Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 28-декабры № 628
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 2-августундагы № 553,
2010-жылдын 28-январындагы № 40,
2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, 1999-жылы республиканын түштүгүндөгү согуштук аракеттердин учурунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Сырт айылынын жанында курман болгон жоокерлерди түбөлүк эсте калтыруу максатында, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы № 108 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоонун жана өзгөртүп атоонун тартиби жөнүндө жобого таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берилсин жана ал мындан ары "Жети баатыр" атындагы Айдаркен чегара отряды" деп аталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Ф.Кулов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 28-декабры № 628
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, 1999-жылы республиканын түштүгүндөгү согуштук аракеттердин учурунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Сырт айылынын жанында курман болгон жоокерлерди түбөлүк эсте калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берилсин жана ал мындан ары "Жети баатыр" атындагы Айдаркен чегара отряды" деп аталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |