Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-декабры, №608 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» КыргызРеспубликасынын
Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүноптималдаштыруу жөнүндө» 2005-жылдын 30-ноябрындагы №607
Жарлыгынаткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жөнүндө
жобо; - Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин башкаруу схемасы. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин борбордукаппаратынын кызматкерлеринин эњ жогорку штаттык саны 49 бирдиктен(тейлөөчү персоналдардан тышкары) жана эмгек акы фондусу республикалыкбюджетте каралган каражаттардын чегинде белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнчамамлекеттик комиссиясынын укугун улантуучу болуп эсептелерибелгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги: - бир айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн чечимдери ушул токтомго ылайыккелтирилсин; - эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданиятминистрлигинин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттыкрасписаниесин бекитүүгө киргизсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы №395«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты жана мамлекетгиктилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө»
токтому күчүнжоготту деп эсептелсин. Премьер-министр Ф.Кулов