Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-декабры, № 630 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаевтарабынан демилге кылынган "Жарнама жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчиликжөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине,Кыргыз Республикасынын Жазык - процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруиа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынандемилге кылынган "Жарнама жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, КыргызРеспубликасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоорун карап чыгып, аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнчамаксатка ылайыксыз деп эсептейт. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясынын биринчи бөлүгүнөылайык жарандар менен юридикалык жактардын таламдарына түздөн-түзтиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой элеишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорукоомчулуктун талкуулоосу үчүн укук чыгаруучу органдын расмий сайтындажайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Укук чыгаруучуоргандын расмий сайты жок учурда, ошондой эле мыйзамда каралганучурларда укук чыгаруучу органдын чечими боюнча нормативдик укуктукактылар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Түшкөн сунуштаржана сын-пикирлер долбоорлорду иштеп чыгууда укук чыгаруучу органтарабынан каралууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши сунуштаган материалдардаМыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн нормасынын талаптарынын аткарылышынтастыктаган маалыматтар жок. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган Мыйзам долбоорун кабыл алууазырынча эрте деп эсептейбиз. Баяндалгандарды эске алуу менен "Жарнама жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" 2005-жылдын26-сентябрындагы № 452 токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан демилге кылынган "Жарнама жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун кароону сунуштайбыз. КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган Мыйзам долбооруКыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинекараштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаментиуюштурган "тегерек столдо" мамлекеттик башкаруу органдарынын жанажарнамалык компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кењири талкуулапөткөн. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталганМыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатыӨ.Ч.Текебаев тарабынан демилге көтөрүлгөн мыйзам долбоорунанайырмаланып алкоголдук жана тамеки продукциясын жарнама кылуугачектөөлөр менен тыюу салуулардын диапазонун кыйла катуу жана биртараптуу аныктоого мүмкүндүк берип, Мыйзам нормаларын колдонууда аныар кандай чечмелөөлөргө жол бербейт. Премьер-министр Ф.Кулов