Сравнение редакций…
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Сый куралды сактоо, эсепке алуу
жана контролдоо
4. Фондго түшкөн куралды сактоону, эсепке алууну, контролдоону жа-
на жүгүртүүнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Курал
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана курал жүгүртүүнү жөнгө
салуучу башка нормативдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырат.
IV. Сый куралды тартуулоонун тартиби
5. Фонддогу курал адамдарга аларды эрдиги жана Мекен алдындагы
өзгөчө кызматы, көп жылдык кынтыксыз эмгеги, кызматтык милдеттерин
үлгүлүү аткарганы, коомдук тартипти сактоо, Мекенди коргоо, өлкөнүн
улуттук коопсуздугун коргоо, кылмыштуулукка жана эл аралык терроризмге
каршы күрөшүү чөйрөсүндө өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы, таби-
гый кырсыктарда адамдарды сактаганы, жарандардын өмүрүн жана ден соолу-
гун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганы, Кыргыз Респуб-
ликасынын укук коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкону жана кооп-
суздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн
тартууланат. Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасын өнүктүрүүгө жана коомдук тартипти, коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу- га көмөк көрсөтүүдөгү салымы мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарга жана башка мамлекеттик органдарга эки миллион сомдон кем эмес болгон эквивалент- теги суммада материалдык-техникалык жардам көрсөтүү болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жо-
бого ылайык сый курал деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына, укук коргоо органда- рынын кызматкерлерине, аскерлештирилген уюмдарынын кызматкерлерине жана башка адамдарга сыйлоо иретинде берилген курал эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Курал менен сыйлоого талапкерлер Кыргыз Республикасынын укук коргоо ведомстволору, мамлекеттик органдары жана коомдук уюмдары тарабынан көрсө- түлөт. Өтүнүчтөр жана сунуштар аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кыр- даалдар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жиберилет.
8. Сый курал менен сыйлоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү- нүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмүнө берген тийиштүү материалдардын негизинде кабыл алат. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Сый куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат алуунун тартиби 9. Курал менен сыйланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга жана курал менен сыйлоо тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аны сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берет. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)