КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-декабрындагы № 598 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Талды-Булак Сол жээк" долбоору жөнүндө "Талды-Булак Голд Майнинг Компани" биргелешкен ишканасын түзүү жөнүндө макулдашууну бузууларга байланыштуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечимин эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Талды-Булак аянтын геологиялык изилдөөгө жана "Талды-Булак Сол жээк" кенин иштетүүгө "Талды-Булак Голд Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунан лицензияны кайра алуу жана жогоруда өткөрүп берүү маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген тартипте карасын. 2. Бул токтомдун аткарыдышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармактары жана жаратылыш ресурстары бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов