Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 1997-жылдын 1-октябры N 69
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ушул Мыйзамда колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорунан башкалары 1998-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-статья.
1960-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз ССРинин Уголовный кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз ССРинин Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз ССРинин Уголовный кодекси (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведоместтери, 1960-жыл, N 40, 145-ст.), ошондой эле 1960-жылдын 29-декабрынан тартып 1998-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган мыйзамдардын жана башка нормативдик укуктук актылардын Кыргыз ССРинин Уголовный кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизген жактары күчүн жоготту деп табылсын.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине карама-каршы келген мыйзам актыларын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- министрликтер жана административдик ведомстволор өздөрүнүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларынын кайра каралышын жана жоюлушун камсыз кылсын.
4-статья.
(1) Мындан ары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык келтирилгенге чейин мыйзамдык жана нормативдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула берет.
(2) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланбай турган мүлктүн тизмеси (Кыргыз ССРинин Уголовный кодексине Тиркеме) 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 52-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык Кылмыш-жазасын аткаруу кодексинде жаңы Тизме бекитилгенге чейин колдонулат.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын ушул Кылмыш-жаза кодекси тарабынан киргизилген жосундун жазалуулугун жокко чыгарган же жазаны жеңилдеткен өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго байланыштуу соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүн кайра кароо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
6-статья.
Ушул Кодекстин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын жалпы тартиптеги абактарда, өзгөчө тартиптеги абактарда катуу тартиптеги аялдар абактарында, эркектер үчүн күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарында, аялдар үчүн жалпы тартиптеги тарбиялоо абактарында өтөө, коомдук жумуштарга тартуу жөнүндөгү жоболору жазалардын бул түрлөрүн аткаруу үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүнө жараша Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазасын аткаруу күчүнө киргенден кийин мыйзам тарабынан колдонууга киргизилет, бирок ал 2002-жылдын 1-январынан кечиктирилбөөгө тийиш.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья.
Кыргыз ССРинин Уголовный кодексинин 23-1-статьясына ылайык өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмышкер деп таанылган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өзгөчө тартиптеги абактар уюштурулганга чейин катаал тартиптеги түзөтүү абактарында өтөшөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1997-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |