КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 26-январы № 40 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө Республиканын калкын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз жабдуунукамсыз кылуу жана "Кыргызгаз" акционердик коому менен республикалыкбюджеттин ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнгө салуу максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - 30 млн. сом суммасында 2004-жылга калк үчүн жаратылыш газына ба-аларды мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан "Кыргызгаз" акционер-дик коомунун чыгымдарын жабууга зарыл каражатты издеп тапсын жана "Кыр-гыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүжөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизсин; - "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетикабоюнча мамлекеттик агентствосу тарабынан белгиленген жаратылыш газыныниш жүзүндө сатылган көлөмүнө берүү тарифтери менен жаратылыш газынкалкка сатууга байланышкан "Кыргызгаз" акционердик коомунун чыгымдары-нын ортосундагы айырманы компенсациялоо жүргүзүүгө уруксат берсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана кенказып алуу тармактары бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев