Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 720 токтомуна ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-декабры № 594 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасындагы ыктымалдуу экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулт-кучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасында Кыргыз Республика-сынын Баткен облусун жана аны менен чектеш аймактарды экологиялык кор-кунучка дуушарлантып жаткан ыктымалдуу кесепеттерден келиши мүмкүн бол-гон экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөрсунушталсын: - мурда айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жањы менчик ээси -"АТФ-Инвест" Жоопкерчилиги чектелген шериктик менен мамлекеттин орто-сунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекет-тик агенттик менен бирдикте көз карандысыз эксперттерди тартып2005-жылдын аягына чейинки мөөнөттө "Кадамжай сурьма комбинаты" ачыкакционердик коомуна белгилеген тартипте экологиялык аудит жүргүзүү; - долбоордун негизинде жана туз чогулткучтардын жылчыксыздыгын га-рантиялаган заманбап технологияларды пайдалануу менен "АТФ-Инвест" Жо-опкерчилиги чектелген шериктиктин эсебинен № 1, № 2, № 3, № 4 жана № 5туз чогулткучтарды ремонттоо жана калыбына келтирүү; - № 7 жана № 8 туз чогулткучтарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жана рекультивациялыкжумуштарды жүргүзүүдө жол-курулуш техникасы жана жумушчу ресурстар ме-нен жардам көрсөтүү. 3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: - № 7 жана № 8 туз чогулткучтарды аларды андан ары реабилитациялоожана тейлөө үчүн балансына алсын; - № 7 жана № 8 туз чогулткучтардын карттарынын абалына туруктуумониторингди камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дренаждал-ган агымдардын чектеш аймакка түшүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоожана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте № 7 жана№ 8 туз чогулткучтардыы карттарынын дренаждалган агымдарынын сарыгыпчыгуусун ошол чыгып жаткан зонасында токтотуу боюнча иш-чараларды2005-жылдын аягына чейин иштеп чыксын. 5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана то-кой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финасы министрлиги экологиялык аудит жүргүзүлгөндөн ки-йин № 7 жана № 8 туз чогулткучтардын карттарын реабилитациялоого жанаандан ары тейлөөгө донор өлкөлөрдүн, эл аралык финансылык институттар-дын жана донор уюмдардын инвестициялык ресурстарын тартуунун зсебиненгрант каражаттарды табышсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов