КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-декабрындагы № 611 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН Кызылкыя шаарында цемент заводун куруу жөнүндө Ош, Баткен, Жалалабат облустарын цемент менен камсыздоо жанареспубликанын экспорттук потенциалын арттыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кызылкыя шаарында суткасына долбоордук кубаттуулугу 2500тонналык цемент заводун куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коомунун сунушу жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ШОСко катышуучуөлкөлөрүнүн кредитинин чектеринде Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна жана Кытай Эл Республикасынын "Эксимбанкынын" каржылоосунасунуш кылынган долбоорлордун тизмесин Кызылкыя шаарында цементзаводунун артыкчылыктарын аныктоо аркылуу куруу долбоору менентолуктасын. 3. "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коому алынган кредиттикайтарып берүүнү ишке ашыра тургандыгы белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети "Беш-Бурхан шахтасы" ЖЧКсынын уставдыккапиталындагы мамлекеттик үлүштү сатууну белгиленген тартипте ишкеашырсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясы "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСтөлөөдөн бошотулууга тийиш болгон технологиялык жабдуулардын базалыктизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын27-майындагы № 391
токтомуна 68-статьясынаылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кийин бөлүштүрүү үчүнөндүрүлгөн цементтин жыл сайын 10 процентин монополияга каршы органбелгилеген баа боюнча, алардан кеминде үч процентин өздүк наркы боюнчабөлүп берүү жөнүндө "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коомунунсунушуна макулдук берилсин. 9. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жанаатаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине төмөнкүлөр сунушкылынсын: - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайыкцемент заводун курууга жана ишке киргизүүгө багытталганинвестицияларды актоо мезгилинин ичинде "Түштүк-кыргыз цемент" ачыкакционердик коомуна карата ички рынок үчүн цементке жөнгө салуунун бааметодун колдонуу; - "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улутгук электртармактары" ачык акционердик коомдору менен бирдикте "Түштүк-кыргызцемент" ачык акционердик коому үчүн электр энергиясына белгиленгентартипте тарифти аныктоо жана электр энергиясынын көлөмдөрүн жанатарифтерин, беш жылдык мөөнөткө алдын ала төлөө шарттарын көрсөтүүменен электр энергиясын берүүгө келишимдерди түзүү. 10. "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөрсунуш кылынсын: - өздүк каражаттардын эсебинен кубаттуулугу 2*16 МВА болгон 110\10кВ подстанциясын долбоорлоону жана курууну ишке ашыруу жана аны"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунунтейлөөсүнө өткөрүп берүү; - "Беш-Бурхан" шахтысын, конвейерди, карьерлерди, чопо жана акиташчыкчу жерлерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн өздүккаражаттардын эсебинен ЛЭП 10 кВ электр тармактарын долбоорлоону жанакурууну ишке ашыруу. 11. "Түштүк-кыргыз цемент" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөрмилдеттендирилсин: - 2006-жылдын биринчи кварталында Кызылкыя шаарында цемент заводункура баштоону камсыздоо; - долбоорлоо менен катар курулушту жүргүзүү. 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов