облустук  мамлекеттик администрациясынын сунушунун негизиндеКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июнундагы № 436 "Ош об-лусунун Өзгөн районунда "Кара-Шоро" жана Талас облусунун Талас районун-да "Беш-Таш" мамлекеттик улуттук  жаратылыш  парктарын  түзүү  жөнүндө"Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-августундагы № 353 ток-томуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"  токтому  менен  18760  га  жер"Беш-Таш"  мамлекеттик  улуттук жаратылыш паркынын аймагынан чыгарылып,"Запастагы жерлер" категориясына которулган.     Республиканын жарандарынын  турак  жай  проблемаларын  чечүү  үчүн2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери  менен  1042,4  гажер,  анын ичинде 766 га сугат айдоо,  148 га кайрак айдоо,  көп жылдыкөсүмдүктөр турган 128 га жер жеке менчик турак жай куруу үчүн бөлүп бе-рилген.     2005-жылдын 1-январына карата республиканын жер фондундагы жерлер-ден  1221,9 мињ га жеке менчикте,  57,4 мињ га - муниципалдык менчикте,18715,6 мињ га- мамлекеттик менчикте турат.     2004-жылы Кыргыз Республикасында ар түрдүү себептер менен (шор ба-суу, сазга айлануу, суунун жетишсиздиги, үрөн, күйүүчү-майлоочу матери-алдарды алууга каражаттын жоктугу, алыстыгы, экономикалык жактан керек-сиздиги) 173,7 мињ га айдоо,  же республикада болгон бардык айдоонун 14проценти пайдаланылбай калган.     Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:     - Кыргыз  Республикасында  2005-жылдын  1-январына карата жерлердикатегориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепке алуунунжыйынтыктары;     - 2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Жер  фондунайыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.     2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча  башкаруу  органдары  короо  жанындагы  айдоолордун эсебин 2002-жылыжүргүзүлгөн каттоонун жүрүшүндө алынган иш жүзүндөгү абалга ылайык кел-тирүү  боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алышсын жана иштиктүү чаралардыкөрүшсүн.     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство, облустардын жана райондордунмамлекеттик  администрациялары  сугат айдоолор убактылуу канааттанарлыкэмес абалда турган шартта аларды анча баалуу эмес айыл чарба  жерлеринетрансформациялоо практикасын токтотушсун.     4. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай  министрлиги  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу Кыймылсызмүлккө укуктарды каттоо боюнча  мамлекеттик  агентство  менен  бирдиктежерлердин  күрдүүлүгүн арттыруу жана мелиорациялык абалын жакшыртуу бо-юнча сунуштарды аныкталган тартипте киргизсин.     5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство, облустардын жана райондордунмамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры жердин бардык түрлөрүнүн натыйжалуу жана  максаттуу  пайдаланылышынаконтролду күчөтүшсүн.     6. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын  агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                              Ф.Кулов