Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-декабрындагы № 580 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кењешинин курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын өзгөрүшүнө байланыштууКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын
сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кењешинин тиркелген курамы бекитилсин. 2. "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгарууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-октябрындагы № 712
токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 580 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кењешинин курамын Кењештин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер- министри, Кењештин төрагасынын - Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жанаорун басары метрология институтун директору (макулдашуу боюнча), Кењештин катчысы - Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институтун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча) Кењештин мүлөлөрү: - Кыргыз Республикасынын өнөржай, соода жана туризм министри, - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчүөнөржай министри, - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчиорун басары, - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникацияларминистринин биринчи орун басары, - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалыкөнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макул-дашуу боюнча), - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти.