Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 25-ноябры № 538
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-майындагы № 234,
2010-жылдын 27-августундагы № 179 ,
2012-жылдын 30-октябрындагы № 753
2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин 2005-жылдын 23-июнундагы чечими менен бекитилген Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык жана Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташууну активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышын контролдоо Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы N 753, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-техникалык кызматташтык, экспорттук контроль жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги;
"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
"Ак-Марал" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Айнур" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
"Hуp" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Полигон" жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Майлуу-Суу электр лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2005-жылдын 25-ноябры № 538
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 234,2010-жылдын 27-августундагы № 179 , 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин 2005-жылдын 23-июнундагы чечими менен бекитилген Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык жана Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташууну активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышын контролдоо Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ