КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 24-ноябры №535 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун администрациялык борборун Токмок шаарынан Бишкек шаарына көчүрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселелерди иликтөө тууралуу Чүй облусунун администрациялык борборун Токмок шаарынан Бишкек ша-арына көчүрүү жөнүндө акыркы убакта Чүй облусунун жашоочуларынан каттүрүндөгү кайрылуулар келип жаткандыгына байланыштуу, ошондой эле Чүйоблусунун администрациялык борборун көчүрүүнүн максатка ылайыктуулугужөнүндө маселени ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүдөй курамда республикалык комиссия түзүлсүн: Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премь- ер-министринин милдетин аткаруучу, комиссия- нын төрагасы; Жапаров А.У. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, комиссиянын төрагасынын орун баса- ры; Коеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жетекчиси - министр, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-секретары; Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринин биринчи орун басары; Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму- никациялар министринин биринчи орун басары; Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төра- гасы; Кулмурзаев Т.Н. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация баш- чысы - губернатор; Алыбаев А Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш баш- каруучусунун орун басары (макулдашуу боюнча); Жолдошев А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый- мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамле- кеттик агентствонун директору; Кармышев У.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты- нын мамлекеттик кызмат жана региондук өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; Асанкожоева З.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгынын начальни- ги; Цой Ман-Су - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкарма- лыгынын начальниги; Орозбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик прог- раммаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын начальниги. 2. Республикалык комиссия бир айлык мөөнөттө Чүй облусунун адми-нистрациялык борборун Токмок шаарынан Бишкек шаарына көчүрүү жөнүндөмаселелерди иликтеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тие-шелүү сунуш киргизсин. Премьер-министр Ф.Кулов