Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-ноябрындагы № 533 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Мињбулак айылдык кењешинин Өрнөк участкасына жана Четнура айылдык кењешинин Төшбулак участкасына айылдын статусун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүштүрүүнү оптимал-даштыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын райо-нунун Мињбулак айылдык кењешинин Өрнөк участкасына жана Четнура айылдык кењешинин Төшбулак участкасына айылдын статусун берүү жөнүндө Четнура айыл-дык, Мињбулак айылдык жана Нарын районунун жана Нарын облусунун кењеште-ринин сессияларынын чечимдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөргө макулдук берилсин: - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Мињбулак айыл-дык кењешинин Өрнөк участкасына жана Четнура айылдык кењешинин Төшбулак айылдын статусун берүү жөнүндө Мињбулак айылдык, Четнура айылдык Нарын районунун жана Нарын облусунун кењештеринин сессияларынын чечимдерине; - "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Мињбулак айылдык кењешинин Өрнөк участкасына жана Четнура айылдык кењешинин Төшбулак участкасына айылдын статусун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароо-суна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлү жогоруда аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов