Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декбрындагы №608
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-февралындагы №128 токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин (мынданары - Маданият министрлиги) ишмердигинин укуктук жана уюштуруучулукнегизин аныктайт. 2. Маданият министрлиги аткаруучу бийлик системасындагы мамлекеттикорган болот жана театр, музыка, хореография, сүрөт, декорациялык-колдонмо, эстрада, цирк искусстволорун, маданий бош убакытты,китепкана менен музей иштерин, тарыхый, археологиялык эстеликтердиреставрациялоо жана пайдалануу, имарат куруу жана архитектура иштеринкоординациялоо, каржылоо, окутуу, маалыматтык, укуктук,консультациялык, басма жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган ишкердиктин башка түрлөрүн каржылоо жолу менен маданият,искусство, адабий чыгармачылык тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатжүргүзөт. 3. Маданият министрлиги өзүнүн ишмердигинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КыргызРеспубликасынын Президентинин буйруктарына жана жарлыктарына, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарына, ошондой элеушул Жобого таянат. 4. Маданият министрлиги юридикалык жак болуп эсептелет, КыргызРеспубликасынын Экономика жана финансы министрлигинин казначылыксистемасында өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана өзүнөбекитилген мүлкү бар. 5. Маданият министрлигинин мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышыжазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөнмөөрү, штампы жана бланктары бар. II. Маданият министрлигинин негизги милдеттери 6. Маданият министрлигинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөрэсептелет: - мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердигин координациялоо жолу мененулуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде инсандын артараптуу калыптанышы жана жетилишине багытталган маданият, искусствожана адабиятты өнүктүрүү үчүн натыйжалуу иштеген системаны түзүү; - келечектеги муундар үчүн маданий баалуулуктарды сактап калуу жанаөнүктүрүү; - ата-мекендин жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына элдин калыњкатмарын тартуу, маданият, искусство жана адабият чыгармачылыгынынжетишкендиктерин пайдаланууга жарандар мүмкүнчүлүк алуу үчүн шарттардытүзүү; - кыргыз улуттук маданиятынын ар тараптуу өнүгүшүнө, республикадажашаган элдердин улуттук маданиятынын өз ара байышына көмөк көрсөтүү; - элдик салттарды, үрп-адаттарды жана адеп-ахлактык нормалардынкайра жаралуусун камсыздоо; - маданият жана искусство чөйрөсүндө тейлөө сапатын камсыз кылуу; - маданият жана искусство уюмдарынын туруктуу өнүгүшүн камсызкылуу; - улуттук библиографияны өнүктүрүүгө мезгилдүү басылмалардын жанаулуттук басма сөздүн толук эсебин алууга жана контролдоо жүргүзүүгө,басма иштеринде улуттук жана эл аралык стандарттарды киргизүүгөкөмөктөшүү. III. Маданият министрлигинин функциялары 7. Маданият министрлиги өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруумаксатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат: - маданиятты, искусствону жана адабиятты өнүктүрүү жаатындабирдиктүү мамлекеттик саясаттын стратегиялык багытын иштеп чыгат; - маданият, искусство жана адабият чөйрөсүн ар тараптуу өнүктүрүүүчүн шарттарды түзөт; - бекитилген тартипте ведомствого караштуу ишканаларды, мекемелерменен уюмдарды каржылайт, алардын финансылык-экономикалык ишмердигине,финансылык, материалдык жана эмгек ресурстарынын тиешелүүпайдаланылышына контроль жүргүзөт; - белгиленген тартипте маданият органдары менен мекемелерининфинансылык-чарбалык ишмердигинин эсебин жана отчетун, аларды тийиштүүоргандарга тапшыруусун камсыз кылат; - маданият тутумундагы органдар менен уюмдардын материалдык-техникалык ресурстарга болгон муктаждыгын аныктайт, аларды тескейтжана аларды пайдалангандыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчиликтартат; - программалык бюджеттөөнүн негизинде ведомствого караштуумекемелердин чыгымдоо сметасын карайт жана аларды бекитет; - ведомствого караштуу мекемелердин жоболорун, түзүмүн жана штаттыкорундардын санын бекитет, жетекчи кызматкерлердин кызматтыкмаяналарынын схемасынын сакталышына байкоо жүргүзөт; - маданият жана искусство тармагында илимий изилдөөлөрдүннатыйжалуулугун жогорулатуу, алардын натыйжаларын ишке киргизүү боюнчачараларды иштеп чыгат жана иш жүзүнө ашырат, илимий жана окууадабияттарын чыгарууну камсыз кылат; - ведомствого караштуу мекемелердин ишмердигин өркүндөтүү, калктынмаданияттык зарылчылыгына мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнчамаданияторгандарына жардам көрсөтөт; - маданият, искусство жана адабиятты өнүктүрүү маселелери боюнчаминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдикведомстволордун, жергиликтүү мамадминистрациялардын, коомдук уюмдаржана чыгармачыл бирликтердин ишмердигин координациялайт; - маданий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө контрольжүргүзөт, аларга жарандардын бирдей жетишүүсүн камсыз кылат,жарандардын эркин көркөм чыгармачылыгына жана өзүн көрсөтүүсүнө жардамкөрсөтөт; - улуттук маданий мурастарды коргоо тартибин аныктайт, мамлекетгакжана жеке менчикте болгон маданият чыгармаларынын эсебин жүргүзөт,алардын мыйзамда белгиленген тартипте сакталышы боюнча чара көрөт; - мыйзамда белгиленген тартипте музыкалык, көркөм мектептерге жанаискусство мектептерине жетекчилик жүргүзөт; - мамлекеттик администрациялар менен бирге маданият жана искусствообъектилерин долборлоо жана капиталдык ремонт жүргүзүү, жањыкурулуштарды жайгаштыруу маселелеринде бирдиктүү саясат жүргүзөт; - маданият жана искусство мекемелерин капиталдык ремонттоо,модернизациялоо, техникалык жана технологиялык дењгээлдеринжогорулатуу иштерин уюштурат; - ведомствого караштуу органдар менен мекемелердин, маданиятты башкаруунун аймактык органдардын, материалдык-техникалык ресурстарга болгон муктаждыгын аныктайт, аларды тескейт жана аларды пайдалан-гандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. IV. Маданият министрлигинин ыйгарым укуктары 8. Маданият министрлиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде: - маданият жана искусствонун бардык ведомствого караштууоргандары менен мекемелери милдеттүү түрдө аткаруу үчүн ведомстволукнормативдик укуктук актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынганоблустук, Бишкек, Ош шаарларынын маданият бөлүмдөрүнүн, республикалыкмаданият жана искусство мекемелеринин актыларын жокко чыгарат; - маданият менен искусствонун ведомствого караштуу органдарынынжана мекемелеринин ишмердигине мыйзамда берилген укуктардын чегиндеконтроль жүргүзөт; - Маданият министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнчаоблустук, Бишкек, Ош шаардык маданият бөлүмдөрүнөн, республикалыкмаданият жана искусство мекемелеринен жана башка түзүмдөрдөнмаалыматтарды, отчетторду, статистикалык маалыматтарды алат; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдикведомстволор иштеп чыккан маданият жана искусство маселелеринетиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорун макулдашат; - мыйзамда аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде жана КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнчамаданият жана искусствону өнүктүрүү жаатында эл аралык, өкмөттөраралык, ведомстволор аралык келишимдерди (макулдашууну) түзөт; - таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер, башка башкаруунунборбордук аткаруу органдары менен биргелешип маданият жана искусствонуөнүктүрүү жаатында максаттуу эл аралык, республикалык жана региондукпрограммаларды иштеп чыгууга катышат жана аларды ишке ашырат; - таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер, башка мамлекеттикоргандар, иш берүүчүлөр жана башка социалдык өнөктөрменен кадрларды даярдоо үчүн керектүү кесиптердин жана адистердинтизмесин макулдашат; - Маданият министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнчаэл аралык фестиваль, кароолорду, конкурс, кењешме, семинар жанаконференцияларды уюштурат; - республикалык баланстагы маданият менен искусствонун ведомствогокараштуу органдары менен мекемелеринин чыгымдоо сметасын карайт жанабекитет, анын аткарылышын камсыздайт; - Маданият министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларын өткөрүүнүиштеп чыгат жана бекитилген сметаларды аткарат; - эмгек акылардын белгиленген фондусунун чегинде маданият мененискусствонун ведомствого караштуу органдары менен мекемелерининштаттык ордун аныктайт жана бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Маданиятминистрлиги бекиткен кызматтардын номенклатурасына ылайык маданиятжана искусство органдары менен мекемелеринин кызматкерлерин ишке кабылалат жана бошотот; - белгиленген тартипте ведомствого караштуу ишкана, мекеме жанауюмдарды каржылайт, алардын финансылык чарбалык ишмердигине,финансылык, материалдык жана эмгек ресурстарынын пайдаланылышына,эмгекти уюштуруунун прогрессивдүү форма менен ыкмаларын киргизүүсүнөконтроль жүргүзөт; - эмгек акы жана материалдык сыйлыктардын азыркы шарттарда туураколдонулушун камсыз кылат жана контролдойт, жетекчи кызматкерлердинкызматтык маяналарынын схемасын колдонуу менен эмгек акы фонддорунжана сыйлык фонддорунун чыгымдалышын контролдойт; - маданият жана искусство кызматкерлерине сыйлоонун тармактыксистемасын иштеп чыгат жана бекитет; - ведомствого караштуу мекемелердеги жана маданиятты башкарууоргандарындагы кадрлардын курамын, алардын резервин түзүүгө контрольжүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартиптеведомствого караштуу мекемелердин жана маданиятты башкарууоргандарынын кызматкерлерин аттестация жана кесиптик экзаменденөткөрөт; - маданият жана искусствонун ведомствого караштуу мекемелерине«Улуттук», «Академиялык» статусун ыйгаруу боюнча белгиленген тартиптесунуштарды киргизет; - Маданият министрлигинин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнчакалкка маалымат берүүнү жүргүзөт, маданият жана искусство системасынаметодикалык жана кењеш берүү тейлөөлөрүн камсыз кылат; - менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындатүзүлгөн концерттик оюн-зоок жамааттарын эсепке алууну жана каттоонужүргүзөт; - маданият чөйрөсүндө бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынынчыгымдалышын контролдойт жана эсебин алат. V. Маданият министрлигинин ишин уюштуруу 9. Маданият министрлигин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининсунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугуменен Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган министр жетектейт. 10. Министрдин статс-катчысы жана эки орунбасары болот. Статс-катчыны кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушужана министрдин макулдугу менен менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана кызматтан бошотот. Статс-катчынын милдеттерименен ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен статс-катчы жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка ишмилдеттер менен ыйгарым укуктарды жүктөшү да мүмкүн. Министрдин орунбасарларын министрдин сунушу боюнча КыргызРеспубликасынын Премьер-министри дайындайт, алар министрге түздөн түзбаш ийет жана ишмердигин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишкеашырат. 11. Маданият министри: - Маданият министрлигине жалпы жетекчилик жүргүзөт; - Маданият министрлигине жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жекежоопкерчилик тартат; - буйруктарга кол коет, ведомстволук нормативдик укуктук актыларды,эрежелерди, жоболорду, нускамаларды бекитет; - аларга тапшырылган иш участогуна жооптуу министрдин орунбасарларынын, cтатс-катчысы,Маданият министрлигинин түзүмдүк бөлүктө-рүнүн жетекчилеринин милдеттерин бөлүштүрөт; - ведомствого караштуу мекемелерге жана аймактык органдаргаметодикалык жетекчиликти жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт; - белгиленген тартипте өзгөчө айырмаланган маданият кызматкерлеринмамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт, материалдык жанаморалдык сыйлоонун башка чараларын колдонот; - маданият жана искусствону башкаруунун ведомствого караштуууюмдары менен аймактык органдарынын жетекчилеринин кызмат орундарынынноменклатурасына ылайык белгиленген тартипте кызматка дайындайт жанабошотот; - маданият министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнчаэл аралык келишимдерге (макулдашууларга) жана программаларга өзүнүныйгарым укугунун чегинде чет өлкөлүк өнөктөр менен сүйлөшүүлөрдүжүргүзөт жана кол коет; - маданияттын ведомствого караштуу органдары менен мекемелерининкызматтык номенклатурасын аныктайт жана бекитет, алардын ишмилдеттерин аныктайт; - белгиленген тартипке ылайык маданият менен искусствонунведомствого караштуу органдарын жана мекемелерин түзөт, кайра уюштуратжана жоет; - ведомствого караштуу мекемелер жана уюмдардын, аймактык маданиятбөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келген буйруктарыменен нускамаларын жокко чыгарат; - эмгек акынын белгиленген фондусунун чегинде ведомствого караштуууюмдардын, мекемелердин түзүмүн жана штаттык орундарынын санынбекитет; - Маданият министирлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерин,ошондой эле белгиленген тартипте Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери,мамлекеттик администрацияларынын башчылары менен макулдашуу боюнчамаданият менен искусствонун облустук, шаардык органдары мененуюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот; - маданият менен искусствону өнүктүрүү тармагында өкмөттөр аралыкмакулдашууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жанатапшырмасы боюнча кол коет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ага берилген башка ыйгарымукуктарды жүзөгө ашырат. 12. Маданият министрлигинде 11 адамдан турган коллегия түзүлөт,анын курамына кызматы боюнча министр (коллегиянын төрагасы),статс-катчысы, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Пре-мьер-министринин Аппаратынын өкүлү, искусство жана маданият ишмер-лери, ошондой эле Маданият министрлигине караштуу органдар менен уюмдардын башка жетекчи кызматкерлери кирет. 13. Маданият министрлигинин коллегиясынын жеке курамы министрдинсунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанбекитилет. 14. Маданият министрлигинин коллегиясы маданият жана искусствонуөнүктүрүүнүн негизги маселелерин карайт, Маданият министрлигининборбордук аппаратындагы башкармалыктар менен бөлүмдөрүн, ведомствогокараштуу органдар менен мекемелердин жетекчилеринин алардын ишинуюштуруу, коллегиянын чечимдерин аткарууну контролдоо боюнчаотчетторун угат. 15. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүкдобушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тењ болуп калса, төрагадобуш берген чечим кабыл алынат. Бул чечимге макул болбогон коллегиямүчөлөрү өздөрунүнүн пикирин жазуу түрүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө билдире алышат. Коллегиянын чечими министрдин буйругу мененишке ашырылат.