Бишкек шаары, Өмөт Үйү2005-жылдын 6-декабры, №554 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотууга тийиш болгон технологиялык жабдуунун жана окуу куралдарынын, илимий басылмалардын жана мектептик шаймандардын базалык тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-майындагы № 391 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Балык чарбасын өнүктүрүү жана тике инвестицияларды тартуу,балыктардын баалуу өнөр жайлык түрлөрүн өстүрүүнү экологиялыкталаптарды эске алуу менен өндүрүштүк масштабдарга чейин көбөйтүү,ошондой эле жањы технологиялык жабдууларды киргизүү жолу менен жањыжумуш орундарын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: «Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына импорттоодо КНС төлөөдөнбошотууга тийиш болгон технологиялык жабдуунун жана окуу куралдарынын,илимий басылмалардын жана мектептик шаймандардын базалык тизмесинбекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-майындагы № 391
токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынынбажылык аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотууга тийиш болгонтехнологиялык жабдуунун базалык тизмеси төмөнкүдөй мазмундагыпозициялар менен толукталсын: --------------------------------------------------------------------- |Код ТН| Позициянын аталышы | |ВЭД | ||------|------------------------------------------------------------||8902 | Балык уулоочу кемелер; балык продуктуларын кайра иштетүү || | жана консервалоо үчүн сүзүүчү базалар жана башка сүзүүчү || | каражаттар ||------|------------------------------------------------------------||8907 | Башка сүзүүчү конструкциялар (мисалы, сал, || | сүзүүчү,бактар, кессондор, дебаркадерлер, буйлар жана || | бакендер) |---------------------------------------------------------------------