Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2010-жылдын 8-декабрындагы №309 редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын
(номердик агрегаттарды) сатуунун тартибин жана алардын наркын баалоонун
методикасын белгилейт.
2. Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик
агрегаттарды) сатуу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу бо-
юнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобо менен
белгиленген тартипте ишке ашырылат.
3. Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик
агрегаттарды) сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке
адамдар боло алышат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 7-апрелиндеги №
138-б буйругуна ылайык мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражат-
тарын (номердик агрегаттарды) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республи-
касынын Ички иштер министрлигинин Мамавтоинспекциясынын органдары тара-
бынан жүргүзүлөт.
2. Сатуу тартиби
5. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатууну каалаган
мамлекеттик юридикалык жактар транспорт каражаттарынын паспорттук-тех-
никалык маалыматтары тиркелген жана сатуу зарылдыгын негиздеген арызды
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук бе-
рилген мамлекеттик органга берет.
Транспорт каражаттарын сатуу төмөнкү документтердин негизинде
жүргүзүлөт:
- сатуучунун транспорт каражаттарын сатуу зарылдыгын негиздеген
сатууга арызынын;
- ишкананын администрациясынын чечиминин (1-тиркеме);
- транспорт каражатынын техникалык абалы тууралуу актынын (2-тир-
кеме);
- мамлекеттик юридикалык жактын жетекчиси жана башкы бухгалтери
күбөлөндүргөн баштапкы (тарыхый) наркы тууралуу справкалар (3-тиркеме).
Мамлекеттик юридикалык жактар транспорт каражаттарын сатуунун мак-
саты тууралуу өтүнө алышат.
6. Мамлекеттик юридикалык жактардын жетекчилери транспорт каражат-
тарын (номердик агрегаттарды) сатуу үчүн мамлекеттик мүлктү менчиктеш-
тирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга
берилген документтердин тактыгына жооп берет.
7. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуу үчүн мам-
лекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берил-
ген мамлекеттик органдын чечими менен транспорт каражаттарынын наркын
баалоо боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү
менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик
органдын өкүлү (комиссиянын төрагасы), транспорт боюнча эксперт, транс-
порт каражаттарын сатуучу мамлекеттик юридикалык жактын өкүлдөрү кирет.
Чет өлкөдө жайгашкан мамлекеттик юридикалык жактардын балансында
турган транспорт каражаттардын (номерлүү агрегаттардын) нарктык баасын
аныктоо үчүн андай мамлекеттик юридикалык жактардын чечими менен баалоо
боюнча комиссия түзүлөт. Мында комиссиянын курамына менчиктештирүү жана
мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын
өкүлү киргизилбейт. Комиссия транспорт каражаттардын (номерлүү агрегат-
тардын) нарктык баасын ушул Жобонун 13-пункттун талаптарын сактоо менен
аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы N
414 токтомунун, 2008-жылдын 2-июлундагы N 357 токтомунун редакцияларына
ылайык)
8. Транспорт ишканасынын инженер-техникалык кызматкери, транспорт-
ту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адис же көз
карандысыз баалоочу транспорт боюнча эксперт боло алат.
9. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чык-
кандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды)
баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июлундагы N 357 токтомунун
редакциясына ылайык)
10. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо Прото-
кол түзгөндөн кийин мамлекеттик юридикалык жак сатып алуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзөт жана транспорт каражаттарын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча (транспорт каражатты ушул Жобонун 5-пунктунун жетинчи абзацына ылайык максаттуу сатууну ишке ашыруу) ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын макулдугу менен сатат.
Транспорт каражатты максаттуу реализациялоо мүмкүн эмес болгон учурда мамлекеттик юридикалык жак транспорт каражатты аныкталган тартипте аукцион аркылуу сатууга укуктуу. Мында старттык баа катары баалоо
боюнча комиссия аныктаган баа алынат.
Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин он күн мурда
жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган старттык баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, омиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган процентке төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Чет өлкөдө жайгашкан мамлекеттик юридикалык жактар өздөрүнүн балансында турган транспорт каражаттарды ушул пункт менен аныкталган тартипке ылайык сатышат.
,
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 17-сентябрындагы № 414 токтомунун,
2008-жылдын 2-июлундагы № 357 токтомунун
2010-жылдын 8-декабрындагы №309 редакцияларына ылайык)
11. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым
укук берилген мамлекеттик орган сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документ-
терин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды)
сатып алуу-сатуу келишимин 3 нускада (5-тиркеме) бекитет.
Бул учурда:
- 1 нускасы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча
ыйгарым укук берилген мамлекеттик органда калат;
- 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мам-
лекеттик автоинспекциясына жиберилет;
- 1 нускасы сатуучуга берилет.
12. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатууга арыз ал
түшкөндөн тартып бир айдын ичинде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жа-
на башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан
каралат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы N
414 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Транспорт каражаттарын баалоо
13. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоко-
лунда комиссия аны баалаган учурдагы рынок конъюнктурасын эске алуу ме-
нен транспорт каражаттарынын (номердик агрегаттардын) рыноктук наркын
көрсөтөт.
Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) баалоо наркын
аныктоо үчүн комиссия эксперттердин корутундусун, маалымкаттарды, маа-
лыматтык, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы N 357
токтомунун редакциясына ылайык)
14. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы N
357 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Мамлекеттик ишкана транспорт каражаттарын (номердик агрегат-
тарды) алмаштырууну жүргүзсө, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана
башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан баа-
лоо жүргүзүлөт жана алмаштыруу келишими ырасталат.
Чет өлкөдө жайгашкан мамлекеттик юридикалык жактар транспорт кара-
жаттарды (номерлүү агрегаттарды) алмашканда (бартер ж.б.) тийиштүү мам-
лекеттик юридикалык жак ушул Жобонун 13-пунктунун талаптарын аткаруу
менен баалоо жүргүзөт. Алмашуу келишими ага кол коюлганга чейин менчик-
тештирүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы N
414 токтомунун,2008-жылдын 2-июлундагы N 357 токтомунун редакцияларына
ылайык)
16. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатууда мамле-
кеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген
мамлекеттик органынын эсеп-счетуна чегерилүүчү наркынын 7% өлчөмүндө
сатуу баасынан үстөк комиссиялык жыйым алынат.
17. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуудан алын-
ган каражаттар, эгерде мамлекеттик мүлк ага чарба жүргүзүү укугу менен
берилсе, мамлекеттик юридикалык жактын тескөөсүндө калат.
Толук бюджеттик каржыланууда турган транспорт каражаттары сатылган
учурда транспорт каражатын сатуудан түшкөн каражат бюджетке кошулат.
N 1 тиркеме
Мамлекеттик юридикалык жактын
администрациясынын жана профсоюз уюмунун
кењешмесинин протоколу
_______________________________________________________________________
(мамлекеттик юридикалык жактын аталышы)
шаар, айыл ____________________ 200__жылдын "___" _____________________
Күн тартиби
Транспорт каражатын сатуу ________________________________________
_______________________________________________________________________
Катышты: _________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Токтом кылышты:
1. Сатылсын ______________________________________________________
мамномери ________________________________________________________
кыймылдаткычы ____________________________________________________
кузову ___________________________________________________________
шассиси __________________________________________________________
чыгарылган жылы __________________________________________________
Жаранга, уюмга ___________________________________________________
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү, уюм)
2. Транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия төмөнкү
курамда түзүлсүн: _____________________________________________________
_______________________________________________________________________
3. _______________________________сатылуучу транспорт каражатын
жана техникалык документацияны мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана
башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулда-
шуу үчүн даярдасын.
Катчы ___________________________
Жетекчи ___________________________
N 2 тиркеме
Мамлекеттик юридикалык жактын
жетекчиси тарабынан бекитилди
Транспорт каражатынын техникалык абалынын
АКТЫ
200__-жылдын "___" ____________
_____________________________шаары, айылы
__________________________________________________________________
(мамлекеттик юридикалык жактын аталышы)
транспорт каражатынын техникалык абалын баалоо боюнча комиссия курамын-
да
Төрага ___________________________________________________________
(кызматы, аты-жөнү)
Мүчөлөрү _________________________________________________________
_______________________________________________________________________
транспорт каражатынын техникалык абалына текшерүү жүргүздү:
1. Маркасы, модели жана түсү _____________________________________
2. Мамномери _______________ 3. Чыгарылган жылы __________________
4. Жалпысынан жүргөн __________ 5. Кыймылдаткычы _________________
6. Шассиси ___________________ 7. Кузов __________________________
8. Баштапкы (тарыхый) наркы ________________________________ сом
9. Амортизациялык эскирүүсү _________________________________ сом
10. Баланстык наркы ________________________________________ сом
11. Техникалык паспорту __________________________________________
(номери, ким берген)
12. Транспорт каражатынын тышкы абалы ____________________________
_______________________________________________________________________
(комплектелген, комплектелген эмес)
13. Транспорт каражатында төмөнкү бөлүктөр, түйүндөр, агрегаттар
жок ___________________________________________________________________
14. Негизги түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын техникалык абалына
мүнөздөмө _____________________________________________________________
_______________________________________________________________________
шасси ____________________________________________________________
кузов ____________________________________________________________
кыймылдаткыч _____________________________________________________
берүү коробкасы __________________________________________________
алдыњкы мост _____________________________________________________
арткы мост _______________________________________________________
башка түйүндөр жана агрегаттар ___________________________________
15. Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду _____
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
16. Ээсинин дареги _______________________________________________
_______________________________________________________________________
Төрага _____________________________________
(аты-жөнү)
Комиссия мүчөлөрү ___________________________
(аты-жөнү)
___________________________
___________________________
N 3 тиркеме
СПРАВКА
_______________________________________________________________ берилди
(транспорт каражаты, номердик агрегат)
Маркасы ___________ Мамномери ___________ Чыгарылган жылы ________
Жалпысынан жүргөн ____________________ Кыймылдаткычы N ___________
Шассиси __________________________ Кузов _________________________
Баштапкы (тарыхый) наркы _________________________________________
Амортизациялык эскирүүсү _________________________________________
Баланстык наркы __________________________________________________
Жетекчи ____________________________________
(аты-жөнү)
Башкы бухгалтер ____________________________
(аты-жөнү)
N 4 тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-июлундагы N 357 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
N 5 тиркеме
Бекитемин
____________________________
200__-жылдын "___" _________
Транспорт каражаттарын сатып-алуу сатуу
Келишими
________________________________________________________________ атынан
_______________________________________________ негизинде аракеттенүүчү
(уставдын, жобонун, өздүк демилгенин)
сатуучу __________________________________________________________ жана
(мамлекеттик юридикалык жактын аталышы)
сатып алуучу __________________________________________________________
(юридикалык жактын же жеке адамдын аты)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Кыргыз Республикасында
мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Чарбалык өнөктөштүктөр
жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 7-апрелиндеги N 138-б буйругуна ыла-
йык төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү:
1.1. ____________________________________________________ негизин-
де сатуучу 200__-жылдын "___" __________ чейинки мөөнөткө сатып алуучу-
нун менчигине ___________________________________________ сатат.
(транспорт каражатынын аталышы)
1. Маркасы, модели жана түсү _____________________________________
2. Мамномери __________________ 3. Чыгарылган жылы _______________
4. Жалпысынан жүргөн ____________5. Кыймылдаткычы ________________
6. Шассиси ___________________ 7. Кузову _________________________
1.2. Сатып алуучу ________________________________________________
(транспорт каражатынын аталышы)
сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген _______________________ сомго,
(сумма жазуу түрүндө)
бирок мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым
укук берилген мамлекеттик органдын транспорт каражаттарынын наркын баа-
лоо боюнча комиссиясынын баалоо каражаттарынын наркын баалоо боюнча ко-
миссиясынын баалоо актында белгиленген нарктан аз эмес, 200__-жылдын
"___" ___________ чейин төлөйт.
Сатуучунун эсеп счету ____________________________________________
1.3. ___________________ сом суммадагы 7% комиссиялык жыйым
200__-жылдын "___" ____________ чейин комиссиялык мүлктү менчиктештирүү
жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын же анын
аймактык органдарынын эсеп счетуна чегерилүүгө тийиш.
1.4. Келишимдин 1.2, 1.3-пункттарында каралган шарттарды аткарба-
гандык үчүн күнөөлүү тарап башка тарапка _______________ сом суммада
жазапул төлөйт, ошондой эле башка тарапка келтирген зыяндын ордун тол-
турат.
1.5. Бул Келишим мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу
боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган бекиткенден тартып
күчүнө кирет жана тараптар өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарган-
га чейин иштейт.
1.6. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 нускада түзүлдү, бир
нускасы сатуучуда, бири - МАИде, бир нускасы мамлекеттик мүлктү менчик-
тештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органда
болот.
Сатуучу _____________________ Сатып алуучу _____________________
200__-жылдын "___" __________ 200__-жылдын "___" _______________
МО МО