Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 22-декабрындагы № 606
токтому менен бекитилген
Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү Тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)
1. 3 айга чейинки курактагы бала асырап алган
кызматкерлерге бала баккандыгы үчүн төмөнкүдөй өргүү берилет:
- бала асырап алган күндөн тартып жана асырап алынган уул
(кыз) бала төрөлгөн күндөн 70 календардык күн өткөнгө чейин, ал эми
эки же андан көп баланы бир эле мезгилде асырап алганда - алар
төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күнгө чейинки мезгилге;
- бала үч жашка чыкканга чейин эмгек акысын сактабастан
кошумча отпуск.
Бала асырап алган жубайлар асырап алган учурда аталган
өргүү алардын каалоосу боюнча жубайлардын бирине берилет.

2. Бала асырап алган кызматкер бала
баккандыгына өргүү алуу үчүн иштеген жерине өргүүнүн түрүн жана
анын узактыгын көрсөтүү менен өргүү берүү жөнүндө арыз берет жана
аны алууга кызматкердин укугун ырастоочу документтерин
бала асырап алгандыгы жөнүндө соттун чечими же баланын
(балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүк) берет.
Бала (балдарды) баккандыгы үчүн өргүүнү тариздөөдө жубайлардын
бирине ушул Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бала баккандыгы үчүн
өргүүнү ал пайдаланбагандыгы же жубайы ушул Тартиптин 4-пунктуна
ылайык берилген кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү үчүн өргүүдө
экендиги жөнүндө экинчи жубайына иштеген (кызмат өтөгөн, окуган)
жеринен маалымкат берилет.
3. Ушул Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өргүүлөрдү
кызматкерлерге берүү ар бир өргүүнүн узактыгы көрсөтүлүп, жумуш
берүүчүнүн буйругу менен таризделет.
4. Бала асырап алган аялдарга алардын каалоосу боюнча ушул
Тартиптин 1-пунктунун экинчи абзацында
көрсөтүлгөн өргүүнүн ордуна баланы асырап алган күндөн тартып 70
календардык күнгө чейинки, ал эми эки же андан көп баланы
бир эле мезгилде асырап алганда - алар төрөлгөн күндөн тартып 110
календардык күнгө чейинки мезгилге кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү
боюнча өргүү берилет.
5. Бала асырап алган аялга кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча
өргүү берүү үчүн негиз болуп кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген
эмгекке жарамсыздык баракчасы эсептелет.

6. Бала асырап алган кызматкерлерге ушул Тартиптин 1 –пунктунун
экинчи абзацында көрсөтүлгөн өргүү мезгилине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
белгилеген тартипте жана өлчөмдө баланы асырап алууда жөлөкпул
дайындалат жанатөлөнөт.

7. Бала асырап алуу жөнүндө чечим чыгарган же бала асырап алууну мамлекеттик
каттоону жүзөгө ашырган кызмат адамдары, ошондой эле бала асырап алуу жөнүндө башкача
жолдор менен кабардар болгон адамдар бала асырап алуунун сырын сактоого милдеттүү.
Бала асырап алуучулардын эркине каршы баланы асырап алуунун сырын ачыкка чыгарган
аталган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жазык жоопкерчилигине тартылышат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ