Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-декабрындагы № 619 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикада алтын өндүрүү кыскарганшарттарда Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүн камсыздоо үчүн"Жерүй" ири кенинин базасында алтын казып алуу комплексин куруумаанилүү болуп санала тургандыгын белгилейт. Бирок долбоорду ишке ашыруу көптөгөн жылдарга негизсиз создугупкетти. "Талас Голд Майнинг Компани" биргелешкен ишканасы 2003-жылдын 6-майындагы № 3 лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарган эмес жана"Жерүй" алтын кенин тездетип өздөштүрүү программасын сөзсүз ишкеашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-апрелиндеги № 230
токтомунда каралган долбоорду ишке ашыруумөөнөттөрүн үзгүлтүккө учураткан. Ушуга байланыштуу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык "Жерүй" кенин иштетүү укугуна Au-17-00 лицензиясыжоюлган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жанаминералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Жер казыналарынпайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын 2004-жылдын 3-августундагы № 09-АН-04 протоколу). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"Жерүй" долбоору жөнүндө" 2004-жылдын 11-августундагы № 597 токтомункабыл алып, анда калыбына келтирилген лицензияны жоюу боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстарбоюнча мамлекеттик агенттигинин иштери жактырылган. Лицензиянын жоюлганына карабастан Кыргыз Республикасынын мурдагыПремьер-министри Н.Т.Танаев менен кат жазышууларга шылтоологон "ТаласГолд Майнинг Компани" компаниясынын чет өлкөлүк катышуучусу даярдыкиштеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүнү уланта берген. Ошол эле мезгилде "Жерүй" долбоорун өздөштүрүүнүн кыйла пайдалуушарттарын сунуштаган чет өлкөлүк башка потенциалдуу инвесторлордонсунуштар түшүүдө. Жогоруда баяндалгандарды көњүлгө алуу менен, ошондойэле Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуу шарттарда "Жерүй" алтын кенинөздөштүрүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлерининкезектен тышкаркы жалпы чогулушунда төмөнкүдөй маселелерди карасын: - потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлордун сунуштарын изилдөөбоюнча; - "Талас Голд Майнинг Компани" компаниясынын чет өлкөлүккатышуучусунун тарткан түздөн-түз чыгымдарын аудит жүргүзүү үчүн эларалык аудитордук компания тандоо боюнча; - "Талас Голд Майнинг Компани" компаниясынын чет өлкөлүккатышуучусунун түздөн-түз чыгымдарын аудит жүргүзүүгө, ошондой элеКыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормаларына ылайык "ТаласГолд Майнинг Компани" компаниясы иш-аракетин токтоткон учурда "ТаласГолд Майнинг Компани" компаниясынын кызматкерлеринин эмгек акысынтөлөөгө акча каражаттарын табуу боюнча. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жанакурулуш боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттикагенттиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигининӨнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана кен көзөмөлү мамлекеттикинспекциясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдиктеКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Талас ГолдМайнинг Компани" компаниясынын ишин Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын талаптарын сактоо жагынан текшерүү жүргүзүшсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармактары жана жаратылыш ресурстары бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов