Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-декабры № 590 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү жөнүндө "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттикпакетинин 51 процентин сатуунун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 2004-жылдын 7-июлундагы №1148-II-20 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыр-гызтелеком" АК) акцияларынын мамлекеттик пакетинин 51 процентин менчик-тештирүү боюнча тендердик комиссия "Кыргызтелеком" АКнын акцияларынынмамлекеттик пакетинин 51 процентин менчиктештирүү боюнча ачык инвести-циялык тендерди өткөрүүнү токтотсун. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети белгиленген тартипте: - Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (мындан ары - ЕРӨБ)жана "Кыргызтелеком" АКсы менен бирдикте Радиорелелик магистралдар, те-лекөрсөтүү жана радиоберүү республикалык өндүрүштүк бирикмесин - "Кыр-гызтелеком" АКнын филиалын акционердик коомдун курамынан чыгаруу масе-лесин карасын; - "Кыргызтелеком" АКнын балансындагы жайларды Кыргыз Республикасы-нын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасына бекитип берүү маселесин чечсин; - өкмөттүк байланыш тармагын кењейтүү үчүн шарттарды камсыздасын; - ЕРӨБдү жана "САШ Enterprises LLC" консультациялык компаниясынтартуу менен "Кыргызтелеком" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин77,84 процентин менчиктештирүү боюнча жањы ачык инвестициялык тендердижарыяласын. 3. Бул токтом, аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажана курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов