Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-ноябры, №532 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын бийиктоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жана жоиомикалык иш- аракст жүргүзгон юридикалык жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макул эместиги тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьяcынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.А.Султановтарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жанаалыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жанаэкономикалык иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жаиа жеке жактаргамамлекеник колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов 17-ноябры 2005-ж., №20-57/2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жана экономикалык иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий корутунду берүү үчүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининдепутаты М.А.Султанов тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынынбийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштардатуруктуу жашаган жана экономикалык иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жанажеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып ага төмөнкүдөй негиздербоюнча макулдук бере албайт. Мыйзам долбооруна негиздемеде проценттик ставкаларды компенсациялооүчүн зарыл бюджеттик каражаттардын эсептөөлөрү жок. Депутаттардындемилгелерине байланыштуу соњку убактарда алыстыгы жана бийик тоолууэкендиги үчүн коэффициенттери бар калктуу конуштардын саны көбөйүпкеткен жана азыркы убакта ал 728ди түзөт. Бул республикалык бюджеткеоорчулуктун көбөйүшүнө алып келет. Алсак, мисалы 2004-жылы республикабоюнча жеке адамдарга гана берилген кредиттер 1,8 млрд. сомду түзгөн,алар боюнча проценттик ставкаларды жоюу үчүн кеминде 360 млн. сомталап кылынат. Өлкөнүн бардык калктуу конуштарынын тењине жакынынтүзгөн 728 калктуу конуш үчүн (2002-жылы алар 1873 болчу) да кыйлакаражаттар керек. Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда "Банктар жана банк ишмердигижөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 6-статьясында аныкталганбанктардын көз каранды эместиги бузулат, атап айтканда: «1. Кыргыз Республикасынын банктары өз иш-аракеттерин аларга ушулМыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларыменен берилген компетенциянын чектеринде өз алдынча уюштурат жанажүргүзөт. 2. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызматадамдарына банктык иш-аракетке байланыштуу маселелерге чечуүгө аркандай түрдө кийлигишүүгө тыюу салынат.». «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштегенадамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй жењилдиктеркаралган: - жер салыгын төлөө боюнча - баштапкы ставканын 50% өлчөмүндө; - суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жењилдетилген тарифтер; - тиричилик муктаждыктары үчүн калк тарабынан колдонулуучу электрэнергиясы үчүн - колдонуудагы тарифтердин дењгээлинин 50% өлчөмүндө. Ошондой эле бюджеттик каражаттардын чектелүү экендигине жана 4052,0млн. сомду түзгөн бюджеттин тартыштыгына байланыштуу республиканынбийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштардатуруктуу жашаган жана экономикалык иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жанажеке жактарга берилүүчү кредиттер боюнча проценттик ставканынортосундагы айырмачылыктарды төлөөгө каражаттар мүмкүндүк бербейт. Премьер-министр Ф.Кулов