Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-декабры, №605 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-майындагы № 243 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынынструктураларын өзгөртүп уюштурганга байланыштуу Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-майындагы № 243 «КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотиягакаршы республикалык атайын комиссия жөнүндө»
токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - токтомдун 3-пунктундагы жана жогоруда аталган токтом мененбекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршыжана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссия жөнүндө
жобонун 4-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Биринчи вице- премьер-министрине»деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлегенВице-премьер-министрине» деген сөздөргө алмаштырылсын; - токтом төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: «5. Комиссия кабыл алган чечимдер мамлекеттик бийликтин жанабашкаруунун бардык структуралары, менчигинин түрүнө карабастанишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери тарабынанаткарылууга милдеттүү болот.»; - 5-пункт иретине жараша 6-пункт деп эсептелсин; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршыреспубликалык атайын комиссиядагы Кыргыз Республикасынын аткаруучубийлик органдарынын өкүлдөрүнүн курамы төмөнкүдөй редакциядабаяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссиядагы Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн курамы Тараптардын координаторлору: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, төраганын орунбасары, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистри, төраганын орун басары, комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орунбасары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистринин орун басары, Граждандык коргонуу Башкы башкармалыгынын начальниги - КыргызРеспубликасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын директору, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттиксанитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкыдиректору, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржайкомплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдыкжана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуукатчысы.». Премьер-министр Ф.Кулов