Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 8-декабрындагы № 564 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары С.Ш.Жеенбеков, А.А.Абдуллаев, М.К.Жураев, Ж.У.Иманалиев, А.Төлөнов, А.А.Турсунбаев тара-бынан демилге көтөрүлгөн ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин депутаттары С.Ш.Жеенбеков, А.А.Абдуллаев, М.К.Жураев, Ж.У.Иманалиев, А.Төлөнов, А.А.Турсунбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республика-сынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй себептер боюнча макулдук бербейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 266"Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексин "Салык ко-дексин) колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору жөнүндө"
токтомуна ылайык Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароо-суна киргизилген. Ал мыйзам долбоору азыр Ведомстволор аралык комиссияда толуктап иштелип жатат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин толуктап иштелип жаткан жањыредакциясынын долбоорунда суу чыгаруучу түзүлүш объекттерин жана ошол сыяк-туу башка объекттерди мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү өз алдынча баш-каруунун органдарына акысыз өткөрүп берүүдө андай берүүлөрдү КНС төлөөдөн бошотуу каралган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Айрым мыйзам актыларынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорундаярдап жатат, анда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине калктын муктаж-дыгын канааттандыруу үчүн инженердик тармактарды, инженердик курулмаларды андай тармактарды жана курулмаларды эксплуатациялоочу адистештирилген уюм-дардын балансына акысыз өткөрүп берүү КНСтан бошотулган берүү болуп эсепте-лери жөнүндө норма киргизүү каралган. Мамлекеттик башкаруу органдары жана айыл өкмөттөрү экономикалык иш жүргүзүшпөстүгүн жана демек, кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр эместигин бел-гилеп коюу керек. Ушул айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КыргызРеспубликасынын Салык кодексине көрсөтүлгөн толуктоону киргизүү зарыл эмес деп эсептейт, анткени ал жогоруда аталган мыйзамдардын долбоорлоруна киргизилген. Премьер-министр Ф.Кулов