Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 токтомунун негизинде күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-декабры № 610 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маселелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 194 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу ор-гандарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" жана 2005-жылдын 30-ноябрындагы№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндө" жарлыктарына ылайык, ошондой эле борбордук аткаруучубийлик органдарынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду жөнүндөжобо; - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигинин башкаруу схемасы. 2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин чектик штаттык саны107 адам (тейлөөчү персоналдан сырткары) санында бекитилсин. 3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы N194 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайыккелтирсин. 5. "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-фев-ралындагы № 86 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов