Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-февралындагы № 140
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тезтетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин ПРОГРАММАСЫ
Киришүү I. Стратегиялык максатка жетүү перспективаларынын жалпы көрүнүшү
II. Тездетилген экономикалык өсүштүн базалык принциптери
III. 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү 8 процентке чейин жеткирүүнүн негизги өбөлгөлөрү жана шарттары
IV. Маанилүү максаттуу багыттар
V. 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн чечилүүгө тийиш болгон негизги милдеттер төмөнкүлөр
VI. 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча саясат чаралары
1. Макроэкономикалык жана акча-кредиттик саясат
2. Мамлекеттик сарптоолорду башкаруу саясаты
3. Тышкы карызды кыскартуу стратегиясы
4. Салык жана бажы саясаты
5. Финансылык секторду өнүктүрүү
6. Реалдуу секторду өнүктүрүү
7. Менчиктештирүү
8. Тышкы экономикалык саясат
9. Социалдык саясат
10. Региондук өнүктүрүү
VII. 2006-жылга бюджеттин долбоорунун негизине алынган экономикалык өнүктүрүү сценарийине түшүндүрмө
Корутунду Киришүү Акыркы он жылда Кыргызстан радикалдуу реформаларды ишке ашырды,бул беш жыл экономикалык төмөндөөдөн кийин ИДПнын жана кирешелердинөсүшүнө алып келди. Ошондой болсо да, бул процессте өлкө олуттуу проблемаларга тушболду, анын негизгилери өлкөнүн саясий системасынын өтө начарлап кети-ши, мамлекеттик структуралардагы коррупциянын осүшү жана коомчулук үчүнмаанилүү чечимдерди кабыл алууда чыныгы ачык-айкындыктын жоктугу болду. Экономикалык фундамент, байкалаарлык бекем боло баштаса да, баарыбир туруксуз жана алсыз. Ушул кезге чейин экономиканын стратегиялык иш-каналарын менчиктештирүү этабы аяктай элек. Энергосекторду жакшыртуусаясаты натыйжасыз болуп чыкты. Көпчүлүк ишканалардын тартуучулугунунтөмөндүгү өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк капиталдын келишин ке-чењдетүүдө. Өнөр жай ишканаларынын үчтөн бири экономиканын эњ эле салыккөп түшүүчү секторунун натыйжалуулугун төмөндөтүү менен токтоп турат.Соодада жана жеке ишкердикте көмүскө ишмердиктин үлүшү чоњ. Ушунун на-тыйжасында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү жүздөгөн миллион сомдор-ду жоготууда. Ошону менен эле катар калктын жашоо-турмуш дењгээли төмөн боюнчакалууда. Кедейлик өзгөчө айыл жерлеринде жана бийик тоолуу райондордоөтө эле жай темп менен жоюлууда, мында калктын жарымынан көбүндөбүгүнкү күндө жашоо-тиричиликтин элементардык шарттары да түзүлгөнэмес. Дүйнөлүк экономикада атаандаштык улам барган сайын өсүп баратат.Биздин айланабызда - кыйла өнүккөн экономикалуу өлкөлөр турат. Алардыначык-айкын экономикалык артыкчылыктары биздин өлкөнүн экономикасынабелгилүү таасир тийгизүүдө. Кыргызстандын мьшдан аркы кайра жаралышына тоскоолдуктарды жењүүүчүн конкреттүү ниеттери жана аракеттери бар так программа зарыл. Бул Тездетилген экономикалык өсүш программасынын долбоору КыргызРеспубликасынын Президентинин 2006-жылга Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн алдына койгон максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелипчыккан. Программа кыска мөөнөттүү жана бир, 2006-жылды гана камтыйт, ант-кени 2010-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууүчүн экономикалык базаны чыњдоо жылы катары ар бир кыргызстандыктын жа-шоосун жакшыртуу үчүн экономиканы өстүрүүгө жана ушул өсүштүн үзүрүнпайдаланууга багытталган күч-аракеттерди мобилизациялоо үчүн эсептөөнүбаштоонун жањы чекити катары Кыргызстандын тарыхына кирүүгө тийиш. Стратегиялык максат: жашоо-турмуштун сапатынын көрсөткүчтөрүн жак-шыртуу үчүн 2006-жылы экономиканын тездетилген өсүшүн 8 процентке чейинжеткирүү.
I. Стратегиялык максатка жетүү перспективаларынын жалпы көрүнүшү Кыргыз Республикасын 2006-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүннегизги индикатору ички дүњ продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшүн 8 процент-ке жеткирүү болуп саналат. Ошондуктан бул документтин долбоорунун чек-теринде бардык чаралар жана аракеттер ушул максатка жетүүгө багыттал-ган. Экономикалык өнүктүрүүнүн айрым багыттары боюнча тењинен азы ишкекиргизилген өздүк ресурстарыбыздын жетиштүү потенциалдын эске алсак булмилдетти чечүү төмөнкүдөй эки: (1) мыйзамдык камсыздоо жана (2) эконо-микага зарыл жеке инвестирлөө болсо толук мүмкүн болот. Жалпысынан алганда бул максатка жеке секторду өнүктүрүүгө кедергиболгон бардык администрациялык тоскоолдуктарды жоюу аркылуу жетүү бел-гиленген. Ушундай шарттарда жеке сектор өнүгүп жана калктын кирешелеринжогорулатуу жана жакырчылыкты кыскартуу үчүн зарыл болгон иш менен кам-сыздоого мүмкүн болот. Мамлекет өз ишин нормативдик-мыйзамдык мейкиндикти өркүндөтүүгөжана кењейтүүгө; жеке инвестирлөө үчүн өлкөнүн жагымдуулугун жогорула-тууга жана мамлекеттик каражаттарды социалдык муктаждыктарга натыйжалуупайдаланууга багытташы керек. Мамлекеттик башкаруу системасын андан ары реформалоо калкка сапа-туу кызмат көрсөтүүчү аткаруу бийлигинин компактуу системасын түзүүгөбагытталат жана жарандык коомдун активдүү катышуусу менен башкаруунунжањы, чыныгы демократиялык моделине өтүүгө мүмкүндүк берет. Өлкөнү со-циалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн зор мааниси бар стратегиялык жанаконцепциялык багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерикоомчулуктун катышуусунда кабыл алынууга тийиш. Коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик структуралардын жарандык коом-дун алдындагы жоопкерчилигин болушунча жогорулатуу жана алардын иш-ара-кетинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу аркылуу жүргүзүлөт.
II. Тездетилген экономикалык өсүштүн базалык принциптери: - коомду консолидациялоо; - экономиканы өнүктүрүүдөгү дурус өзгөрүштөрдү сактоо; - мыйзамдарды иштеп чыгууда, кабыл алууда жана аткарууда жоопкер-чиликти жогорулатуу; - өздүк ресурстарды мобилизациялоо; - коомдун интеллектуалдык, бийлик жана адеп-ахлактыкмүмкүндүктөрүн бириктирүү.
III. 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү 8 процентке чейин жеткирүүнүн негизги өбөлгөлөрү жана шарттары 1) Саясий туруктуулукту камсыздоо. 2) 2006-жылга программанын долбоорунун чектеринде каралган мыйзам-дарды өркүндөтүү. Салык салуу чөйрөсүндө чаралардын пакетин кабыл алуу: - 650 сомго базалык салык салынбачу минимум менен жеке адамдарданалынуучу киреше салыгынын 10% өлчөмүндөгү бирдиктүү ставкасын киргизүү; - ишканалардын пайдасына салыктын ставкасын 2006-жылдын 1-январы-нан тартып, ал эми табигый жана уруксат берилген монополиялар үчүн2007-жылдын 1-январынан тартып 20дан 10 процентке чейин кыскартуу; - айыл чарба продукциясынын ири өндүрүшчүлөрү үчүн, ошондой элеалып келинүүчү технологиялык жабдууларга КНСти жоюу жана ушул сыяктуубир катар чаралар; - Бишкек жана Ош шаарларында эксперимент түрүндө мүлккө салык кир-гизүү; - "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Салык кодексин жеткире иштеп чыгуу. Акча-кредит чөйрөсүндө: - "Депозиттерди коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоо жана Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешине берүү; - "Акчаны актоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин кароосуна киргизүү (экинчи жолу). Агрардык секторду өнүктүрүү үчүн: Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуужана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө киргизүү: - "Жайыттар жөнүндө"; - "Өсүмдүктөрдүн карантини жана фитосанитардык контроль жөнүндө"; - "Үрөн жөнүндө"; - "Балык чарбасы жөнүндө"; - "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум ишижөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин селекция жана асыл тукумиштер боюнча мамлекеттик программаны толук аткарууну камсыз кылуучукөлөмдөрдө Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан (АЖБФ) айдоожерлерин жењилдетилген шарттарда ижарага берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдүкиргизүү. Ички транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн: - Жол фондун түзүү жана каражаттарын пайдалануу тартибин КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинде бекитүү. Турак жай курулуш чөйрөсүндө: - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин долбоорун жана нор-мативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; - "Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштепчыгуу. Энергетикада: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан төмөнкүлөрдү бе-китүү: - "Кыргызэнерго" АКын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүпрограммасын IV этабын жана электр бөлүштүрүү компанияларын концессиягаөткөрүүнү баштоону; - Кыргыз Республикасында газ тармагын өзгөртүп кайра түзүү жанаменчиктештирүү программасын жана программанын иш-чараларын жүзөгө ашырабаштоону. Менчиктештирүү боюнча: - "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даяр-доо жана аны илгерилетүү. Социалдык сектордо: - колдонуудагы мыйзамдардын мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардысоциалдык колдоо бөлүгүн кайра кароо. Децентралдаштыруу: - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилгенөзгөртүүлөрдүн негизинде "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун не-гизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү. 3) Экономиканын стратегиялык тармактарына (кен казып алуу өнөр жа-йы, энергетика, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, инфраструкту-ра, туризм) жеке инвестицияларды тартуу жана аларды илгерилетүү. 4) Финансы секторунун жана банк системасынын туруктуулугун жогору-латуу. 5) Салык базасын кењейтүү үчүн көмүскө экономиканы легалдаштыруу. 6) Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча конкреттүү демилгелерди ишкеашыруу. 7) Өндүрүштү жана экспортту диверсификациялоо. 8) Эмгек рыногун жана эмгек мамилелерин либералдаштыруу.
IV. Маанилүү максаттуу багыттар: - макроэкономикалык туруктуулукту сактоо; - банк секторунун ролун күчөтүү жана финансы системасынын турукту-улугун жогорулатуу; - тышкы карыздын оорчулугун жењилдетүү; - салык мыйзамдарын реформалоо чөйрөсүндө олуттуу бурулуш; - бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу; - социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга так багыталуу; - өнөр жайды көтөрүү; - рынок экономикасынын тийиштүү шарттары менен транспорт инфраст-руктурасын жана эл аралык маанидеги коммуникациялык магистралдардытүзүү; - колдонуудагы телекоммуникациялык тармактарды модернизациялоо жа-на аларды дүйнөлүк тармакка интеграциялоо; - калкты иш менен камсыздоону жогорулатуу; - айрыкча айыл жерлеринде саламаттыкты сактоо жана билим берүүчөйрөсүнүн абалын жакшыртуу; - кесиптик жана жогорку билим берүү системасын реформалоо; - илим жана маданиятты өнүктүрүү; - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жарандарды социалдык коргоодењгээлин жогорулатуу; - Кыргызстандын жањы тышкы саясий образын эл аралык аренада калып-тандыруу.
V. 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн чечилүүгө тийиш болгон негизги милдеттер төмөнкүлөр: Макроэкономикалык саясат жагында: - инфляцияны төмөнкү дењгээлде кармоо; - улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо; - салык салуудагы диспропорцияларды четтетүү; - экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кењейтүү үчүн ишкер климатты жак-шыртуу; - жеке секторду колдоо жана экономикалык өсүштөгү, бюджеттин кире-шелерин көбөйтүүдөгү анын ролун күчөтүү; мамлекеттик чыгымдарды башкаруу жагында: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сарптоо милдеттенмелерин опти-малдаштыруу; - программалык негизде бюджеттик уюмдардын мамлекеттик чыгымдарынкаржылоо системасына өтүү; - жакырчылыкты жоюуга жумшалуучу каражаттарды көбөйтүү; - өлкөнүн бюджетин децентралдаштыруу; - бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздоо; - Париж клубу менен макулдашуулардын чектеринде тышкы карыздыреструктуралаштыруунун эсебинен аны тейлөөнү кыскартуу; тышкы карызды кыскартуу стратегиясы боюнча: - Париж клубунун кредиторлорунун 2005-жылдын 11-мартындагы Прото-колдун шарттарын аткарууну улантуу; - Париж клубуна мүчө эместер менен эки тараптуу макулдашуулардытүзүү; - НIРС/G8 демилгелеринин чектеринде иштерди илгерилетүү (финансыинституттарына карызды эсептен чыгаруу боюнча демилге); салык жана бажы саясаты жагында: - чарбакер субъекттерден салык түйшүктөрүн акырындык менен азай-туу; - ишкердик субъекттерин көмүскө экономикадан чыгаруу жана мыйзам-дуу бизнести кењейтүү; - чарбакер субъекттердин иштерине укук коргоо органдардын кийли-гишпөөсү; - контрабандага каршы күрөшүү; - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясын кабылалуу; финансы секторун өнүктүрүү жагында: - банк секторунун ролун күчөтүү; - финансы системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорула-туу; - реалдуу секторду кредиттөө көлөмдөрүн көбөйтүү; - коммерциялык банктардын капиталдык базасын чыњдоо; - коммерциялык банктардын иш-аракетине көзөмөлдү күчөтүү; - накталай түрдөгү эсептешүүлөрдү кыскартуу жана накталай эместүрдөгү бүтүмдөрдү жүргүзүүгө өтүү; - калктын чакан каржылоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кењейтүүгөбагытталган 2006-2010-жылдарга чакан каржылоону өнүктүрүүнүн ортомөөнөттүү стратегиясына ылайык чакан кредиттөө системасын өнүктүрүү; - кредиттик союздардын андан ары өнүгүшүн кечењдетүүчү негизсизчектөөлөрдү жоюу; өнөр жайды өнүктүрүү жагында: - стратегиялык тармактарды - энергетиканы, алтын казып алуу, айылчарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү жана текстиль өндүрүшү, курулушматериалдар өнөр жайын тездетип өнүктүрүү; - иштеп жаткан ишканаларды жандандыруу; - жањы ишканаларды куруу; - иштебей токтоп турган, бирок ишке жөндөмдүү ишканаларды ишкекиргизүү; - энергосекторду радикалдуу реформалоо жана жакшыртуу; - бюджетке ишканалардын өткөн жылдардагы карыздарын реструктура-лаштыруу; - көмүскө экономиканын көлөмдөрүн азайтуу; - продукциянын өздүк наркын азайтуу жана ишканалардын рента-белдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жергиликтүү сырьену болушунча пайдалануу; агрардык сектордо: - өлкөнүн калкын тамак-аш азыктары менен, кайра иштетүүчү өнөр жа-йын - сырье менен туруктуу камсыздоо; - айыл чарба кооперацияларын түзүү аркылуу сатып өткөрүүнүн турук-туу рыногуна чыгуу; - кайра иштетүү көлөмдөрүн 20 процентке жана экспортту - 12 про-центке көбөйтүү; - кредиттик ресурстарды көбөйтүү жана аларга жеткиликтүүлүктүжөнөкөйлөтүү; курулушта: - Жерүй жана Талдыбулак Сол жээк алтын кендерин иштетүү боюнча ин-весторду аныктоону тездетүү; - Камбарата ГЭС-1, ГЭС-2ге инвестицияларды тартуу жана курулушунбаштоо, башка ГЭСтерди модернизациялоо; - Ош-Сарыташ-Иркештам автожолдорун реабилитациялоо жана Бишкек-На-рын-Торугарт транзиттик коридорун куруу; - турак жай курулушун, анын ичинде ипотекалык кредиттөө системасынишке киргизүүнүн эсебинен өнүктүрүү; кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө: - соода, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын оњдоо кызматтарынтездетип өнүктүрүү жана расмий эмес экономиканын үлүшүн нормативдикукуктук базаларды талдоону, финансылык контролдоону жана өркүндөтүүнүжакшыртуунун эсебинен болжол менен эки эсеге кыскартуу; - чекене ири соода ишканалар тармагын өнүктүрүү жана анын негизин-де соода жагынан тейлөө жана тармакты сервистин азыркы учурдагы индуст-риясына өзгөртүп кайра түзүү формаларын өркүндөтүү; - электрондук сооданы өнүктүрүү; - уюктук байланышты пайдалануучуларды жана уюктук байланыш компа-нияларынын санын көбөйтүүнүн эсебинен электр жана почта байланышынынкызматтарын активдүү өнүктүрүү; - айылдардагы телефон тармагын модернизациялоо жана республиканынжергиликтүү телефон тармагынын техникалык абалын жакшыртуу; - туристтик тейлөө инфраструктураларын түзүүнүн жана туризм объек-ттерин менчиктештирүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоонун эсе-бинен туризмди өнүктүрүү; - мамлекеттин жана туристтик кызматтардын жеке өндүрүүчүлөрүнүнкызыкчылыктарын айкалыштыруу аркылуу тармакты башкаруунун оптималдууструктурасын түзүү; менчиктештирүү жагында: - 2004-2006-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктименчиктештирүү программасын аткаруу; - иштеп жаткан ишканаларды активдештирүү жана финансылык абалынжакшыртуу; тышкы экономикалык саясат жагында: - региондук-өлкөлүк багыттоо жана тышкы соодадан өз ара пайдакөрүү; - натыйжалуу экспорттук саясат жана Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ)принциптеринде тышкы сооданы ишке ашыруу; - экспорттук потенциалдын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууүчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана натыйжалуу пайдалануу бо-юнча укуктук шарттарды, механизмдерди өркүндөтүү; пенсиялык камсыздоо жагында: - 2006-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн, ал эми2006-жылдын 1-майынан тартып - пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн орточо10 процентке жогорулатуу; - камсыздандыруу взносторун чогултууну башкарууну жакшыртуу; - камсыздандыруу взносторунун базасын кењейтүү; - камсыздандыруу взностору боюнча мөөнөтү өткөн карыздардыөндүрүү; социалдык коргоо чөйрөсүндө: - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жарандарды даректүү социалдыккоргоону күчөтүү; - мамлекеттик пособиелерге болгон муктаждыкты аныктоо методология-сын өркүндөтүү; - керектөөнүн гарантияланган минималдуу дењгээлинин өлчөмүн 25процентке жогорулатуу аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жаран-дарга мамлекеттик пособиелердин орточо өлчөмүн жогорулатуу; саламаттык сактоо чөйрөсүндө: - "2006-2010-жылдарга Манас таалими" саламаттык сактоону андан арыреформалоо стратегиясын кабыл алуу жана ишке ашыруу; - медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана саламаттыксактоо уюмдарын медициналык жабдуулар менен камсыздоо; - медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу; - өтө оор оорулардан өлүмгө дуушар болгондорду жана ооругандардыазайтуу; - айыл жерлеринде саламаттык сактоо кадрларын бекемдөө; билим берүү чөйрөсүндө: - кен казып алуу, гидроэнергетика, айыл чарба, кайра иштетүү жанатуристтик тармактар үчүн адистерди кењири даярдоого басым жасоо мененкесиптик жана жогорку билим берүү системасын реформалоо; - билим берүү секторунда ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугунжогорулатуу; - билим берүү секторлорунун кадрларын даярдоо жана кадрларды айылжерлерине бекитүү; - сапаттуу билим берүүгө жеткиликтүүлүктү ишке ашырууга мүмкүндүкберүүчү азыркы учурдагы телекоммуникациялык системаны түзүү.
VI. 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча саясат чаралары
1. Макроэкономикалык жана акча-кредиттик саясат Макроэкономикалык саясат ИДПнын реалдуу өсүшүнүн 8 процент дењгээ-линде камсыздоого жана инфляциянын темпин 4,5 проценттен ашпагандайкармоого багытталат. Акча-кредиттик жөнгө салуу инфляцияны төмөнкү дењгээлде кармоогожана бир кылкалуу алмашуу курсунун саясатын сактоого багытталат, мындаалмашуу курсунун кескин түрдөгү өйдө-төмөндүгүн жењилдетүү жана алыпсатарлык операциялардын алдын алуу менен гана банктар аралык валюталыкрынокко интервенцияны ишке ашыруу. Учурдагы операциялардын эсеби 2005-жылдагы 131,5 млн. АКШ доллары-нан 2006-жылы экспортко караганда импорттун басымдуулук кылышынан улам144,8 млн. АКШ долларына чейин төмөндөшү мүмкүн экендиги болжолдонууга. Бюджеттин тартыштыгы (кассалык) 2005-жылдагы 4,6 проценттен2006-жылы 3,5 процентке чейин кыскарат. Бул тышкы карыздарды жабуугажана жеке инвестицияларды стимулдоого мүмкүндүк аркылуу карыздарды кыс-картууга көмөктөшөт. Инвестициялардын коэффициенти 2006-жылы ИДПга ка-рата 22,2 процентке чейин өсөт, эњ башкысы бул жеке инвестициялардынэсебинен мүмкүн болот, ал тездетилген экономикалык өсүшкө жетишүүдө не-гизги ролду ойноого тийиш. Мындай өсүш үчүн ички аманаттардын зарыл көлөмү банк системасынынтуруктуулугу жана ишенимдүүлүгү кандайча жогорулагандыгына жараша жекебанктык аманаттардын өсүшүнүн эсебинен камсыздалат.
2. Мамлекеттик сарптоолорду башкаруу саясаты Мамлекеттик сарптоолорду башкарууну реформалоо боюнча негизги мил-деттер төмөнкүлөр болот: а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоомилдеттенмелерин оптималдаштыруу; б) программалык негизде бюджеттикуюмдарды мамлекеттик чыгымдарды каржылоо системасына өткөрүү; в) жакыр-чылыкты жоюуга жумшалган каражаттарды көбөйтүү; г) өлкөнүн бюджетин де-централдаштыруу; д) бюджеттик ачык-айкындуулукту жогорулатуу; е) креди-торлордун Париж клубу менен макулдашуулардын алкагында тышкы карыздыреструктуралаштыруунун эсебинен аны тейлөөнү кыскартуу. Бюджеттин орто мөөнөттүү божомолунун инструментин өркүндөтүү жанабюджетти программалык негизде түзүү өнүгүүнүн артыкчылыктарын негиздөөменен келечекте финансы жагындагы ийкемдүү мамлекеттик саясатты калып-тандырууга мүмкүндүк берет. Бул багытта бюджеттин ресурстары менен ор-точо мөөнөттүү артыкчылыктарды кыйла негиздүү байланыштыруу жана маа-нилүүлүгүнө жараша аларды бөлүштүрүү жагындагы иштерди күчөтүү милдетитурат. Азыркы убакта РЕFАнын берген баасынын жыйынтыктары боюнча (мамле-кеттик чыгымдар жана финансылык отчеттуулук), ошондой эле РРЕRнын баасыжана рекомендациялары боюнча (мамлекеттик чыгымдардын программалык об-зору) 2006-жылга бюджеттик процессти жакшыртуу боюнча иш-аракеттердинпланы иштелүүдө, ал бюджетти пландаштыруу, түзүү жана аткаруу процессинжакшыртууга багытталган бир катар иш-чараларды камтыйт.
3. Тышкы карызды кыскартуу стратегиясы Тышкы карызды кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнстратегиясы 2006-жылы кредиторлордун Париж клубунун 2005-жылдын 11-мар-тындагы Протоколунун шарттарын аткарууну улантууга жапа Париж клубунамүчө эместер менен эки тараптуу макулдашууларды түзүүгө, ошондой элеHIРС/G8дин процедурасы жагынан донорлордун демилгеси боюнча зарыл мате-риалдарды изилдөөгө жана даярдоого багытталат. Жањыдан тартылуучу бардык мамлекеттик займдарга карата гранттыкэлементтин 45 процент боюнча талабы сакталат. Кандайдыр бир жењилдик берилбеген мамлекеттик займдарды тартуугаже алар боюнча мамлекеттик гарантияларды берүүгө жол берилбейт. Мындантышкары жењилдетилген шарттарда тартылуучу займдардын көлөмүнө чек ко-юлбайт. Шарттардын салыштырмалуулугу жөнүндө кредиторлордун Париж клубунунжоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Париж клубу менен конк-реттүү консультацияларды өткөрбөстөн менчиктештирүүдөн мүмкүн болуучутүшкөн каражаттарды пайдалануу менен тышкы карызды мөөнөтүнөн мурдатөлөөдөн карманат. Акционердик коомдордогу акциялардын мамлекеттик пакетине карыздыкмилдеттенмелерди алмашуу боюнча чаралар кредиторлордун Париж клубу ме-нен консультациялардан кийин гана кабыл алынат.
4. Салык жана бажы саясаты Эл аралык донор уюмдары менен жетишилген макулдашууларга КыргызРеспубликасынын Өкмөтү аныктаган берилгендикти эске алуу менен 2006-жы-лы фискалдык саясат ушул макулдашууларга олуттуу карама-каршылыктаргабарбай тургандай түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясытөмөнкүлөргө багытталган: - Кыргыз Республикасында салык реформаларын ишке ашыруу үчүн болу-шунча ыњгайлуу шарттарды түзүүгө; - ишкердик субъекттеринин иштерин активдештирүүгө; - инвестициялардын агымын көбөйтүүгө; - салыктык башкарууну жакшыртууга; - акыйкаттуу салык салуу үчүн шарттарды түзүүгө; - салык мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларыменен жана жалпысынан өнөктөш өлкөлөрдүн салык салуулары менен шайкешкелтирүүгө. Кыргыз Республикасынын жањы Салык кодексин кабыл алуу менентөмөнкүлөр болжолдонот: - автотранспорт каражаттарына салыкты көбөйтүү; - ишканалардын пайдасына салыктын ставкаларын 10 процентке чейиназайтуу; - 650 сомго базалык салык салынбоочу минимум менен жеке адамдарданкиреше салыганын бирдиктүү ставкасын 10 процент өлчөмүндө аныктоо; - айыл чарба продукциясын берүүгө КНСти жоюу; - кириштөө ыкмасы менен өздүк өндүрүш үчүн импорттолуучу негизгикаражаттарга КНС төлөө; - алкоголдук продукцияга колдонуудагы ставкаларды кайра карап чы-гуу; - жер салыгынын ставкаларын көбөйтүү. Ошону менен бирге салык саясатын андан ары реформалоонун алкагында2006-жылы кыймылсыз мүлккө салык алуу жөнүндө жоболорду бекитүү; реак-тивдүү отунга акциздик салык алуу механизмин кайра кароо; милдеттүү па-тенттөө боюнча ставканы көбөйтүү; "Бишкек" ЭЭЗинен тышкары бардык ЭЭЗ-дерди жоюу сыяктуу чараларды киргизүү аркылуу салыктарды натыйжалуу чо-гултууну оптималдаштыруу болжолдонот. Мындан тышкары Салык кодексинин жањы редакциясынын алкагында биркатар принциптүү милдеттерди чечүү, барыдан мурда - ак ниеттүү салыктөлөөчүлөр үчүн болушунча ыњгайлуу шарттарды түзүү жана салыктытөлөөдөн качкандарга талапты катуулатуу болжолдонот. Акниеттүү салык төлөөчүлөр үчүн бизнести эркин жүгүртүү үчүн не-гизги өбөлгөлөр төмөнкүлөр болууга тийиш: - фискалдык органдардын толук кийлигишпөөсү; - салыктарды өздөрү эсептеп чыгаруусу; - тышкы аудитти киргизүү. Бардык ушул милдеттерди чечүү ишкердикке чоњ эркиндиктерди камсыз-доо жана аларга карата мамлекет жагынан калыс мамилелерди камсыздооүчүн фискалдык чөйрөдөгү кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк берет. Натый-жада бул биздин өлкөдөгү бизнести узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн чыныгыкошумча гарантияларды бермекчи.
5. Финансылык секторду өнүктүрүү Банк системасын андан ары чыњдоо, финансылык рынокторду терењдетүүКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-аракетиндеги негизги артык-чылыктардан болуп калат. Коммерциялык банктарда башкаруу практикасынжакшыртуу жана алардын финансылык туруктуулугуна баа берүү максатындарыноктук, операциялык жана башка тобокелдиктердин мониторинги үчүнкөзөмөлдөө негиздери күчөтүлөт. Натыйжалуу банктык көзөмөлдөөнүн жалпы принциптерин жана консоли-дацияланган көзөмөлдөө принциптерин андан ары ишке киргизүүнүн, банк-тардын капиталын жогорулатуунун негизинде коммерциялык банктардын иште-рине көзөмөлдү ишке ашырууга өзгөчө көњүл бурулат, бул жыйынтыгындабанктардын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана финансылык ортомчу-луктун дењгээлин жогорулатууга алып келүүгө тийиш. Депозиттерди коргоо системасын колдонууга киргизүүнү тездетүү бо-юнча ишкер жүргүзүлөт. Кредиттер боюнча проценттик ставкаларды андан ары азайтуу кре-диттөө, соттон тышкаркы тартипте күрөөнү кабыл албоону колдонуу жол-жо-болорун жөнөкөйлөтүү, банк системасына чет өлкөлүк инвестицияларды тар-туу жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча иш-чараларга көмөктөшөт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясында карал-ган айрым нормалар реалдуу секторду кредиттөө шарттарын жакшыртууга,депозиттик базаны, банктардын кредиттик портфелин турукташтырууга жанакөбөйтүүгө, импорттук технологиялык жабдуулар менен лизингдик операция-ларды кењейтүүгө көмөктөшөт. Жалпысынан банктык ишке карата кабыл алын-ган нормалар банктык операциялар рыногун өнүктүрүүгө алып келүүгө ти-йиш.
6. Реалдуу секторду өнүктүрүү Тездетилген өсүштүн стратегиясы өздүк ресурстардын жана реалдууөндүрүштүн негизги секторлорунун салымынын эсебинен экономиканыөнүктүрүүгө багытталат: - өнөр жай өндүрүшүнүн стратегиялык тармактарын (энергетика, алтынказып алуу, айыл чарбасын продукциясын кайра иштетүү, тигүү жана текс-тиль өндүрүшү, өнөр жай курулуш материалдары); - айыл чарбасын; - кызмат көрсөтүүлөрдү кењейтүү жана сапатын жакшыртуу; - өлкөнүн өзгөчө аз камсыз болгон жарандары үчүн турак жай куруунуактивдештирүү. ИДПнын реалдуу өсүшүнүн максаттуу көрсөткүчү 8 процент дењгээлгежеткирүү үчүн өнөр жайдагы өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн - 5,8 процентке("Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда - 9 про-центке), айыл чарбасында - 6 процентке, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө -9,1 процентке жана курулушта - 20 процентке камсыз кылуу зарыл. Ошону менен бирге тездетилген экономикалык өсүш үчүн мүмкүн болуу-чу тобокелдиктер жана коркунучтар бар: айыл чарбасында - жаратылыш-тык-климаттык фактор, тармактын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгү, товардуу-луктун, продукциянын айрым түрлөрүн кайра өндүрүүнүн дењгээлининтөмөндүгү жана сатып өткөрүүнүн туруктуу рынокторунун жоктугу; өнөржайда - энергетикалык сектордун жайбаракаттык менен жакшыра башташы;кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө - көмүскө экономика. 6.1. Өнөр жайы Өнөр жай өндүрүшүн 2006-жылы 5,8 процентке чейин тездетилгенөсүшүн негизинен сырьенун ички булактарына таянуу менен камсыз кылуубелгиленген. Кен казып алуу өнөр жайында реалдуу өсүш 9,3 процент дењгээлиндеболжолдонот. Курулуш материалдар өндүрүш үчүн жаратылыш сырьелорун кол-донуу натыйжалуу болот, бул курулуштун өсүшүнө жана кымбат эмес жерги-ликтүү курулуш материалдарына жеткиликтүүлүккө түрткү берет. Көмүр казып алуучу тармактын ишканаларынын ишин активдештирүү мак-сатында Каракече кенин иштетүүчү ишканалардын иштерин турукташтыруунукамсыздоо; өлкөнүн ичинде көмүр сатуу жана аны экспорттоо маселелеринчечүүгө көмөктөшүү; көмүр казуучу тармактарды өнүктүрүүгө бюджеттик ка-ражаттарды өз учурунда бөлүү зарыл. "Кумтөр" алтын казып алуучу тармакта Кумтөрдөгү өндүрүштүн кыска-рышын компенсациялоочу таасирдүү чаралар каралат. 2006-жылы "Кумтөр"кенин иштетүүчү ишканалардын өлкөнүн экономикасына таасири нейтралдууболот. 2006-жылы Макмал жер алдындагы руднигин курууну аяктоо, Солтонсарыжана Терексай рудниктеринин туруктуу иштешин камсыздоо жана ушул ишка-налардын сырьелук базасын кењейтүү боюнча геологиялык чалгындоо иштери-не инвестицияларды тартуу зарыл. "Жерүй" жана "Талды-Булак Сол жээк" алтын кендерин иштетүү боюнчаинвесторду аныктоону тездетүү да зарыл. Өндүрүштү диверсификациялоо боюнча милдеттерди чечүү "Кумтөр" ке-нинде алтын казуунун кыскарышын гана компенсациялоого мүмкүндүк бербес-тен, ошондой эле "Кумтөр" кениндеги иштин абалына жалпы эле өнөр жайсекторунун өнүгүшүнүн көз карандылыгын жана экономиканын туруктууөсүшүнүн тобокелдиктерин азайтууга да мүмкүндүк берет. Өнөр жайда "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албагандареалдуу өсүш иштеп жаткан ишканаларды активдештирүүнүн; жањы ишканалар-ды куруунун; иштебей токтоп турган, бирок иштеп кетүүгө жөндөмдүү ишка-наларды колдонууга киргизүүнүн; иштеп кетүүгө жөндөмдүү ишканалардыбалластан тазалоонун эсебинен 9,0 процент дењгээлинде болжолдонот. Энергетикалык сектордогу реалдуу өсүш 3,5 процент дењгээлинде бол-жолдонот. Электр энергетикасын андан ары реформалоо "Кыргызэнерго" Акынменчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуу программасына ылайыктуужүргүзүлөт. Кумтөрдү жана энергетика секторун эсепке албаганда өнөр жайөндүрүш көлөмдөрүнүн өсүшүн 10,7 процент дењгээлинде камсыздоо болжол-донот. Иштебей токтоп турган ишканаларды: Аксуудагы жүгөрүнү кайра иш-тетүүчү кант комбинатын, Карабалта тоо кен комбинатын, "Кристалл" заво-дун, Бишкек машина куруу заводун, Кыргыз-кытай кагаз чыгаруу фабрикасынкалыбына келтирүүдөн өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнүн реалдуу темпине ко-шулган салым 1,1 проценттик пункт дењгээлинде бааланат. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө зор салым суусундуктарды жана тамеки-ни кошо алганда тамак-аш азыктарын чыгаруу боюнча тармактардын (8%ке),текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн (10%ке); металл эмес башка минералдыкпродуктуну чыгаруучу тармактардын (12,9%ке) иштеринен ири ишканалардыништерин жандандыруунун жана жањы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн эсе-бинен күтүлөт. 2006-жылдын биринчи кварталында Кызылкыя шаарында цемент заводункуруу маселеси изилденет. Өткөн жылдар үчүн ишканалардын бюджетке 18 млрд. сом көлөмүндөтоптолгон карыздарын реструктуралаштыруу максатында инвесторлор үчүнстимулдоочу схемаларды колдонуу менен төмөнкүдөй максаттарды чечүү за-рыл: а) "Илбирс" АКнын, "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" АКнын, "Фар-мация" АТАКынын проценттер жана айыптар боюнча карыздарын реструктура-лаштыруу; б) күрөөдө турган өндүрүштөрдү төлөөгө жөндөмдүү субъекттерге("Жибек-Жолу" АК, "Байпак" АК, "Буудай" АКыларына) ижарага берүү; в)карыздарды сатып алуучуга кайра тариздөө менен акциялардын мамлекеттикпакетин сатуу ("Айдан-Фарма" АК); г) 1:3 катышында ишканаларга инвес-тирлөө көлөмдөрүнө жараша проценттер, айыптар жана негизги сумма боюнчаэсептен чыгаруу. Энергосекторду жакшыртуу жана салмакталган тарифтик саясат ИДПнын структурасында кыйла үлүштү ээлеген (5%) жана бюджеттитүзүүчү болуп саналган (салыктык түшүүлөрдүн 10%и) энергетика секторун-дагы түзүлгөн оор финансы-экономикалык кырдаал макроэкономикалык турук-туулукка жана республиканын бюджетинин туруктуулугуна олуттуу терс таа-сир тийгизет. Бүгүнкү күндө энергетика компанияларынын чет өлкөлүк займдар жанабюджеттик ссудалар боюнча кредитордук милдеттенмелери 4,3 млрд. сомду(алардан негизги үлүштү "Электр станциялары" ААКы - 1,3 млрд. сомду жа-на "НЭСК" ААКы - 2,5 млрд. сомду) түзөт, анын ичинде мөөнөтү өткөн ка-рыз 1,5 млрд. ашуун сом; салыктык төлөмдөр боюнча карыз - 625 млн. сомжана бажы төлөмдөрү боюнча - 103 млн. ашуун сом, дивиденддер боюнча -408 млн. сом. Энергетикадагы мындай кырдаалдын негизги себептери төмөнкүлөр бо-луп саналат: - жабдуулардын эскиришинен улам техникалык коромжулуктардын кыйлаөсүшү; - эсепке алуу приборлорунун жоктугу, менеджменттин начардыгы,энергетика системасында уурдап-тоноолордун жана коррупциянын болушу ме-нен шартталган коммерциялык жоготуулардын жогорку дењгээли; - электр энергиясын керектөөчүлөрдүн төлөм дисциплинасынынтөмөндүгү; - жабдууларды калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого чыгым-дарды камсыздоо үчүн каржылоонун ишенимдүү булактарынын жоктугу. Энергетика секторунда түзүлгөн оор финансы-экономикалык кырдаалэнергетика секторун толук масштабдуу реструктуралаштыруу аркылуу, жекесекторду жана инвестицияларды тартуу менен аны тез арада жакшырышынабагытталган кечиктирилгис чараларды көрүүнү жана милдеттерди чечүүнүталап кылат, бул түпкү натыйжасында сектордун башкаруу потенциалын жанаэксплуатациялык натыйжалуулугун жогорулатууга, башкача айтканда чыгам-дарды кыскартууга, баа түзүүнү рационалдаштырууга жана энергия мененжабдуу кызматтарын көрсөтүү сапаттарын жакшыртууга алып келүүгө тийиш. Электр энергетика секторундагы финансылык абалды мониторингжүргүзүү үчүн экономикалык шайман катарында 2002-жылдан тартып ПРГФпрограммасына максаттуу көрсөткүч - электр энергетикасында квазифискал-дык (КФД) киргизилген, ал жыл сайын ИДПга карата 1 процентке төмөндөөгөтийиш. Энергетика секторундагы реформаларды аяктоодо жана республиканынэнергетикалык коопсуздугунун милдеттерин камсыздоодо прогресске жетишүүүчүн энергетика секторун жакшыртуу жана квазифискалдык тартыштыкты кыс-картуу жагындагы саясаттын негизги багыттары төмөнкүдөй чараларды ишкеашыруу да белгиленет: - электр энергетика ишканаларын башкарууга жеке секторду тартуубоюнча чаралар; - төлөмдөрдү эсептөөнү жана чогултууну өркүндөтүүгө багытталганинвестирлөө планы, эсепке алуунун колдонуудагы приборлору модернизация-лоонун жана алдын ала төлөө менен же башка азыркы учурдагы модификация-да иштөөчү электр энергияны эсептөө приборлорун орнотууну камсыздоонунэсебинен коммерциялык жоготууларды кыскартуу; - жањы өткөрүү линияларын жана трансформатордук станцияларды ре-конструкциялоо жана куруу, электр энергиясын керектөө үчүн башкаруунужакшыртуу; - энергетика ишканаларына катуу финансылык тартип киргизүү жанакоюлган эсептегичтер менен 100 проценттик төлөмдөрдү чогултууну, аныничинде акчалай түрдөгү төлөмдөрдү чогултуу дењгээлин жогорулатууну кам-сыз кылуу, электр энергиясы жана коммуналдык кызматтар үчүн эсептешүүдөбартердик операциялар жана өз ара эсептешүүлөр менен төлөөгө тыюу са-луу; - энергетикада квазифискалдык тартыштыкты ИДПга карата жылына 1,0процентке кыскартуу; - энергетика секторунда финансылык ишке жөндөмдүүлүккө жетишүүгөмүмкүндүк берүүчү натыйжалуу тарифти иштеп чыгуу. Тарифтик саясат 2003-2006-жылдарга электр жана жылуулук энергиясы-на кабыл алынган Орточо тарифтик саясаттын алкагында ишке ашырылат,анын башкы максаты энергетика секторун өзүн-өзү актоо принциптерин кир-гизүү, кайчылаш субсидияларды этап-этабы менен четтетүү, инвестициялыкжагымдуу чөйрө түзүү, ошондой эле электр энергетикадагы квазифискалдыктартыштыктын (КФД) өлчөмүн жыл сайын азайтуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу тарифтердин дењгээлин аныктоо, анын кыйла натый-жалуу структурасын түзүү, өндүрүш боюнча ар бир этапка реалдуу сарптоо-лорду изилдөө жүргүзүү, керектөөчүлөрдүн конкреттүү категориялары үчүнэлектр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, кайчылаш субсидияларды чет-тетүү, капиталдык инвестициялардын тарифтер менен жабыла турган реалдуупрограммаларын аныктоо жана көрсөтүлгөн программалардын аткарылышынконтролдоо боюнча жањы методологияны иштеп чыгуу менен жогорудагы сая-сатты жүзөгө ашыруу жагынан иштер алдыда турат. 6.2. Айыл чарбасы Экономиканын агрардык секторун өнүктүрүү стратегиясы өндүрүш, айылчарба продукциясын кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү жана дыйкандар мененфермерлердин кирешелерин көбөйтүү аркылуу айылдык калктын жакыр катмар-ларын социалдык коргоо чаралары менен бирдикте айылдык калктын жакырды-гын азайтууга багытталат. Айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана тобокелдердин таасирин азай-туу үчүн төмөнкүдөй негизги маселелерди чечүү зарыл, алар: - а) айыл чарбалык корпорацияларды түзүү аркылуу туруктуу сатыкрынокторуна чыгуу; - б) кайра иштетүүнүн көлөмүн 20 процентке жана экспорттун көлөмүн12 процентке чейин көбөйтүү; - в) кредиттик ресурстарды көбөйтүү жана кредиттик ресурстардыалууну жөнөкөйлөтүү. 2006-жылы айыл чарбасындагы реалдуу өсүш негизинен дыйканчылыкпродукциясын өстүрүүнү 9,7 процентке көбөйтүүнүн эсебинен 6,0 процентдењгээлде болжолдонуп жатат. Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Беларусь Республикасыжана башка чет мамлекеттер менен лизингди жолго коюунун эсебинен маши-на-трактордук паркты жањылоо боюнча иш жүргүзүлөт. "Кооперация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизиндеайыл чарба продукциясын өндүрүү жана иштетүү боюнча жањы кооперативдер-ди түзүү боюнча уюштуруучу жана түшүндүрүүчү иш жүргүзүлөт, бул колдоболгон өндүрүштүк ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышын камсыздайт. Мал чарбасын, айрыкча канаттуулар чарбасын жогорку сапаттуу кон-центрацияланган, айрыкча белогу көп тоюттар менен камсыздоо максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү Дан буурчактарды өстүрүүнү жана иштетүүнүөнүктүрүү программасын бекиткен. Көп жылдык чөптөрдүн айдоолорун көбөйтүүнүн жана орто аралыктагыжана алыскы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен тоюттук база-ны жакшыртуу белгиленип жатат. Тоют бирдиктерин камдоонун көлөмү шарт-туу 1 баш малган 16-18 центнерге жетет. Селекциялык-асыл тукумдук иштин сапаты орчундуу жогорулатылат. Жо-горку продуктулуу асыл тукум жаныбарлардын санын жыл сайын 3-5 процент-ке көбөйтүү белгиленүүдө. Ветеринардык приваттык кызматтар кењири өнүктүрүлөт, алар ар бирайыл өкмөтүндө түзүлөт. Эл аралык уюмдар менен кызматташып топоз чарбасын, аарычылыкты,балык жана чочко чарбаларын өнүктүрүү боюнча долбоорлор түзүлүп жатат. Агрардык сектордо 6 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат. "Чарба ичиндеги сугат" долбоорунун алкагында 160 мињ га аянттагыирригациялык тармак реабилитацияланын жатат. "Көмөкчү айыл чарбалык кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо" долбоору мененжер жана агрардык реформаны ишке ашырууга, айылда консультациялык,үрөнчүлүк, маалыматтык жана башка кызматтарды түзүүгө жана чыњдоого,өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө кызматынын потенциалын көбөйтүүгөкөмөк көрсөтүлүп жатат. "Айыл чарбасын региондук өнүктүрүү" долбоору менен 10,0 мињ дыйканжана фермердик чарбада кирешелерин туруктуу көбөйтүү жолу менен Чүй об-лусундагы айылдык калктын жакырчылык дењгээлин азайтуу, айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 1,5-2 эсе жогорулатуу, экспорттук продук-ция өндүрүүнү 20-30 процентке көбөйтүү белгиленүүдө. 2006-жылдан баштап "Суу пайдалануу системасын жакшыртуу" жана"Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн Экинчи региондук долбоору" деген жањы дол-боорлордун чектеринде Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарында суу чарбасынбашкаруу системалары өзгөртүп уюштурулат, ирригациялык иштержүргүзүлөт. 6.3. Инвестиция жана курулуш Экономикалык өсүштү камсыздоонун маанилүү шарттарынын бири ыњгай-луу инвестициялык климат түзүү болуп эсептелет. 2006-жылы инвестициялык саясат Мамлекеттик инвестициялар програм-масын (МИП) андан ары оптималдаштырууга жана өлкөнүн экономикасына тикеинвестициялардын келишине көмөктөшүүгө багытталат. 2006-жылы МИПтинкөлөмүн ИДПга карата 3,1 процентке чейин азайтуу пландалып жатат. 2006-жылдан баштап төмөнкүдөй МИПтерди ишке ашыруу каралып жатат,алар: "Бажылык инвестициялык долбоор", "Билим берүү секторун өнүктүрүү2", "Түштүктөгү региондук коридор долбоору, 1-фаза", "Каракол шаарыныничүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо", "Шашылыш жар-дамдын улуттук системасын түзүү", "Бишкек шаарынын локалдык тармагынжакшыртуу", "Саламаттык сактоодо жана социалдык камсыздоодо тармактыкыкма", "Бизнести өнүктүрүү үчүн чөйрөнү жакшыртуу", "Суу пайдалануусистемасын жакшыртуу", "Айгүл-Таш-Карабулак 110 кВ электр өткөрүү лини-ясын куруу". МИПти тышкы карыздардын эсебинен каржылоо чектелген шартта долбо-орлордун айрым бөлүгү гранттык негизде каржыланат. 2006-жылы грант ка-ражаттардын көлөмү 1228,2 млн. сом болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен башка мамлекеттердин ортосундаинвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууларга кол коюу бо-юнча иш улантылат. Тике инвестициялар энергетика, алтын казуу, айыл чарба продукция-сын иштетүү, нефти казуу сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда объекттерди,инфраструктура объекттерин курууга жумшалмакчы. Транспорт секторундагы артыкчылыктар Ош-Сарыташ-Иркештам жана Биш-кек-нарын-Торугарт автожолдорун реабилитациялоо болот. Калктын аз камсыз бөлүгү үчүн турак жай курулушун кењейтүү макса-тында ипотекалык кредит берүүнү өнүктүрүүнүн эсебинен тез арада конк-реттүү ыкма каржылоо булактарын аныктоо менен ишке киргизилет. Бул үчүн"Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жањы мыйзамын кабыл алуу план-далууда, анда турак жайды каржылоого коммерциялык банктар аркылуукөмөктөшүү үчүн күрөөлүк камсыздоонун конкреттүү механизмин түзүү ка-ралмакчы. Белгиленген милдеттерди аткаруунун натыйжасында 2006-жылы курулуш-тагы реалдуу өсүш 20 дењгээлде пландаштырылып жатат. 6.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү 2006-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүштүн туруктуу тенденциясысакталат, буга ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны ан-дан аркы өркүндөтүү, ошондой эле жањы, бат өсүп жаткан кызматкөрсөтүүлөрдүн, анын ичинде телекоммуникациялык кызматтардын жана ту-ризмдин натыйжасында сектордун кењейиши өбөлгө болот. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө дүњ чыгарыштын реалдуу өсүшү 9,1 про-цент дењгээлде, негизинен рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн: сооданын, ав-томобилдерди оњдоонун, тиричиклик буюмдарынын жана жеке пайдаланылчубуюдардын (өсүш 15,2%), транспорт жана байланыш кызматтарынын (өсүш7,5%), мейманканалардын жана ресорандардык кызматтарынын (8,5%)өсүшүнүн эсебинен болжолдонууда. Соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүшүнө соодалык чоњ ишка-налардын тармагы өсүшү, мунун негизинде соодалык тейлөөнүн формаларыөркүндөтүлүшү жана тармактын заманга ылайык сервис индустриясына айла-нышы олуттуу тасир тийгизүүгө тийиш. Тездетилген экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн транспорттук инф-раструктураны өркүндөтүү белгиленүүдө. Жүктөрдүн негизги көлөмү автомо-биль транспорту менен ташылат. "Карго Кыргызстан" долбоорунун чегинде ички авиациялык ташуулардыактивдештирүү жана өлкөнүн транзиттик потенциалын өнүктүрүү боюнча иш-терди жүргүзүү белгиленди. "Кыргызстан аба жолдору" жана "Алтын эйр"авиакомпанияларын кошуунун негизинде жањы "Кыргызстан" авиакомпаниясытүзүлөт. "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык коммуникациялыктехнологиялар" стратегиясынын: (а) электрондук өкмөт, (б) электрондукбилим берүү, (в) электрондук экономика приоритеттерин ишке ашыруу боюн-ча иштер активдештирилет. Уюктук байланышты пайдалануучулардын жана уюктук байланыш кызматынкөрсөтүүчү компаниялардын саны көбөйүшүнүн, телефон тармагынын модерни-зацияланышынын эсебинен почталык жана электрдик байланыштардын ургаал-дуу өнүгүшү уланат. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшүнө туризм тармагынын өнүгүшү шарттүзөт, республикада анын потенциалы чоњ. Туризмди өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясат төмөнкүдөй ба-гыттарда болот: а) чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ыњгайлуушарттарды түзүү; б) Кыргызстандын улуттук турпродуктусун дүйнөлүк ту-ристтик рынокторго чыгаруу; мамлекеттин жана туристтик кызматкөрсөтүүчү жеке өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштыруу жолу менентармакты башкаруунун оптималдуу структурасын түзүү; ички туризмдиөнүктүрүү. Натыйжада туризмдин ИДПдагы үлүшү 4,5 процент көрсөтүүдөкүтүлүүдө. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо 18,0 процентке,туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо - 16,0 процентке өсөт.
7. Менчиктештирүү Структуралык өзгөртүүлөрдүн маанилүү багыттары болуп стратегиялыкишканаларды менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуу, энергетика секто-рун реформалоо эсептелет. Кыргыз Республикасында 2004-2006-жылдарда мамлекеттик менчиктименчиктештирүү программасынын чегинде мамлекеттик менчикти, анын ичиндеэнергетика жана газ секторлорундагы стратегиялык ишканаларды, телеком-муникацияларды, транспортту жана байланышты алардын жекече программала-рына жана өнүктүрүү концепцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши бекиткенден кийин мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүулантылат.
8. Тышкы экономикалык саясат 2006-жылы республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 8,5 проценткекөбөйөт. Экспорттун көлөмү айыл чарба продукциясын, курулуш материалдарды,тери-булгаары сырьену, жүндү, тамеки буюмдарды жана керетөө товарларынэкспорттоо орчундуу көбөйүшүнүн эсебинен 6,4 процентке өсөт. Экспорттуннегизги статьялары баалуу металлдар, электр энергиясы, цемент, айнекжана кызытма лампалар болот. Республикада өндүрүлбөөчү же жетишсиз санда өндүрүлгөн сырьелорду,материалдарды жана товарларды (машина куруу жана электротехникалык про-дукция, медициналык жана фармацевтикалык продукция, нефти продуктулар,табигый газ) алуу көбөйүшүнүн эсебинен импорттун келиши 10 проценткекөбөйүшү болжолдонуп жатат. Импорттун структурасында мурдагыдай элеэнергиялык ресурстардын келиши аныктоочу роль ойнойт. Кыргыз Республикасында тышкы экономикалык иштин өнүгүүсү КМШ, ШОСжана ЭКО региондук бирикмелеринин алкактарында болот. Соодалык мамилелерди региондук дењгээлде өнүктүрүүгө чоњ маани бе-рилип, Борбор Азиялык жалпы рынокту түзүү боюнча иш улантылат. Экспортко көмөк көрсөтүү максатында ата мекендик товарларды тышкырынокко чыгаруу боюнча чаралар көрүлөт, атап айтканда Кыргызстан үчүнсоодалык кызыкчылык жараткан өлкөлөрдө республиканын соодалыкөкүлчүлүктөрүнүн иш майнаптарын жогорулатуу боюнча иш улантылат. Соодалык-экономикалык байланыштарды андан ары терењдетүү максатын-да өкмөттөр аралык структуралардын - соодалык-экономикалык кызматташуубоюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жана жумушчу топтордун потенциа-лын активдүү пайдалануу белгиленди. Кыргызстандын ДСУга катышуудагы артыкчылыктарын толук пайдалануубоюнча иштиктүү чаралар көрүлөт. Ата мекендик товарларды ЕС өлкөлөрүнүнрынокторуна Преференциялардын генералдык системасына ылайык преференци-ялык шарттар менен чыгаруу жагында ДСУга мүчө мамлекеттер менен соода-лык мамилелерди терењдетүү маселесине көп көњүл бурулат. Экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча чаралар либералдуу тышкы соо-далык жана валюталык режимдерди сактоо шартында ишке ашырылат.
9. Социалдык саясат Өлкөнү социалдык өнүктүрүүнүн приоритеттеринин ичинде биринчи да-ражадагалары төмөнкүлөр: - калктын иш менен камсыздыгын жогорулатуу; - саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүнүн, айрыкча айылжериндегилердин абалын жакшыртуу. 9.1. Социалдык коргоо 2006-жылы калктын турмуш дењгээлин жогорулатуу максатындатөмөнкүдөй иштер белгиленип жатат, алар: - а) Айлыгы аз бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын этап мененкөбөйтүү; - колдонулуп жаткан Бирдиктүү тарифтик торчонун параметрлеринөзгөртүү: ЕТСтин башталгыч (нөлдүк) разрядын жоюу; разряддар аралык ко-эффициенттерди өзгөртүү; тарифтик ставкаларды жана маяналарды белгилөөүчүн эсептик башталыш болуп 2006-жылдын 1-апрелинен баштап белгиленген340 сом өлчөмдөгү 1-разряд алынат; - II жарым жылдыкта - бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгекакыларын 20 процентке көбөйтүү. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондунунөсүшүндөгү айырмадан улам азыркы убакта ар кайсы мекемелер үчүн мыйзамменен белгиленген Бирдиктүү тарифтик торчонун нөлдүк разрядынынөлчөмүнүн ортосунда 50 процентке чейин (160 сомдон 240 сомго чейин)ажырым пайда болду, бул түпкүлүгүндө эмгек акынын өлчөмүнө таасирэтүүдө. Бул иш-чараны ишке ашыруу үчүн бардыгы 600 млн. сом керек бо-лот. 2006-жылы социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын 20дан50 процентке чейин көбөйтүү каралууда. Тездетилген экономикалык өсүштүн натыйжасында айлык орточо эмгекакы 12 процентке реалдуу жогорулайт. - б) Керектөөнүн гарантияланган минимум дењгээлин (КГМД) 140 сом-дон 175 сомго чейин жогорулатуу. Калктын аз камсыз жана социалдык жактан аялуу катмарларын социал-дык коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын25-июлундагы № 311 "Керектөөнүн гарантияланган минимум дењгээлининөлчөмүн көбөйтүү жөнүндө"
токтому менен Керектөөнүн гарантияланган ми-нимум дењгээли 2006-жылдын 1-январынан тартып 140 сомдон 175 сомго че-йин көбөйтүлөт. Бул көбөйтүү аз камсыздык боюнча пособиелердин орточоөлчөмүн 39 процентке жана социалдык пособиелердин өлчөмүн 25 проценткекөбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул токтомду ишке ашыруу үчүн 2006-жылдынбюджетинде 1005,4 млн. сом ассигнование каралган, бул 2005-жылдындењгээлинен 38 процентке көп. Пособиенин өлчөмүн көбөйтүүгө бардыгы бо-луп 278,5 млн. сом кошумча каралган. - в) Мамлекеттик пособиелерди чектөөнүн даректүүлүгүн жогорулатуу. 2006-жылы мамлекеттик пособиелерди төлөөгө ассигнованиелердинкөлөмүндө керектөөнүн гарантияланган минимум дењгээлинин өлчөмүнкөбөйтүү жолу менен мамлекеттик пособиелердин орточо өлчөмүн 140 сомдон175 сомго чейин (25%) көбөйтүү каралган, буга жараша пособие бе-рилчүлөрдүн саны 10,2 мињ адамга көбөйөт. Ошону менен бирге эле, посо-бие чектөөдө даректүүлүк жогорулайт, үй-бүлөнүн кирешеси жөнүндө маа-лымкаттарды берүүгө контроль күчөтүлөт. Ошондой эле мамлекеттик пособиеалууга муктаждыкты аныктоонун методикасы өркүндөтүлөт. Мындан тышкары, 2005-жылы жүргүзүлгөн Бирдиктүү ай сайынкы пособиеалуучуларга жылдык сумманы төлөө боюнча эксперименттин жыйынтыктарынкылдат изилдөө сунушталууда, мунун максаты алуучулардын бул түрүн ак-тивдүү экономикалык ишке тартуу жана жакырчылыктан чыгарууну көздөйт. - г) Электр, газ, транспорттук жењилдиктер сыяктуу жењилдиктердинордуна акчалай төлөп берүүгө өтүү. Реформалар саясатынын матрицасына ылайык, жењилдиктерди этап мененакчага алмаштыруу максатында 2006-жылы электр, газ (берилчү жењилдиктин10%инен кем эмес), транспорттук жењилдиктер (40%тен кем эмес) сыяктуужењилдиктин түрлөрүн акчалай төлөп берүүгө которуу пландалууда. - д) 2006-жылдын 1-январынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүн, алэми 2006-жылдын 1-майынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнкөбөйтүү. Пенсиялардын орточо өлчөмүн 10 процентке жогорулаткан шартта Кыр-гыз Республикасынын Социалдык фондуна бул үчүн кошумча 459 млн. сом ке-рек болот. Мында мамлекет пенсияларга компенсация жана кошумча төлөөбоюнча милдеттенмелерин аткарышы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы-нын Социалдык фондуна республикалык бюджеттен субвенциялар, трансферт-тер 1038 млн. сом болот. 9.2. Эмгек рыногу Кыргызстандын эмгек рыногу барган сайын башка өлкөлөр үчүн кызык-чылык жаратууда. 2006-жылы эмгектенген калктын миграциясы боюнча саясатты ишке ашы-руу жагындагы иш улантылат. Өз ара баруу-келүүнү либералдаштыруу боюнчаатап айтканда Россия Федерациясы менен айрым макулдашууларга жетишилди.Россиянын айрым региондорунда кыргызстандын эмгек мигранттарын легал-даштырууну жөнөкөйлөтүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. "Евразия" фонду эм-гек мигранттарды укуктук колдоону камсыздоого арналган долбоорлор үчүн160,0 мињ АКШ долларын бөлүп жатат. Эмгектик тышкы миграция проблемасын чечүү Кыргыз РеспубликасынынМиграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин ишинин артык-чылыктуу багыттарынын бири. Кыргызстан жумушчу күчтү экспорттоого өлкө болуп баратат. Дүйнөлүкбанктын эсептөөлөрү боюнча, мигранттардын өлкөсүнүн экономикасына кош-кон салымдары алардын улуттук кирешесинин чейрегине чейин жетет. Эмгектик миграция өлкөнүн ичиндеги жумушсуздук боюнча кырдаалдыжењилдетүүгө мүмкүндүк берет. Калктын иш менен камсыздыгын жогорулатуу үчүн иш менен камсыздоо-нун пассивдүү саясатын ишке ашыруу боюнча иш-жумушсуздук боюнча пособи-елерди төлөө, ошондой эле иш менен камсыздыктын активдүү саясаты боюнчаиш-чаралар: жумушсуздарды кесиптик окутуу жана кайра окутуу; акытөлөнүүчү коомдук иштерге жиберүү; жумушсуз жарандарга чакан кредитберүү жолу менен ишкердикти баштоого көмөктөшүү; республиканын бардыкрегиондорунда бизнес-инкубаторлорду түзүү улантылып жатат. Бул максаттарга бардыгы (аймактык мекемелердин администрациялыкчыгымдары менен кошо) 2006-жылы 116,5 млн. сом керек болот. 9.3. Саламаттык сактоо Саламаттык сактоо тармагында Саламаттык сактоонун "2006-2010-жыл-дарга карата "Манас таалими" улуттук программасын бекитүү жана ишкеашыруу белгиленип жатат. Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн төмөнкүлөркаралууда, алар: - пенсионерди стационарда дарылоодо кошо төлөөнү минимум дењгээлгечейин азайтуу; - 5 жашка чейинки балдарды стационарда жана амбулаториялык жардамкөрсөтүү дењгээлинде кошо төлөөдөн бошотуу; - кош бойлуу аялдарды, төрөөчүлөрдү жана төрөгөндөрдү стационардадарылоода кошо төлөөдөн бошотуу; - кош бойлуу аялдарды амбулаториялык дењгээлде медициналыктейлөөнүн бардык түрлөрү менен камсыздоо. Айрыкча орчундуу ооруларга чалдыгууну жана андан өлүмгө учуроонуазайтуу боюнча чаралар көрүлөт. 9.4. Билим берүү жана маданият Илимди жана маданиятты өнүктүрүүгө тийиштүү көњүл бурулат. Кесип-тик жана жогорку билим берүү системасын реформалоо белгиленди, мындакен иштетүү, гидроэнергетика, айыл чарба, кайра иштетүү жана туризмтармактары үчүн адистерди даярдоого өзгөчө көњүл бурулат. "Айылдагы билим берүү" жана "Билим берүү секторун өнүктүрүү, 2"долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында айылдык мектептерди окуулук мате-риалдар менен камсыздоо, анын ичинде жањы муундагы окуу китептерди иш-теп чыгуу; ошондой эле айылдык мектептердин кадр маселесин чечүү белги-ленди. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жаша-ган 1-4-класстын окуучуларынын ден соолугун сактоо жана окутуунун сапа-тын жогорулатуу үчүн 2006-жылдын 1-январынан баштап ысык тамак мененкамсыздоо каралууда. Билим берүү системасында бюджеттик каражаттарды майнаптуу сарптоожана коррупцияга каршы күрөшүү максатында 2006-жылдан баштап экспери-мент катары сынамык райондордо жалпы билим берүүчү мектептерди адам са-нына жараша каржылоону киргизүү белгиленип жатат. Педагогдордун эмгек акысын жогорулатуу, ар кыл көтөрмөлөө, квали-фикацияларын жогорулатуу жолдору менен педагогдук кесиптин аброюнкөтөрүүгө күч-аракет жумшалат.
10. Региондук өнүктүрүү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 61-статьясынаылайык аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын түзүүжана алар бекитилгенден кийин аткарылышын уюштуруу жергиликтүү мамле-кеттик администрациянын компетенциясына кирет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансыминистрлиги региондор республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошуп жат-кан 8 процентке чейинки конкреттүү салымдарын эске алуу менен регион-дорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттык көрсөткүчтөрүн иш-теп чыккан (№ 1 тиркеме). Программаны ишке ашыруу стадиясында жалпы эле Программанын аткары-лышын мониторингдөөнүн жана баалоонун алкагында бардык аймактардынөнүгүшүн байкоого алуу белгиленди. Экономикалык өнүктүрүүнүн максаттык көрсөткүчтөрү ар бир аймактынөнүгүүсүнүн бирдей эместигин жана өзгөчөлүгүн эске алып түзүлдү. 2006-жылы региондордун өлкөнүн ИДП өндүрүүсүнө кошуучу салымдарытөмөнкүдөй белгиленип жатат: Баткен облусу - 4,1 процент дењгээлде; Жалал-Абад - 12,1; Ысык-Көл- 14,1; Нарын - 4,2; Ош - 10,4; Талас - 4,9; Чүй облусу - 18,7; Бишкекшаары - 28,5, Ош шаары - 3 процент. Республиканын өнөр жай өндүрүшүнө орчундуу салым Бишкек шаарынан(өсүш 12,9%), Чүй облусунан (4,1%) жана Жалал-Абад облусунан (4%)күтүлүп жатат. 1-таблица 2006-жылы региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги максаттык көрсөткүчтөрү -----------------------------------------------------------------------|Көрсөткүчтөр |Экономиканын тармактары боюнча өсүш темптери % менен||----------------|----------------------------------------------------|| |ИДПга |өнөр |айыл |чекене |акы |орточо|минимум || |карата |жай |чарба |товар |төлөнү|эмгек |керектөө|| |салыш- | | |жүгүр- |үчүн |акы, |бюджети,|| |тырма | | |түү |кыз- |сом |сом || |сал- | | | |маттар| | || |мак, | | | | | | || |в % | | | | | | ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Кыргыз |100,0 |105,8 |106,0 |111,6 |110,7 |2981,0|1970,0 ||Республикасы | | | | | | | ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Баткен |4,1 |103,8 |105,7 |110,8 |111,5 |1799,1|1370,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Жалал-Абад |12,1 |104,0 |105,0 |109,0 |105,2 |2356,7|1710,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Ысык-Көл |14,1 |100,9 |107,7 |106,3 |101,5 |4092,2|1760,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Нарын |4,2 |104,0 |105,4 |104,3 |111,5 |2464,6|1520,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Ош |10,4 |105,0 |104,7 |105,7 |110,0 |1345,6|1610,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Талас |4,9 |106,0 |108,5 |117,3 |106,5 |1678,5|1530,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Чүй |18,7 |104,1 |106,0 |108,2 |118,5 |3022,5|1670,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Бишкек ш. |28,5 |112,9 |120,4 |117,0 |112,5 |3758,1|2190,0 ||----------------|-------|------|------|-------|------|------|--------||Ош ш. |3,0 |105,0 |106,2 |102,5 |104,8 |2594,3|- |----------------------------------------------------------------------- Агрардык сектордо Чүй облусунун айыл чарба продукциясынын үлүштүксалмагы 28,6 процентти (өсүш темпи 106,0 %), Ош облусунуку - 18,5 про-центти (104,7 %) жана Жалал-Абад облусунуку - 15,6 процентти (105,0 %)түзөт. Аймактык дењгээлдеги экономикалык өнүктүрүү программаларын каржы-лоонун негизги булактары төмөнкүдөй болот: - жергиликтүү бюджеттер; - республикалык бюджеттен трансферттер (категориялык жана тењеш-тирүүчү гранттар); - Мамлекеттик инвестициялар программасынын ресурстары (N 3 тирке-ме). 2006-жылы республикалык бюджеттин долбоорунда 2148,1 млн. сом ка-тегориялык грант каралган. Региондордун өнүгүшүн тењдештирүү максатында республикалык бюджет-тен Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустары үчүн 242,6 млн.сом тењештирүүчү грант бөлүнөт. 2-таблица Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетинин долбоорунун чегиндеги категориялык жана тењештирүүчү гранттар (млн. сом) -----------------------------------------------------------------------| |Категориялык|Тењештирүүчү|| |гранттар |гранттар ||-------------------------------------------|------------|------------||Кыргыз Республикасы |2148,1 |242,6 ||-------------------------------------------|------------|------------||Баткен облусу |219,8 |27,7 ||-------------------------------------------|------------|------------||Жалал-абад облусу |462,0 |20,8 ||-------------------------------------------|------------|------------||Ысык-Көл облусу |205,9 |- ||-------------------------------------------|------------|------------||Нарын облусу |211,1 |47,9 ||-------------------------------------------|------------|------------||Ош облусу |503,3 |139,2 ||-------------------------------------------|------------|------------||Талас облусу |122,5 |7,0 ||-------------------------------------------|------------|------------||Чүй облусу |332,2 |- ||-------------------------------------------|------------|------------||Ош ш. |91,3 |- |-----------------------------------------------------------------------
VII. 2006-жылга бюджеттин долбоорунун негизине алынган экономикалык өнүктүрүү сценарийине түшүндүрмө Бул сценарий 5 процент дењгээлдеги туруктуу экономикалык өсүшкөбагытталган. 2006-жылы бюджеттик параметрлердин туруктуулугун жана ба-ланстуулугун камсыздоо үчүн аны иштеп чыгууда пруденциалдык ыкма колдо-нулган. Башкача айтканда, бул сценарий өлкөнүн экономикасындагы мүмкүнболуучу тобокелдердин, анын ичинде: жаратылыштык-климаттык фактордунтаасирин көњүлгө алуу менен экономиканын ИДПны түзүүчү бардык секторло-рунда өздүрүштүн бир калыптагы өсүшүн эске алып даярдалган, алар: - нефтиге, алтынга, пахтага жана тамекиге дүйнөлүк баалардын ту-руксуздугу; - "Кумтөр" кенинде алтын өндүрүүнүн азайышы; - энергетика секторун оњдоонун жай жүрүп жатканы (КФД); - инвестициялык ресурстардын чектелүүлүгү; - экспорттун диверсификациясы төмөндүгү; - 2006-жыл салык саясатынын чараларын ишке ашыруунун болжолдонгоннатыйжасынын убактылуу лагды эсепке алгандагы мүмкүн болгон кечигүү то-бокели.
Корутунду Программага тиркелген Конкреттүү иштердин планы толук көлөмдө,анын ичинде нормативдик-мыйзамдык камсыздоо жана пландаштырылган бардыкбулактар боюнча каржылоо, мунун ичинде чет өлкөлүк тике инвестициялар-дын эсебинен да (иш-чаралардын жалпы санынын 20%ине жакын) аткарылса,анда Кыргыз Республикасынын Президенти 2006-жылы ИДПнын өсүшүн 8 про-центке чейин жеткирүү боюнча койгон максат реалдуу аткарылышы мүмкүн. Анда 2006-жылдын бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү кийинкикадам болмокчу.