Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2005-жылдын 21-декабры № 601
Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-июлу № 450 токтомдун редакциясына ылайык)
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык-укуктук коргоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына күжүрмөн даярдыктан өтүү боюнча милдеттерди иштеп чыгуу үчүн алардын окуу борборлорунда, лагерлерде, полигондордо, запас аэродромдордо, кошуундар, аскердик бөлүктөр жана мекемелер туруктуу жайгашкан пункттан сырткары машыгууларда жана маневрларда болгон мезгилдери үчүн талаа акчаларын төлөө белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында - Кыргыз Республикасынын аймагында командировкада болгондо суткалык чыгымдардын белгиленген ченеминен 60 пайыз өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары - Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары командировкада болгондо суткалык чыгымдардын белгиленген ченеминен 15 пайыз өлчөмүндө, эгерде Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп эсептелген эл аралык келишимдерде талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана көлөмдөрү каралбаса.
Талаа акчаларын төлөп берүү министрликтерге жана ведомстволорго жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде 1.1.0.0. "Эмгек акы" чыгымдары беренесинин эсебинен жүргүзүлсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-июлу № 450 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Тиркелген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускама бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф. Кулов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2005-жылдын 21-декабры № 601
Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 450, 2018-жылдын 31-январындагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык-укуктук коргоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына күжүрмөн даярдыктан өтүү боюнча милдеттерди иштеп чыгуу үчүн алардын окуу борборлорунда, лагерлерде, полигондордо, запас аэродромдордо, кошуундар, аскердик бөлүктөр жана мекемелер туруктуу жайгашкан пункттан сырткары машыгууларда жана маневрларда болгон мезгилдери үчүн, ошондой эле бул бөлүктөргө жана бөлүмдөргө текшерүү, инспекциялоо жана аскердик даярдыктарды уюштурууга жана өздүк курамды турмуш-тиричилик жактан камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн командировкага жиберилген аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө белгиленсин: