Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мынданары - Министрлик) калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кыр-даалдан коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу,өндүрүштүн технологиялык, техникалык коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү,өрт көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагындагы милдеттерди чечүү боюнча иш мил-деттерди ишке ашыруучу аткаруучу мамлекеттик бийликтин борбордук органыболуп саналат. 2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жа-на буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыла-рын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Министрлик өз ишин башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер,администрациялык ведомстволор, эларалык жана өкмөттүк эмес уюмдар менентикелей жана ведомстволук баш ийүүдөгү органдары аркылуу өзара аракет-тенүү менен жүргүзөт. 4. Министрликти каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын,өзгөчө кырдаалды жоюу фондуна чегерүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактарданжүргүзүлөт. 5. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн айырмалоо бел-гилерине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жанааталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрүнө, штампына ээ,Кыргыз Республикасынын: Экономика жана финансы министрлигинин Борбордукказначылыгында эсеп-кысабы жана башка эсептери болот. II. Министрликтин максаттары жана милдеттери 6. Министрликтин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: - калкты жана аймактарды табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчөкырдаалдардан коргоо, жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрткөзөмөлү жана өрт өчүрүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштепчыгуу жана жүзөгө ашыруу; - калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иштижана өзгөчө кырдаалдардын алдына алуу жана жоюунун бирдиктүү мамлекет-тик системасынын чегинде мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ишинбашкаруу жана уюштуруу; - коркунучтуу өндүрүштүк объекттерде кыйроолордун, өндүрүштүк мер-тинүүнүн алдын алуу; - жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды эртелеп алдын алуу систе-масы, экономика объекттеринин туруктуу иштешин жогорулатуу, өзгөчө кыр-даалдардан, өрттөн, өнөржай жана өндүрүштүк коркунучтардан коргоонуннатыйжалуу ыкмалары жагында илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордукиштерди жүргүзүү. 7. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - коркунучтуу табыгый, техногендик процесстерге жана кубулуштаргамониторинг жүргүзүүнү жана болжолдоону ишке ашыруу, өзгөчө кырдаалдар-дын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жана оорчулуктун масштабыжана даражасы боюнча аларга баа берүү; - жарандык коргонуунун, мамлекеттик өрткө каршы кызматтын башкарууоргандарын, күчүн жана аскерлерин калкты жана аймактарды табыгый жанатехногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чаралардыжүргүзүүгө туруктуу даярдыкта кармоо; - республиканын аймагында технологиялык, техникалык жана өнөржайкоопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жана коркунучтуу өндүрүштөр мененобъекттерге тоо-кен көзөмөлүн уюштуруу жана жүргүзүү; - гидрометеорологиялык жана агрометеорологиялык божомолдордун бар-дык түрлөрүн түзүү жана өркүндөтүү. III. Министрликтин иш-милдеттери 8. Министрликтин негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарданкоргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеоро-логиялык, технологиялык, техникалык жана өндүрүштөгү өнөржай коопсузду-гу жана тоо-кен көзөмөлү, мамлекеттик өрткө каршы кызмат жагында башка-руунун бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүү; - четөлкөлөр жана эларалык уюмдар менен кызматташуу боюнча мамле-кеттик саясатты жүргүзүү, калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгүөзгөчө кырдаалдардан коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандыккоргонуу, гидрометеорологиялык, технологиялык, техникалык жанаөндүрүштөгү өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү, мамлекеттикөрткө каршы кызмат жагында өкмөттөр аралык жана мамлекеттер аралык ма-кулдашууларды, келишимдерди, конвенцияларды аткарууну камсыз кылуу. Ми-нистрликтин алдына коюлган милдеттерди аткарууну камсыз кылуу максатын-да инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушкиргизүү; - калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарданкоргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеоро-логиялык, технологиялык, техникалык жана өндүрүштөгү өнөржай коопсузду-гу жана тоо-кен көзөмөлү, мамлекеттик өрткө каршы кызмат маселеси боюн-ча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана илим-изилдөө иштерин жүргүзүү,ошондой эле кадрларды даярдоо жагында башка мамлекеттик органдар жанауюмдар менен өзара аракеттенүү; - калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарданкоргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеоро-логиялык, технологиялык, техникалык жана өндүрүштөгү өнөржай коопсузду-гу жана тоо көзөмөлү, мамлекеттик өрткө каршы кызмат жагында ченемдикукуктук актыларды иштеп чыгуу жана конференцияларды, семинарларды, кон-курстарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен би-лимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана жарандык коргонуужагында Министрлик: - Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусуна даярдык көрүү Пла-нын иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министринин бекитүүсүнө берет; - коркунучтуу табыгый процесстерге мониторинг жүргүзөт, коркунуч-туу табыгый кубулуштардын мүмкүн болуучу активдешүүсүнө кыска мөөнөттүүжана узак мөөнөттүү божомолдорун, министрликтер, ведомстволор, жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишканалар жана уюмдар милдеттүүтүрдө аткара турган жазма буйруктарды даярдайт жана берет; - адамдардын өмүрүн жана денсоолугун, материалдык жана маданийбайлыктарды коргоо, ошондой эле экономиканын жана социалдык чөйрөнүнтармактарынын өзгөчө кырдаалдарда туруктуу иштешин жогорулатуу макса-тында кызыкдар уюмдар менен бирдикте илим-изилдөө жана тажрыйба-конс-труктордук иштерди уюштурат; - Министрликтин региондук жана аймактык түзүмдөрү менен бирдиктежарандык коргонуунун иш-чараларын жүргүзүүнү уюштурат; - Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусунун кабарлоо жана бай-ланыш мамлекеттик системасынын иштешине жетекчилик кылат; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өзгөчөкырдаалдар коркунуч келтирген жана келип чыккан шартта аракеттенүүгөдаярдык көрүү планын иштеп чыгууга түздөн-түз жетекчилик кылат; - өтө коркунучтуу объекттерге байкоо жүргүзүү жана лабораториялыкконтролдоо тармагына кирген уюмдардын, региондук, аймактык, ведомство-лук жана функциялык системалары менен звенолорунун ишин координация-лайт; - жарандык коргонуу күчтөрүнүн курамын аныктайт, алардын курамындатуруктуу даярдыктагы күчтөрдү, кыйроодон-куткаруучу кызматтарды түзөт,алардын өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдыгын камсыз кылууну уюш-турат; - жарандык коргонуунун жетекчисин, командалык-башкаруучу курамын,мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, кызмат адам-дарын, анын ичинде келишимдик негизде даярдоону жана окутууну уюштуратжана өткөрөт, калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдайт; - заказдарды түзөт, аларды уюмдарга жайгаштырат, келишимдердитүзүүнү уюштурат жана Министрликтин кыйроодон-куткаруучу түзүлүштөрүн,аскердик бөлүктөрүн жана мекемелерин жабдуу үчүн жабдууларды, механизм-дерди, материалдарды жана башка мүлктү даярдоону жана берүүнү каржы-лайт; - алдын алуу, кыйроодон-калыбына келтирүү иштеринин программаларынжана мониторингдин натыйжасы жана тийиштүү мамлекеттик органдардын че-чимдери, директивалык документтер боюнча корутундулардын, рекомендация-лардын негизинде башка иш-чараларды түзөт; - Министрликтин балансында турган консервацияланган калдык сакта-луучу жайларга жана кен шилендилерине көзөмөлдүк жүргүзөт; - курулуш, оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө жана матери-алдык ресурстардын колтийбес запастарын түзүүдө товарларды, берүүгө, ишаткарууга жана кызмат көрсөтүүгө (бөөдө кырсыктын, кыйроолордун, алаа-маттардын кесепеттерин жоюуда куткаруучу жана башка кечиктирилгис иш-терге, ошондой эле биринчи кезектеги коргоо жана кыйроодон-калыбынакелтирүү иштерине байланышкан сатып алуулардан тышкары) Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык тендер өткөрөт; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте өзгөчөкырдаалдын аймагындагы жапа чеккен калктын жашоо-турмушун биринчи ке-зекте камсыз кылууну уюштурат; - өзгөчө кырдаалдын залалдарын жоюу жана жапа чеккен калкка акысызматериалдык жардам көрсөтүү үчүн башка өлкөлөрдөн жана эларалык уюмдар-дан келген гуманитардык жардамды кабыл алат жана бөлүштүрөт; - өзгөчө учурларда пайдалануу үчүн материалдык ресурстардын колтийбес запасын түзөт; - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кыйроодон-куткаруужана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон күч жанакаражаттардын санын аныктайт, аларды кырсык болгон аймактарга жайгашты-рууну уюштурат, кырсык болгон аймактардан калкты көчүрүү жана аларгабиринчи кезектеги жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары-нын жана коомдук уюмдардын аракеттерин координациялайт; - жарандык коргонуунун региондук жана аймактык түзүлүштөрүн, кут-каруучуларды, коомдук уюмдарды жана жарандарды, уюмдарды, ишканалардыжана менчигинин түрүнө карабастан алардын техникалык каражаттарын кый-роодон-куткаруу, кыйроодон-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө, өзгөчөкырдаалдын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларга белгиленген тартип-те тартат; - калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарданкоргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, өзгөчө кырда-алдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, кырсык болгондожардам көрсөтүү менен байланышкан маселелер жагында эларалык кызматташ-тыкты жүргүзөт, бул багытта эларалык тажрыбаны үйрөнүүнү, жалпылоонужана жайылтууну уюштурат; - кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан кыйроодон-кутка-руучу бөлүмдөрдү (түзүлүштөрдү) даярдоо программасын иштеп чыгууну ко-ординациялайт жана макулдашат, белгиленген тартипте кыйроодон-куткаруу-чу бөлүмдөрдүн (түзүлүштөрдү), диспетчердик жана нөөмөттүк кызматтардынкызматкерлерин, куткаруучуларды, ыктыярдуу куткаруучу уюмдарды(түзүлүштөрдү) сертификат берүү менен аттестациялайт. Адамдардын өмүрүнкоргоо жана сактоо жагындагы коомдук уюмдарды, окуу-жайларын аккредита-циялайт; - ири кыйроолордун, алааматтардын жана бөөдө кырсыктардын кесепет-терин жоюу, бул максаттар үчүн зарыл болгон жарандык коргонуунункүчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана даярдыгын камсыз кылуу боюнча иш-ти координациялайт; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-домстволор менен бирдикте мобилизациялык резервдин материалдык байлык-тарын топтоонун номенклатурасын жана ченемин иштеп чыгат жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берет; - жарандык коргонуунун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-дин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү өзалдынча башка-руу органдарынын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо бо-юнча иш-чараларды башкарууну жана алардын аракеттерин координациялайт; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу жа-гында мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Жарандыккоргонуу планын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти-нин бекитүүсүнө киргизет; - калкты коргоочу курулуштар, жеке, медициналык коргоо каражаттарыжана жарандык коргонуунун экинчи топтогу мүлкүнүн башка түрлөрү мененкамсыз кылуу боюнча иш-чараларды координациялайт; - жарандык коргонуунун талаптарын сактоо жана республиканын чарбажүргүзүүчү субъекттеринин мобилизациялык даярдыгын жагында калктуу ко-нуштарды жана объекттерди куруунун долбоорлоруна мамлекеттик экспертизаөткөрүүгө катышат; - жарандык коргонуунун аскерлеринин жана аймактык башкаруу орган-дарынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат; - башкаруу пунктун, калкка табыгый жана техногендик мүнөздөгүөзгөчө кырдаалдын коркунучу жана келип чыгышы жөнүндө байланыш жана ка-барлоо системасын жана каражаттарын түзөт жана туруктуу даярдыкта кар-мап турат; - кызыкдар министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өзалдынча баш-каруу органдары менен көчкүнү мажбурлап көчүрүү боюнча иштердижүргүзүүнү уюштурат; - Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргызстан келишимжана макулдашуу түзгөн башка мамлекеттердин аймагында издөө-куткаруужана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча кечиктирилгис башка авариялык иш-терди уюштурат жана жүргүзөт; - кыйроо очокторунда, булгануу жана алааматтык суу каптоо зонала-рында, ошондой эле аларга баруучу маршруттарда радиациялык, химиялыкжана спецификалык эмес бактериологиялык (биологиялык) чалгындоожүргүзүүнү уюштурат; - калкты санитардык тазалоо, техника жана мүлктөрдү атайын таза-лоо, имараттарды, курулуштарды жана аймактарды зыянсыздандыруу боюнчаиш жүргүзүүнү уюштурат; - жарандык коргонуунун аскердик бөлүктөрүн жайылтууга жана кутка-руучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө арналган курал-жарак-тарды, техниканы жана башка каражаттарды топтойт, жайгаштырат, сактайтжана жањылайт; - аргасыз жер которгондорду (качкындарды) кабыл алууга пункттардытүзөт жана даярдыкта кармайт; - калкты жашоого коркунучтуу зоналардан көчүрүү боюнча эвакуация-лык органдардын ишин уюштурат; - өзгөчө кырдаалдардын районуна гуманитардык жардамдын жүктөрүнжеткирүүнүн сакталышын камсыз кылат; - Министрликтин кызматкерлерин коргоого жана денсоолугун чыњдоого,ошондой эле мыйзам менен аларга тењештирилген категориядагы жарандардынденсоолугун коргоо жана медициналык жардам берүүгө багытталган алдыналуу, дарылоо, санитардык-курорттук, денсоолукту чыњдоо жана реабилита-циялык иш-чаралардын комплексин жүргүзөт; - бардык суу-кайтаруу зонасын, айыл чарба аянттарын жана айылдыккалктуу конуштарды селден, ташкындан жана башка зыяндуу суулардан кор-гоону, селден коргоо курулуштарын курууну камсыз кылган иш-чаралардыиштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - бөөдө кырсыктын алдын алуу жана анын залалдарын жоюу боюнча иш-терди аткарат; - белгиленген көлөмдүн чегинде селден коргоочу курулуштарды долбо-орлоо, куруу жана эксплуатациялоо жагында илимий-техникалык саясаттыжүргүзөт; - айылдык калктуу конуштарды жана айыл чарба аянттарын коргоонукамсыз кылган инженердик курулуштарды долбоорлоо жана куруу боюнча за-казчынын милдетин жүктөө менен аларды эксплуатациялоону жана техникалыкжактан тейлөөнү камсыз кылат; - Министрликтин карамагында турган дарыялардын жээгинде колдо барселден коргоочу курулуштарды жана жабдууларды эксплуатациялоонужүргүзөт; - селден коргоочу курулуштарды курууну аткарат, жыл сайынбөлүнүүчү каржылоонун көлөмүндө жана белгиленген тартипте бекитилгендолбоордук-сметалык жана башка ченемдик-техникалык документациянын не-гизинде бөөдө кырсыктардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюу боюнчаишти аткарууну изилдөө, иликтөө, долбоордук, курулуш-монтаждоо жанаэксплуатациялык иштердин бүткүл комплекси менен камсыз кылынат. Гидрометеорология жагында Министрлик: - метеорологиялык, гидрологиялык, кар көчкүлөрүнө, гляцияологиялыкжана агрометеорологиялык шарттарга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жа-йыттардагы өсүмдүктөрдүн абалына, жер үстүндөгү суулардын булганышына,кыртышка, атмосфера абасына, анын ичинде радиациялык кырдаалды жанаКыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү максатында маалыматтарды чогул-туу, талдоо жана аларды жалпылоону камсыз кылууну камтуу менен туруктуукөз салып турат; - аба ырайынын, суулардын агамынын, суу сактагычтарга суулардынкиришинин, көчкүлөрдүн абалынын божомолун, айыл чарба өсүмдүктөрүнүнтүшүмүнүн фенологиялык божомолун, гидрометеорологиялык капилет кубулуш-тар жана курчап турган чөйрөнүн булганышынын өзгөчө жогору дењгээлижөнүндө эскертүүлөрдү түзөт; - гидрометеорологиялык байкоонун улуттук системасын өнүктүрүүнүжана өркүндөтүүнү, маалыматтардын улуттук фондун түзүүнү камсыз кылат; - пайдалуу кендерди, мунай жана газ скважиналарын иштетүү боюнчаишканаларды жоюуда жана консервациялоодо кен байлыктарын пайдалануучу-лар аткара турган иштердин коопсуздук жагындагы техникалык талаптарынаныктайт; - коркунучтуу өндүрүш объектеринин кызматкерлерин (негизги кесип-тердин) даярдоонун жана алардын технологиялык, техникалык жана өнөржайкоопсуздугунун маселеси боюнча билимдерин текшерүүнүн тартибин белги-лейт жана алардын сакталышына контролдук кылат; - турак үйлөрдө тиричиликтик газ жабдууларын жана тиричилик уюмда-рындагы газ жабдууларын эксплуатациялаган адистештирилген кызматтардынал жабдуулардын техникалык абалына жана коопсуз эксплуатацияланышынкамсыз кылууга контролдук кылуу ишине методикалык жетекчиликти, ошондойэле газ көзөмөлүнүн жана отканаларга көзөмөл кылган ведомстволук инс-пекцияларга методикалык жетекчиликти жүргүзөт; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-лык ведомстволордун мамлекеттик, ал эми зарыл болгон учурда эларалыкстандарттардын жана башка ченемдик документтеринин долбоорлорун иштижүргүзүүнүн коопсуздугунун талаптарына ылайык келүү жагын, коркунучтууөндүрүш объектеринде колдонулган техникалык жабдуулардын түзүлүшүн жанаэксплуатацияланышын карайт жана макулдашат; - коркунучтуу өндүрүш объектеринде жана сыноо лабораторияларындаколдонулган техникалык жабдуулардын өзгөчөлүгүн жүргүзгөн уюмдарды ка-лыптандырууга жана аккредитациялоого белгиленген тартипте катышат; - коркунучтуу өндүрүш объектеринде колдонулган милдеттүү түрдөсертификациялоого жаткан техникалык жабдуулардын Тизмесин түзөт; - кен казуу, бургулоо, жардыруу, маркшейдердик, электромеханика-лык, металлургиялык, кен ылгоо, өрт коркунучу, газ коркунучу бар жанабашка коркунучтуулугу жогору болгон иштерге жетекчиликке жол берүүнүнтартибин аныктайт. Мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагында Министрлик: - өрт коопсуздугу боюнча стандарттардын, ченемдердин, эрежелердинжана башка ченемдик, техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгатжана макулдашат; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын, юриди-калык жана жеке жактарынын өрт коопсуздугунун талаптарын сакташына мам-лекеттик көзөмөлдүктү жүргүзүүнү уюштурат; - өрт коопсуздугу жагында бирдиктүү илимий-техникалык саясаттыжүргүзүүнү уюштурат; - таламдаш органдар менен бирдикте товарлардын, иштердин, кызматкөрсөтүүлөрдүн өрт коопсуздугуна контролдук кылууну уюштурат (сертифи-кациялоо); - ыктыярдуу өрткө каршы күрөшүүчү коомдорду жана түзүлүштөрдүтүзүүгө, чыњдоого жана ар тараптан өнүктүрүүгө көмөктөшөт; - өрт өчүрүүнү жана аны менен байланышкан куткаруу иштерин уюшту-рат жана жүзөгө ашырат; - аткаруу бийлиги, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жанаишканалар менен бирдикте алардын күчтөрүн жана каражаттарын ириөрттөрдү өчүрүүгө катышуу үчүн тартуу тартибин белгилейт, бул күчтөрдүнжана каражаттардын даярдыгын контролдойт; - өрткө каршы мамлекеттик кызматтын кадрларын даярдоону жана кайрадаярдоону, алардын квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорула-тууну уюштурат жана жүзөгө ашырат, окуу процессин программалык-методи-калык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат; - өрткө каршы техниканы, өрт өчүрүүчү каражаттарды сыноонужүргүзүүнү, өрт коркунучу жагынан заттарды, материалдарды, буюмдарды,жабдууну, конструкцияларды сыноону жүргүзүүнү уюштурат; - эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашырат. IV. Министрликтин укуктары жана милдеттери 9. Министрлик өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерине ылайык төмөнкүлөргөукуктуу: - өзүнүн компетенциясынын чектеринде Министрликтин, бардык юриди-калык жана жеке жактар аларды аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укук-тук актыларын жана башка чечимдерин кабыл алууга; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Министрликтин компетенциясынакирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-рыньш башчыларынын, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин отчетторунугуу, министрликтердин, мамлекетгик комитеттердин, администрациялык ве-домстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын колдону-луп жаткан мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жана ченемдикактыларын алып салуу жөнүндө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жанааларды жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеорология, өндүрүштүн коопсуз-дугу жана кен, өрт көзөмөлү, өрттү өчүрүү жагынан колдонулуп жатканКыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле колдонуудагы ченемдер-ди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн министрликтердин,мамлекеттик комитеттердин, жана администрациялык ведомстволордун жетек-чилерин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарынын башчыларын, чарба жүргүзүүчү субъект-тердин жетекчилерин белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндөсунуштарды киргизүүгө: - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу, жарандык кор-гонуу, гидрометеорология, өндүрүштүн технологиялык, техникалык жанаөнөржайлык коопсуздугу жана кен көзөмөлү, өрткө каршы мамлекеттиккөзөмөл, өрттү өчүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардындолбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү; - Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча минист-рликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволор-дун, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин отчетторун коллегиянын жы-йындарында угуу; - администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карап чыгуу, күнөөлүүадамдарга айып салууну жана башка администрациялык жазаларды колдонуу,зарылчылык болгон учурда күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тар-туу үчүн иштерди укук коргоо органдарына белгиленген тартипте берүү; - сот органдарында доочу жана жоопкер катарында чыгуу; - колдонуудагы мыйзамдарды, стандарттарды, ченемдерди жана эреже-лерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан объекттерди курууга, реконс-трукциялоого, кењейтүүтө же техникалык жактан кайра жабдууга жана башкаиштерге тыюу салуу; - эгерде иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, лицензияларды(уруксатты) бузуу менен жүзөгө ашырылса же адамдардын өмүрүнө, денсоо-лугуна, курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирсе, кайсы ведомствого та-андык экендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын же баш-ка объекттердин ишине тыюу салуу, убактылуу токтотуу, ошондой эле мын-дай иштерди каржылоону токтотуу жөнүндө тиешелүү органдарга сунуштардыдаярдоо; - колдонулуудагы ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгөашырылган коркунучтуу жүктөрдү (буюмдарды), чийки ресурстарды ташыпкелүүгө, ошондой эле транзитине (андан ары ташылышына) тыюу салуу; - Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча зарыл маалыматтар-ды (маалыматты, анын ичинде статистикалык отчеттуулукту, шашылыш кабар-ларды) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялыкведомстволордон, юридикалык жана жеке жактардан суратуу жана алуу; - чарбалык же башка ишти негиздеген келишимдерди, контракттарды,макулдашууларды жана документтердин башка түрлөрүн Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык түзүү; - бүткүл жыл ичинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда объект-терди куруу боюнча Министрликтин ишинин жана кыйроодон-калыбына кел-тирүү иштеринин программасына (планына) өзгөртүүлөрдү киргизүү; - өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө, өрт коопсуздугу, калкты жана ай-мактарды, материалдык жана маданий дөөлөттөрдү коргоого даярдык көрүү,кыйроолор, апааттар жана жаратылыш кырсыктары келип чыккан учурда эко-номиканын жана социалдык чөйрөнүн тармактарынын объекттеринин туруктууиштешин камсыз кылуу боюнча биринчи кезектеги, алдын алуучу иштерди ат-каруу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдүжана милдеттендирүү каттарын министрликтерге, ведомстволорго жана жер-гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабас-тан юридикалык жана жеке жактарга берүү; - издөө, кыйроодон-куткаруу жана калыбына келтирүү иштеринин, өртөчүрүүнүн, өзгөчө кырдаалдар зоналарында жүргүзүлүүчү иштердин учурундажана коркунучтуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштардыиликтөө учурунда кызматкерлерди опурталдуу учурлардан жана ажалдан кам-сыздандыруу; - белгиленген тартипте бекитилген таануу белгилери, сигнализацияжана байланыш каражаттары менен жабдылган атайын транспорт каражаттары-на ээ болуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-кеттик резервдин материалдык байлыктарын жана гуманитардык жүктөрдүтранспорттун ар кандай түрлөрү менен алымдарды жана жыйымдардын башкатүрлөрүн төлөбөстөн ташуу; - байланышуу жана маалыматты берүү үчүн байланыштын республикалыксистемаларын жана ведомстволук тармактарын, анын ичинде аскердик коман-далык органдарынын байланыш тармактарын артыкчылыктуу тартипте пайдала-нуу; - кењири аймактарды камтыган ири масштабдуу кыйроолордун, апаат-тардын жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иштергежетекчилик кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өзарааракетте түздөнтүз жүзөгө ашыруу; - өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу учурун-да кырсык зоналарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганоргандар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык чараларды көрүү; - аймактык башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча башка реги-ондордон туруктуу даярдыктагы жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражат-тарын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча аракеттерге тартуу жөнүндө чечимкабыл алуу; - менчигинин түрүнө карабастан уюмдар менен мекемелердин аймагындатурган калкты, күчтөрдү жана каражаттарды тартуу менен райондук, шаар-дык мамлекеттик уюмдар алдын алуучу жана калыбына келтирүүчү иштердиуюштурушу үчүн материалдык ресурстарды акысыз бөлүү жана алар максаткаылайык колдонулушуна контролдук кылуу; - жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен үйбүлөлөргө Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык материалдык жардам көрсөтүү; - биринчи кезекте калыбына келтирүү иштерине багытталган, пайдала-нууга берилбей турган чыгымдарды жокко чыгаруу; - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жана алдын алуучу ишча-раларга чыгымдалуучу, каржылоонун бардык булактарынан келип түшкөн ма-териалдык-техникалык жана финансылык ресурстардын, анын ичинде мамле-кеттик жана мобилизациялык материалдык резервдердин, ошондой эле гума-нитардык жардам линиясы боюнча запастарынын чыгымдалышына контролдуккылуу; - Министрликтин кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар келип чыккан жанаанын алдын алуу жерлерине барышы үчүн 200 (эки жүз) мињ сом өлчөмүндөгүрезервге ээ болуу; - өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарын колдонуу тажрыйбасын жалпылоо, аны өркүндөтүү боюн-ча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна киргизүү; - кыйроолордун, апааттардын, уюмдардагы өндүрүштүк мертинүү, жар-дыргыч материалдарды уурдоо, жоготуу учурларынын кырдаалдарын жана се-бептерин белгиленген тартипте техникалык жана башка иликтөөнү жүргүзүүжана иликтөөнүн натыйжалары боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийишболгон чечимдерди кабыл алуу; - зарылчылык болгон учурда республиканын мамлекеттик башкаруу ор-гандары, уюмдары жабдууну жана материалдарды контролдук сыноолорду, жу-мушчу жана курчап турган чөйрөнү контролдук талдоону, ошондой эле кол-донуудагы эрежелердин чектеринде жабдууну күбөлөндүрүүнү жүргүзүшүн да-йындоо; - өндүрүштүн, объекттердин жана иштердин коопсуздугу менен байла-нышкан көзкарандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүүүчүн республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдары,илим-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттары менен макулда-шуу боюнча алардын адистерин тартуу; - юридикалык жана жеке жактардын билдирмелери боюнча Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызмат-тарды көрсөтүү; - өрттөрдү өчүрүүгө ишканалардын бул максаттар үчүн ыњгайлаштырыл-ган техникасын тартуу; - өрттөрдү өчүрүү жана жаратылыш кырсыктарын жоюу зоналарындатранспорт каражаттарынын кыймылын жана ага жарандардын барышын чектөөбоюнча чараларды көрүү; - кыйроодон-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүучурунда өзүнүн компетенциясынын чектериндеги чечимди, ошондой эле өртөчүрүү учурунда ишканалар, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга мил-деттүү болгон чечимди кабыл алуу; - министрликтер, ведомстволор жана ишканалар өндүрүлүп жаткан зат-тардын, материалдардын, буюмдардын, жабдуунун, конструкциялардын өрткоркунучтуулугуна контролдук сыноолорду, чөйрөнүн өрт коркунучтуулугу-нун контролдук талдоолорун, өрттөн коргоо системаларын жана каражатта-рын текшерүүнү жүргүзүшүн талап кылуу; - текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик башкаруу орган-дары жана уюмдар менен макулдашуу боюнча алардын адистерин тартуу; - текшерүү учурунда аныкталган иштерди коопсуз жүргүзүү, жардыргычматериалдарды, уулуу заттарды сактоо, пайдалануу жана эсепке алуу, жаб-дууну жайгаштыруу боюнча эрежелер менен нормаларды бузууларды жоюужөнүндө, мындай эреже бузууларга алып келген себептер менен шарттардыжоюу жөнүндө, иштерди убактылуу токтотуу жөнүндө, ошондой эле адамдар-дын өмүрүнө коркунуч түзүлгөндө же кыйроолор келип чыкканда адамдардыжумуш орундарынан чыгаруу жөнүндө сунуштарды республиканын мамлекеттикбашкаруу органдарына киргизүү жана юридикалык жана жеке жактарга, ошон-дой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга милдеттүү түрдө ат-карылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү (жазма буйруктарды) берүү жана за-рылчылык болгон учурда иштерди түздөнтүз токтотуу жана адамдарды чыга-руу, жумуш орундарын же жабдууну мөөр басып жабуу; - уюмдарда, алыскы өндүрүштүк объекттерде, уюмдарда жанаокуу-курстук комбинаттарда жумушчулардын ишке киришинин белгиленгентартиби сакталышын, иштин коопсуз ыкмаларына нускама жана окутуужүргүзүлүшүн, ошондой эле бул жагынан аларды аттестациялоо жана билиминтекшерүү тартибин текшерүү; - менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда иштерди коопсуз жүргүзүүбоюнча инженер-техникалык кызматкерлердин жана негизги кесиптеги жумуш-чуларды окутууга, даярдоого жана кайра даярдоого контролдук кылуу; - технологиялык, техникалык жана өнөржайлык коопсуздук боюнча че-немдик укуктук актылар жана техникалык регламенттерди көзөмөлдөгү уюм-дардын жетекчилери жана белгиленген мөөнөттө башка инженер-техникалыккызматкерлери билишин текшерүү; жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн даярдал-ган адамдардан экзамен алуу жана аларга күбөлүктөрдү берүү; окуу жайла-рында окутуучу курамдын билими кен, металлургиялык, химиялык жана башкакоркунучтуу өндүрүштүк объекттер үчүн чыгарылуучу адистердин квалифика-циялык талаптарына ылайык келе тургандыгына же жоктугуна контролдук кы-луу; коркунучтуу өндүрүштөрдө иштөө үчүн инженердик адистиктеги респуб-ликанын жогорку окуу жайларынын бүтүрүцчүлөрүнөн мамлекеттик экзаменкабыл алуу жана дипломдорду коргоо боюнча комиссияларга катышуу; тие-шелүү инженер-техникалык кызматкерлер жана негизги кесиптеги жумушчулартехнологиялык, техникалык жана өнөржайлык коопсуздук жагынан ченемдикукуктук актыларды жана техникалык регламенттерди, иштин коопсуз ыкмала-ры боюнча нускоолорду билишин тандап текшерүүнү жүргүзүү; - өндүрүштүн коопсуздугу боюнча эрежелер менен ченемдерди дайымабузган, Министрликтин кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча убактылуу ток-тотулган жабдуунун жана объекттердин ишин өз алдынча калыбына келтиргенже аларды иштетүүгө жол берген; жардыргыч материалдарды жана уулуу зат-тарды эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун белгиленген тарти-бин, нефтепродуктуларды жана газды сактоо шарттарын жана берүү тартибинбузган; кен, бургулоо, маркшейдердик, жардыруу, от алуучу, газ коркуну-чу бар жана электртехникалык иштерди, ошондой эле от казан көзөмөл объ-екттериндеги жана көтөрүүчү курулмалардагы иштерди жетектөөгө укугуболбогон, өндүрүштүн коопсуздугу боюнча окутуу курсунан өтпөгөн жанабелгиленген тартипте экзамендерди тапшырбаган адамдарды ээлеген кызма-тынан бошотуу же иштерге техникалык жетекчилик кылуу укугунан бир жылгачейинки мөөнөткө ажыратуу жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жа-на уюмдардын жетекчилерине сунуштарды киргизүү; - соттордо жана прокуратура органдарында өнөржайлык коопсуздук ма-селелери боюнча мамлекеттик эксперт катары чыгуу; - уюмдарда кыйроо кырдаалдарын жана себептерин, өндүрүштүк мер-тинүү, жардыргыч материалдарды жана уулуу заттарды уурдоо, жоготууучурларын белгиленген тартипте техникалык тергөөнү жүргүзүү жанатергөөнүн натыйжалары боюнча Министрликтин компетенциясына кирген масе-лелер боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди кабылалуу; - Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекет-тик башкаруу органдарына сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттукилимдер академиясына илим-изилдөө, долбоордук жана долбоорлоо-конструк-тордук иштерди жүргүзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү; - зарылчылык болгон учурда мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдаржабдууну жана материалдарды контролдук сыноону, жумушчу жана курчаптурган чөйрөнү контролдук талдоону, ошондой эле колдонуудагы эрежелер-дин чектеринде жабдууну күбөлөндүрүүнү жүргүзүшүн дайындоо; - жабдууну иштеп чыгууну, жасоону жана монтаждоону жүргүзгөн уюм-дарга конструктивдүү кемтиктерди, ошондой эле жабдууну жасоодо жанамонтаждоодо аны пайдалануунун коопсуздугун төмөндөткөн кемчиликтердижоюу жөнүндө көрсөтмөлөрдү (жазма буйруктарды) берүү жана алардын атка-рылышына контролдук кылуу; - зарыл учурда жасап чыгаруучу заводдордо жана оњдоочу ишканалардаөнөржайдын кен казып алуучу жана геологиялык чалгындоо тармактары үчүнжабдуунун, кендеги жарылуудан коргоочу электр жабдууларынын, нефти жанагаз казып алуучу, нефтини жана газды кайра иштетүүчү, ун-элеватордукжана аралаш тоют өнөржайынын, жарылуу-өрттөнүү коркунучу бар жана зыян-дуу өндүрүштөрдүн ишин коопсуз жүргүзүү боюнча эрежелер менен нормалар-дын талаптары химиялык жана физикалык процесстерге, даярдалуучу жанаоњдолуучу көтөрүү курулмаларына, буу жана ысык суу үчүн от казандарыменен түтүктөргө, басым астында иштөөгө арналган идиштерге ылайык келетургандыгын текшерүү; ал өнөржай коопсуздугунун эрежелери менен норма-ларына жана бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык келбеген учурдакөрсөтүлгөн жабдууну чыгарууну убактылуу токтотуу жана аны колдонуугатыюу салуу; - иликтөө мезгилинде Министрликтин компетенциясына кирген маселе-лер боюнча түшүндүрүүлөрдү, таанышуу үчүн зарыл болгон маалымкаттардыжана отчеттуулуктун тиешелүү формалары боюнча отчетторду, кен жана гео-логиялык-чалгындоо иштеринин планын, кен жана жардыруу иштерине, бургу-лоо скважиналарына, көтөрүү курулмаларына, от казан көзөмөл жана газкөзөмөл объекттерине, химиялык, металлургиялык, жарылуу-өрттөнүү корку-нучу бар жана зыяндуу өндүрүштөрдөгү технологиялык процесстерге техни-калык документтерди уюмдардын, объекттердин жетекчилеринен жана башкаюридикалык жана жеке жактардан алуу; - уюмдар менен объекттердин инженер-техникалык кызматкерлеринде,жеке жактарда кен, бургулоо, жардыруу, маркшейдердик, электр-техника-лык, өрт жана газ коркунучу бар иштерди жетектөөгө укук берген тиешелүүдокументтердин бар болушун, ошондой эле жарылуу, газ коркунучу бар жанабашка өтө коркунучтуу иштерди жүргүзүү укугуна тиешелүү документтеркызматкерде бар болушун текшерүү; - жардыргыч материалдарды жана уулуу заттарды сактоо, пайдалануужана эсепке алуу менен байланышкан ишке кабыл алуу үчүн белгиленгенатайын талаптар сакталышына контролдук кылуу; - саркынды жана башка суулар, мунай, газ жана башка заттар мененматериалдар кен калдыктарына сињип кетишин четтетүү боюнча же алардыжер астында сактаган учурда талаптардын сакталышын текшерүү; - тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары, юридикалык жана жекежактар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон токтомдорду, тескемелердижана буйруктарды өз компетенциясынын чектеринде белгиленген тартиптечыгаруу; - долбоорлорду, технологиялык регламенттерди, жабдууну экспертиза-лоо, ошондой эле өнөржайлык коопсуздук боюнча кадрлар короткон убакыткаКыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акы төлөө менен алар-ды окутуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүү. 10. Министрликтин системасындагы инспекциялык кызматтардын кызмат-керлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ишканаларга, мекемелер-ге, уюмдарга (анын ичинде белгиленген тартипте режимдиктерине), кайта-рылуучу аймактарга, кайсы ведомствого таандык экенине жана менчигининтүрүнө карабастан башка объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө, текшерүүгөжана текшерүүнүн натыйжалары боюнча актылар менен протоколдордутүзүүгө, мыйзамдын талаптарын бузууларды жоюу боюнча милдеттүү түрдөаткарылууга тийиш болгон милдеттендирүүчү катты берүүгө укуктуу. Инс-пекцияланып жаткан ишканалар, мекемелер жана уюмдар кайсы ведомствогобаш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан Министрликтин систе-масындагы кызмат адамдарын алар кызматтык милдеттерин аткарып жатканучурда жайлар, телефон байланышы, транспорт жана зарылчылык болгонучурда объектти текшерүү (инспекциялоо) мезгилине атайын кийим мененкамсыз кылууга, ошондой эле аларга зарыл жардам көрсөтүүгө милдеттүү. 11. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз ишин КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык гана жүзөгө ашыру-уга тийиш. V. Министрликтин ишин уюштуруу 12. Министрликке министр жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасы-нын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанкызматка дайындалат жана бошотулат. 13. Министр бир эле учурда: - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин би-ринчи орун басары; - Министрликтин коллегиясынын төрагасы болуп саналат. 14. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана иш-милдеттер-дин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. 15. Министр: - статс-катчынын, министрдин орунбасарларынын жана аппараттын же-текчисинин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жоопкерчилигининдаражасын жана функционалдык милдеттерин аныктайт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ве-домствого караштуу ишканаларды, мекемелерди жана башка структуралыкбөлүмдөрдү түзөт, өзгөртүп түзөт жана жоет, белгиленген эмгек акы фон-дунун чегинде алардын структурасын жана штаттарын бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ми-нистрликтин региондук башкармалыктарынын жана аймактык бөлүмдөрдүн на-чальниктерин, Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги жана аны болжолдоо де-партаментинин, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу депар-таментинин, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнчаТүштүк департаментинин, Министрликке караштуу Авиация департаментининдиректорлорун, Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана курулушбашкармалыгынын, селден, суудан коргоо башкармалыгынын начальниктерин,Департаменттердин директорлорунун жана башкармалыктардын начальниктери-нин сунуштары боюнча Департаменттердин директорлорунун орун басарларынжана структуралык бөлүмдөрдүн башкы бухгалтерлерин, Министрликтин бор-бордук аппаратынын жетекчилерин, кызматкерлерин жана бөлүмдөрдүн жанабашкармалыктарынын адистерин дайындайт жана ээлеген кызматынан бошотот; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өргүүлөрдү берүү бо-юнча маселелерди чечет жана дайындоо, бекитүү (бошотуу) Кыргыз Респуб-ликасынын Премьер-министринин буйругу менен жүзөгө ашырыла турган кыз-маттарды ээлеген кызмат адамдарына тартип жазасын колдонот (буга бошо-туу кирбейт); - Министрликтин аскер бөлүктөрүн жана кыйроодон-куткаруутүзүлүштөрүн кайра куралдандыруу, жањы техника жана техникалык каражат-тар менен жабдуу, материалдык байлыктарды топтоо, сактоо, жањылоо мененбайланышкан чыгымдарды, ошондой эле илим-изилдөө иштерин белгиленгентартипте бекитет; - Министрликтин аскер кызматчылары жаратылыш кырсыктарынын жанабашка өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде милдеттерди аткарып жаткан учур-да, ошондой эле шашылыш тапшырмаларды аткарып жаткан учурда алардыназык-түлүк үлүшүнүн убактылуу нормаларын белгилейт; - аскер кызматчыларынын типтүү аскердик кызмат орундары боюнча ай-лык акылар жагынан Министрликтин аскер кызматчыларынын типтүү эмес ас-кердик кызмат орундары боюнча айлык акыларды белгилейт; - белгиленген тартипте ведомстволук айырмалоо белгилерин аныктайт,бул белгилер жана алардын сүрөттөлүшү жөнүндө жоболорду бекитет, Ми-нистрликтин өздүк курамын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан калкты жанааймактарды коргоо милдеттерин чечүүдө көмөк көрсөткөн жарандарды аларменен сыйлайт; - белгиленген тартипте Министрликтин аскер кызматчыларын, айрымкатегориядагы мамлекеттик кызматчыларды жана мамлекеттик кызматтын кыз-мат орундарына кирбеген адамдарды кийимдин, бут кийимдин жана атайынкоргоо каражаттарынын формасынын сүрөттөлүшүн, атайын кийим жана ку-рал-жарак менен, анын ичинде убактылуу кийим менен жабдуу нормаларын,буюм мүлкү менен камсыз кылуу тартибин бекитет; - Министрликтин аскер кызматчыларын, ошондой эле Министрликкежүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды сыйлооүчүн белгиленген тарипте төш белги жана белек фонддору, анын ичинде окатуучу жана ок атпаган куралдары бар; - Министрликтин балансында болгон анын мүлкүн жана каражаттарынбашкарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалыкишти уюштурат; - жыл ичинде жогору турган бийлик органдарынын директивалык доку-менттеринин жана тиешелүү структуралардын корутундуларынын негизиндеалдын алуу, кыйроодон-калыбына келтирүү иштеринин жана башка иш-чарала-рынын программаларын түзөт, бекитет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизет; - жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашуу боюнчаөзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө таянып, кырсык аймактарында жарандардынжашоо жана жүрүү режимдерин белгилейт; - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кайсы ведомствоготаандык экендигине карабастан зарыл транспорттук, куткаруучу, калыбынакелтирүүчү, медициналык жана башка каражаттарды тартат; - менчигинин түрүнө карабастан министрликтердин, ведомстволордунжана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдар шар-тында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаган кызматадамдарын иштерге жетекчилик кылуудан четтетет, андан соњ тиешелүү ор-гандарга аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет; - Министрликтин аскер кызматчылары жагынан Кыргыз РеспубликасынынКуралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында каралган укуктарга то-лук көлөмдө ээ; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, КыргызРеспубликасынын аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Министрликтин бөлүмдөрүн жа-на аскер бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын чектеринде кайра жайгаштыруужөнүндө чечим кабыл алат; - Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчаларын куруунун жанаөнүктүрүүнүн башкы пландарын, Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн курулушобъекттерин куруу долбоорлорун, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардыналдын алуу жана жоюу жагынан илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордукиштердин пландарын белгиленген тартипте бекитет; - Министрликтин системасындагы кызматкерлерди белгиленген тартиптеКыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка кызматтык иш-сапарларгажиберет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан ага берилген башкаыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 16. Министрликте министрдин биринчи орунбасарынын статусу мененстатс-катчынын жогорку администрациялык кызматы уюштурулган. Статс-кат-чы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жана министрдин ма-кулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеКыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалатжана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын иш-милдети жана ыйгарым укук-тары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш беките турган Мамлекеттик органдынстатс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башкаиш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну жүктөшү мүмкүн. 17. Министрдин эки орунбасары болот, алар кызматка министрдин су-нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайында-лат. Министрдин орунбасарлары түздөн-түз министрге баш иет жанаөздөрүнө жүктөгөн милдеттердин чектеринде Министрликтин ишин уюштурат. 18. Кыргыз Республикасынын өнөржай коопсуздугу жана тоо-кенкөзөмөлү боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп министрликке караш-туу Өнөржай коопсуздугуна көзөмөл кылуу жана тоо-кен көзөмөлү боюнчамамлекеттик инспекциянын (Мамкентехкөзөмөл) директору саналат. 19. Министрликте анын ишинин негизги багыттарынын маселелерин ка-рап чыгуу үчүн 11 мүчөдөн турган коллегия түзүлөт. Министр, статс-кат-чы, министрдин орунбасарлары кызмат орду боюнча коллегиянын курамынакирет. Коллегияга кызмат орду боюнча кирген адамдарды кошпогондо, анынмүчөлөрү министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин буйругу менен бекитилет. 20. Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана Минист-рликтин буйруктары менен турмушка ашырылат. Коллегиянын иши министр бе-ките турган регламент менен аныкталат. 21. Министрликте жана аскер кызматчылары менен комплектелген агабаш ийген структуралык бөлүмдөрдө аскер кызматын өтөө бардыгына бирдейаскердик милдетти өтөө болуп эсептелет, ал эми бардык аскер кызматчыла-ры анык аскер кызматын өтөдү деп эсептелинет. 22. Министрликтин аскер кызматчылары үчүн кызмат өтөөнүн, өздүккурам менен комплектөөнүн шарттары жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасы-нын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларыныкы сыяктуу эле, Кыргыз Рес-публикасынын эларалык келишимдеринин жоболору жайылтылат. 23. Министрликтин аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызматөтөп жаткан аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген нормалар боюнча үлүштүн акчалай жана натуралай түрлөрү,кызматтык жана турак жайлар, өмүрүн камсыздандыруу менен камсыз кылы-нат. 24. Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн офицердик курамынын кезектегиаскер наамдары төмөнкүдөй тартипте берилет: - Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин "кенже лейте-нанттан" тартып "полковникти" кошуу менен аскердик наамдары министрдинкураторлук кылган орунбасарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынынөзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен берилет; - Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин "прапорщик","улук прапорщик" деген аскердик наамдары тиешелүү командирлердин (зар-далдардын) сунушу боюнча министрдин кураторлук кылган орунбасарынынбуйругу менен берилет. Аскер кызматчыларынын офицерлер, прапорщиктер, сержанттар ээлөөгөтийиш болгон кызмат орундары Министирликтин аскер бөлүктөрүнүн, мекеме-леринин штаттарында каралат. 25. Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары, аппарат жетек-чиси жана Министрликтин системасындагы кызмат адамдары үчүн белгиленгенүлгүдөгү форма кийими жана айырмалоо белгилери киргизилет, ошондой элетабелдик куралды жана атайын каражаттарды белгиленген тартипте сактоогожана пайдаланууга уруксат берилет.