Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 2-декабрындагы № 549 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Айыл чарба субъекттеринин бюджеттик кредиттик карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү токтом кылат: 1. "Айыл чарба субъекттеринин бюджеттик кредиттик карыздарынэсептен чыгаруу жөнүндӨ" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунатиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин: 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунажиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү ӨнӨржай министри жогоруда кӨрсӨтүлгөн мыйзам долбоорун КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз РеспубликасынынӨкмӨтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнӨр жай комплекси жана кайраиштетүүчү Өнөр жай бөлүмүнӨ жүктӨлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Айыл чарба субъекттеринин бюджеттик кредиттик карыздарын эсептен чыгаруу жӨнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин АгроөнӨр жай комплекси жана экология комитетинин тӨрагасыС.Ш.Жеенбеков тарабынан демилге кылынган "Айыл чарба субъекттерининбюджеттик кредиттик карыздарын эсептен чыгаруу жӨнүндӨ" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана КыргызРеспубликасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликкеалуу менен аны кабыл алуу төмӨнкүдӨй түзӨтүүлӨрдү эске алуу мененмүмкүн деп эсептейт. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу айыл чарба субъекттерининфинансылык-экономикалык абалын жакшыртууга, жүгүртүү каражаттарынтоптоо жана тиешелүү түрдӨ айыл чарба продукциясын Өндүрүү кӨлӨмүнарттыруу үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү ӨнӨр жайминистрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансыминистрлигинин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынтакталгап маалыматтары боюнча жер жана агрардык реформаны жүргүзүүнүнкесепетинен өз ишин токтоткон айыл чарба субъекттердин карыздарынынкалдык суммасы 2005-жылдын 1-сентябрындагы абал боюнча 222,0 млн.сомду (№1 тиркеме), айыл чарба заемчуларынын бүткөн карыздарынынсуммасы (1992-2004-жылдар) - 11,6 млн. сомду (№ 2 тиркеме) түзӨт. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптерижӨнүндӨ" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 15-статьясына ылайыкреспубликалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча карыздарды эсептенчыгаруу жӨнүндӨ чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши мененмакулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү тарабынан кабыл алынатургандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү "Айыл чарбасубъекттеринин бюджеттик кредиттик карыздарын эсептен чыгаруу жӨнүндӨ"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-статьясын тӨмӨнкүдӨйредакцияда берүүнү сунуш кылат: "1-статья. 2005-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча тӨмӨнкүлӨрдүнбюджеттик кредиттик карыздары Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү бекиткентизмеге ылайык эсептен чыгарылсын: - жер жана агрардык реформа жүргузүүнүн кесепетинен Өз иштеринтоктоткон айыл чарба субъекттеринин; - ӨлгӨн айыл чарба заемчуларынын карыздары". Премьер-министр Ф.Кулов