КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-декабры, №626 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга карата бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпыкирешелери 5812,8 млн.сомду түздү, бул 2003-жылдагы кирешелергекараганда 12,1 процентке көп, анын ичинде пландагы 4165,0 млн.сомдунордуна 4344,4 млн.сомдук (ИДПга карата 4,6 %) камсыздандыруу взносторутүштү же планды аткаруу 104,3 процентти түздү. Камсыздандыруувзносторунун жалпы суммасынын ичинен 3874,8 млн. сом учурдагы төлөмдөржана 469,6 млн. сому өткөн жылдар үчүн мөөнөтү өткөн карыздардынтүшүшү болуп эсептелет. 2003-жылга салыштырганда камсыздандыруувзносторунун түшүшүнүн жогорулашы 113,5 процентти түздү. Өткөн жылгасалыштырганда камсыздандыруу взносторунун акчалай формада түшүшүнүнөсүшү 115,3 процентти түздү же 571,7 млн. сомго көп болду, ошол элемезгилде түшкөн камсыздандыруу взносторунун жаппы суммасындагытоварлардын жана кызматтардын үлүшү 2003-жылдагы 2,3 проценттен 2004-жылы 0,8 процентке чейин төмөндөдү. 2004-жылы камсыздандыруу базасын кењейтүү максатында бардык эмгеккежарактуу жарандарды персоналдашкан эсепке алуу, камсыздандырылганадамдарга идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандырууэсептерин ачуу боюнча активдүү иш жүргүзүлдү. 2005-жылдын 1-январынакарата персоналдашкан эсепке алуу системасында эсепте турганжарандардын саны 1,7 млн. адамды же иштеп жаткан калктын жалпы санынын95,0 процентин түзгөн. Камсыздандырылган жарандарга топтолгонвзносторунун суммасын көрсөтүү менен жеке камсыздандыруу эсептериненкөчүрмөлөр жиберилүүдө. Республикалык бюджеттен аскер кызматчыларына пенсия төлөө, жењилдикберилген пенсиялар жана пенсияларга кошумча төлөөлөр, электрэнергиясына тарифтердин жогорулашыыа байланыштуукомпенсациялык төлөөлөр үчүн милдеттүү ассигнованиелер Социалдыкфондго толугу менен келип түштү жана ал 1090,0 млн. сомду түздү. Дивиденддердин, капиталдаштырылган каражаттардын, камсыздандыруувзносторун өз убагында толук төлөбөгөндүк үчүн үстөктөрдүн жана айыпакылардын жана башка түшүүлөрдүн эсебинен алынган кирешелер бюджеттекаралган 54,4 млн. сомдун ордуна 103,2 млн. сомду түздү же 48,8 млн.сомго жогору болду. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылдагы чыгашаларыбюджетте каралган 5309,2 млн. сомдун ордуна 5414,0 млн. сомду түздү,анын ичинде: Пенсиялык фонддуку - 4970,2 млн. сом, Социалдыккамсыздандыруу фондунуку - 113,3 млн. сом, Калкты иш менен камсызкылууга көмөктөшүү жана окутуу фондунуку - 112,0 млн. сом, Милдеттүүмедициналык камсыздандыруу фондунуку - 218,5 млн. сом болду. 2004-жылы пенсиялардын жана аларга кошумча төлөөлөрдүнжогорулашынын эсебинен Пенсиялык фонддун чыгашалары 2003-жылгакараганда 447,4 млн. сомго же 9,9 процентке көбөйдү жана 4970,2 млн.сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-декабрындагы
№ 427 "Пенсиялардын базалык бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө"Жарлыгына ылайык 2004-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын базалыкбөлүгү 222 сом 60 тыйын өлчөмдө белгиленди же 22 сом 60 тыйынгакөбөйтүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 29-мартындагы
№ 107 "Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнкөбөйтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык 2004-жылдын 1-апрелинен тартыппенсиялардын өлчөмдөрү 5 проценттен 15 процентке чейин дифференциялуутүрдө көбөйтүлдү. 2004-жылдын ичинде пенсияларды төлөө боюнча карыз болуп калууга жолберилген жок. 2005-жылдын 1-январына карата абал боюнча пенсия төлөөүчүн керектелүүчү 4281,4 млн. сом өлчөмдөгү бүткүл сумма каржыланганжана толук төлөнгөн. "2004-жылга Кыргыз Республикасьшын Социалдык фондунун бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык КыргызРеспубликасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгашалары үчүнкаражаттар 123,7 млн. сом өлчөмдө аныкталган, иш жүзүндө 123,1 млн.сом пайдаланылган. 2004-жылы Иш менен камсыз кылууга жана окутууга көмөк көрсөтүүфондуна 135,0 млн. сом которулган, анын ичинде 1997-2003-жылдар үчүн23,0 млн. сом суммадагы карыз тындырылды. Милдеттүү медициналыккамсыздандыруу фонду 338,5 млн.сом суммада, анын ичинен 1997-2003-жылдардагы карызды тындыруу үчүн 120,0 млн.сом суммага каржыланды.Социалдык камсыздандыруу фонду боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар 157,8 млн.сомду түздү, анын ичинде убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кошбойлуулук жана төрөт боюнча пособие төлөөгө- 73,5 млн. сом жана ден соолукту чыњдоо иш-чараларына - 74,9 млн. сомжумшалды. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунунбюджетин аткаруу процессинде бир катар кемчиликтерге жол берилди.Камсыздандыруу взносторун жыйноо жакшырганы менен учурдагы түшүүлөрдүндењгээли өткөн жылга салыштырганда 0,9 процентке аз болду жана 84,4процентти түздү. Орчундуу азаюу Ош облусунда - 4,7 процент жана Ошшаары боюнча - 5 процент аз болду. Фермер, дыйкан чарбалары (34,1 процент), уюмдашкан айыл чарбасектору (59,4 процент), боюнча учурдагы камсыздандыруу взносторунжыйноо планы аткарылган жок. Камсыздандыруу взностору боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды өндүрүүдөкемчиликтер болуп жатат. Жылдын башына карата болгон 1364,7 млн. сомкарыздын 469,6 млн. сому гана чогултулган. Байланыш уюмдары пенсияларды төлөөдө пенсиялык каражаттарды башкамаксатка пайдаланган фактылар жоюлбай жатат. Өткөн жылы алардын 3314,7мињ сом суммадагы пенсиялык каражатты башка максатка пайдаланганыаныкталган (толугу менен өндүрүлгөн) 203,6 мињ сом пенсиялык каражатжымырып алынган (толугу менен өндүрүлгөн). 2004-жылга карата бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы КыргызРеспубликасынын Социалдык фондунун башкармасынын заседаниесиндекаралып, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынынкемчиликтерге жол берген жетекчилери жана адистери жоопкерчиликкетартылды, финансылык тартип бузуу фактылары боюнча материалдар укуккоргоо органдарына берилди. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондутарабьшан камсыздандыруу взносторун жыйноону администрациялооо боюнчанормативдик-усулдук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик социалдыккамсыздандыруунун каражаттарын туура чыгымдоого контролду күчөтүү,кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана бюджетти аткаруунунжүрүшүндө аныкталган конкреттүү кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларжүргүзүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга каратабюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары № 1 -4 тиркемелерге ылайыкжактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынынжергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2005-жылдын 31-декабрыначейинки мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерденкаржылануучу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин камсыздандыруувзностору боюнча мөөнөтү өткөн карыздарын толук тындырууну камсызкылышсын. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор иштеген жарандарды персоналдашкан эсепке алууда,камсыздандыруу взносторун жыйноону уюштурууда жана алар боюнча мөөнөтүөткөн карыздарды өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунажана анын аймактык бөлүмдөрүнө иштиктүү жардам көрсөтүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик департаменти пенсиялардыжана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелерди төлөөгөарналган каражаттарды башка максаттарга пайдалануу жана жумшоофактыларын жоюу боюнча чараларды көрсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2004-жылга каратабюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы КыргызРеспубликасынын Социалдык фондунун 2004-жылга карата бюджетининаткарылышынын жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндекароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуугадайындалсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов