Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 15-ноябры N 528 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Өзгөчө тергөөчү-оперативдүү топ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары К К.Имана-лиев жана И.А.Масалиев тарабынан демилге кылынган "Өзгөчө тергөөчү-опе-ративдүү топ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркел-ген корутундунун негизинде макулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов 2005-жылдын 15-ноябры N 24-57/11 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Өзгөчө тергөөчү-оперативдүү топ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаттары К.К.Иманалиев жана И.А.Масалиев тарабынан демилгекылынган "Өзгөчө тергөөчү-оперативдүү топ жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзам долбоорун карап чыгып аны кабыл алуу төмөнкүдөй корутундунуннегизинде мүмкүн деп эсептейт. Мыйзам долбоорунда өзгөчө тергөөчү-оперативдүү топ укук коргоо ор-гандарынын кызматкерлеринен туруучу жыйынтык подразделение түрүндөтүзүлөт. Топтун статусун кош чечмелөөнү болтурбоо максатында өзгөчөтергөөчү-оперативдүү топ юридикалык жак болуп саналбай тургандыгын, алэми кызматкерлерге берилген ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын тие-шелүү укук коргоо органдарына алардын ведомстволук тийиштүүлүгүнүн чек-теринде берилгендигин көрсөтүүнү зарыл деп эсептейбиз. Мыйзам долбоорунда топтун курамына жиберилген укук коргоо органда-рынын кызматкерлеринин иш орду жана жењилдиктери каралгандыктан алардынушул топто иштөө мезгилин аныктоо зарыл. "Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына ылайык Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын проку-ратура органдарынын көзөмөлдөө укуктарын чагылдыруу талап кылынат. Премьер-министр Ф.Кулов