Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-декабры № 585 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдары-нын жана аскерлештирилген мамлекеттик ведомстволорунун кызматкерлеринэрдиги жана Мекен алдындагы өзгөчө өтөгөн эмгеги, көп жылдык кынтыксызкызматы, өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы жана кызматтык милдет-терин үлгүлүү аткарганы үчүн жана башка адамдарды жарандардын өмүрүнжана ден соолугун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганды-гы үчүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын укуккоргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана коопсуздугун жана кор-гонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн сый курал мененсыйлоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фондутүзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фондужөнүндө тиркелген
жобо бекитилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов