Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-ноябры № 522 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгек-чилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбо-оруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов 2005-жылдын 9-ноябры N 20-3/114 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституция-сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаттары Б.Мурзубраимов жана А.Марипов тарабынан демилгекөтөрүлгөн "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эм-гекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын дол-боорун карап чыгып, төмөнкүдөй себептер боюнча аны кабыл алуу ылайыксыздеп эсептейт. Бул мыйзам долбоордо оорукта иштеген (01.01.1926-ж. 01.01.1932-ж.чейин туулган) адамдарга, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш жылдарын-да улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарында кызмат өтөгөн аскеркызматчыларга жана алар менен чогуу жашаган эмгекке жараксыз үй-бүлөмүчөлөрүнө коммуналдык кызматтарга акы төлөөдө жана санаторийлик-ку-рорттук дарылоону камсыздоодо 50 процент өлчөмдө жењилдик берүү сунуш-талган. Сунушталган мыйзамдын долбоорун ишке ашырганда болуучу чыгымдардын2006-2012-жылдарга карата божомолу 117,7 млн. сомдон 849,2 млн. сомгочейин болот, же жылдар боюнча алганда төмөнкүдөй: - 2006-жылы 117,7 млн. сом; - 2007-жылы 185,1 млн. сом; - 2008-жылы 267,4 млн. сом; - 2009-жылы 388,0 млн. сом; - 2010-жылы 529,2 млн. сом; - 2011-жылы 687,6 млн. сом; - 2012-жылы 849,2 млн. сом. Республиканын 2006-жылга карата бюджетинин божомолунда ооруктунэмгекчилерине коммуналдык кызматтарды пайдаланганы үчүн акы төлөөдөэтаптуу жењилдик берүүгө чыгымдар каралган эмес. Республиканын 2006-жылга карата бюджетинин божомолу 3820,6 млн.сом өлчөмдөгү дефицит менен түзүлгөн. Мамлекеттик бюджеттин дефицити чоњ болгонуна карабастан, пенсиянынбазалык бөлүгүн 2006-жылдын 1-январынан баштап 13,2 проценткекөбөйтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун дефи-цитин жабуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан Социалдык фонд-го 143,0 млн. сом суммада субвенция берүү каралган (керектөө 212,2 млн.сом). Мындан тышкары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен,Керектөөнүн гарантияланган минимум дењгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жолуменен аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга мамлекеттик пособиенин өл-чөмү орточо 25 процентке көбөйтүлүп жатат. Мамлекеттик пособиенин өлчө-мүн көбөйтүүгө кошумча 278,5 млн. сом акча керек. Ошондой эле 2006-жылы социалдык чөйрөдөгү эмгек акысы Бирдиктүүтарифтик торчого ылайык эсептелчү кызматкерлердин эмгек акыларынкөбөйтүү болжолдонуп жатат. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен ко-шумча 600 млн. сом керек болот. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана республиканын финансы-лык-экономикалык абалын эске алганда, сунушталган Мыйзамдын долбоорункабыл алуу ылайыксыз деп эсептейбиз. Премьер-министр Ф.Кулов