Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн жана КР УБ
2011-жылдын 25-апрелиндеги N 189/11/4 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2005-жылдын 30-декабры N 632/26/7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМУ
"Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү
жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн
натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү
инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга
иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын
31-декабрындагы N 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн жана КР УБ
2006-жылдын 26-июнундагы N 453/16/10
2008-жылдын 22-мартындагы N 98/11/3,
2009-жылдын 14-августундагы N 527/32/6
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:
1. "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы N 916 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы N 916 токтомунун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын тиркелген мамлекеттик программасы бекитилсин.";
- токтомдун 3-пунктундагы ", мамлекеттик комиссиялар" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасында:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасы"; биринчи абзацтагы "2003-2005" деген сандар "2003-2008" деген сандарга алмаштырылсын;
"Өнүктүрүүнүн негизги этаптары" бөлүмүндө;
- "2002" деген сандар "2005-2006" деген сандарга алмаштырылсын;
- "2003-2004" деген сандар "2006-2007" деген сандарга алмаштырылсын;
- "2005" деген сандар "2008" деген сандарга алмаштырылсын;
"Мамлекеттик программага тиркеме" бөлүмүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-тиркеме. Мамлекеттик кызматкерлерге жана башка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыларын, пенсияларын жана социалдык пособиелерин төлөп берүүгө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес түрдө камсыздандыруу салымдарын, салык жана бажылык төлөмдөрүн жыйноого этап этабы менен өтүү боюнча координацияланган иш аракеттердин планы.";
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасына 1-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы;
- Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мамлекеттик кызматкерлерге жана башка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыларын, пенсияларын жана социалдык пособиелерин төлөп берүүгө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес түрдө камсыздандыруу салымдарын, салык жана бажылык төлөмдөрүн жыйноого этап этабы менен өтүү боюнча координацияланган иш-аракеттердин планын жүзөгө ашуунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ар бир квартал сайын берип турушсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 22-мартындагы N 98/11/3 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын төрагасы У.Сарбанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
жана Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы
N 632/26/7 токтомуна тиркеме "Кыргыз
Республикасында накталай эмес төлөмдөр
системасын киргизүү боюнча
2003-2008-жылдарга иш-чаралардын
мамлекеттик программасына 1-тиркеме
Мамлекеттик кызматкерлерге жана бюджеттик чөйрөнүн
башка кызматкерлерине эмгек акыларын, пенсияларын жана
социалдык пособиелерин төлөп берүүгө, коммуналдык кызмат
көрсөтүүлөргө, төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында
накталай эмес түрдө камсыздандыруу салымдарын, салык жана
бажылык төлөмдөрүн жыйноого этап этабы менен өтүү боюнча
координацияланган иш-аракеттердин планы
┌──┬────────────┬──────────────────────┬────────────┬───────┬─────────┐
│ │ Мазмуну │ Иш-чаралар │Аткаруучулар│Аткаруу│ Аткаруу-│
│ │ │ │ │мөөнөтү│ нун түрү│
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│1.│Кыргыз │1.1. Токтомдордун │Улуттук │2006- │Токтом- │
│ │Республика- │долбоорлорун иштеп │банк, │2007- │дордун │
│ │сынын │чыгуу жана макулдашуу:│Эконфинмин, │жылдар │долбоору │
│ │бюджетине │- коммерциялык │Соцфонд │ │ │
│ │чыгашалар │банктардагы эсептер │(макулдашуу │ │ │
│ │жана │аркылуу эмгек │боюнча), │ │ │
│ │кирешелер │акыларды, │МБИ, МСИ, │ │ │
│ │боюнча │стипендияларды, │коммерциялык│ │ │
│ │накталай │пенсияларды жана │банктар │ │ │
│ │эмес түрдө │социалдык пособиелерди│(макулдашуу │ │ │
│ │төлөмдөрдү │төлөө боюнча; │боюнча), │ │ │
│ │жүргүзүү │- коммерциялык │министерлик-│ │ │
│ │жөнүндө │банктардагы эсептер │тер, мамко- │ │ │
│ │биргелешкен │аркылуу, салык, бажы │митеттер жа-│ │ │
│ │токтомду │жана башка төлөмдөрдү │на ведомст- │ │ │
│ │кабыл алуу │Социалдык фондго │волор, │ │ │
│ │ │камсыздандыруу │коммуналдык │ │ │
│ │ │взносторун жыйноо │чарбалар │ │ │
│ │ │боюнча │(макулдашуу │ │ │
│ │ │ │боюнча) │ │ │
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│ │ │1.2. Кыргыз │Улуттук банк│2006- │КРнын │
│ │ │Республикасынын │министерлик-│2007- │Окмө- │
│ │ │Өкмөтүнүн жана Кыргыз │тер, │жылдар │түнүн │
│ │ │Республикасынын │мамкомитет- │ │жана КР │
│ │ │Улуттук банкынын │тер жана │ │Улуттук │
│ │ │токтомдорун бекитүү │ведомстволор│ │банкынын │
│ │ │ │ │ │токтомдо-│
│ │ │ │ │ │ру │
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│2.│"Төлөм жана │2.1 Чекене жана │Улуттук │2006- │Система- │
│ │банк │утурумдук төлөмдөрдү │банк, │2007- │ларды │
│ │системасын │иштеп чыгуу боюнча │коммерциялык│жылдар │өндүрүш- │
│ │модернизаци-│пакеттик клиринг │банктар │ │түк ишке │
│ │ялоо" (ТБСМ)│системасын түзүү жана │(макулдашуу │ │киргизүү │
│ │долбоорунун │ишке киргизүү │боюнча) │ │ │
│ │компонентте-├──────────────────────┤ │ │ │
│ │рин жүзөгө │2.2 Банктык карталарды│ │ │ │
│ │ашыруу │пайдалануу менен │ │ │ │
│ │ │төлөмдөрдү иштеп чыгуу│ │ │ │
│ │ │боюнча Бирдиктүү │ │ │ │
│ │ │банктар аралык │ │ │ │
│ │ │процессингдик борборду│ │ │ │
│ │ │түзүү жана ишке │ │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │ │
│ │ ├──────────────────────┤ │ │ │
│ │ │2.3 Реалдуу убакыт │ │ │ │
│ │ │режиминде гросстук │ │ │ │
│ │ │эсептешүүлөр │ │ │ │
│ │ │системасын түзүү жана │ │ │ │
│ │ │ишке киргизүү │ │ │ │
│ │ ├──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│ │ │2.4 Нормативдик │Улуттук банк│2006- │Норматив-│
│ │ │укуктук базаны иштеп │ │2008- │дик │
│ │ │чыгуу жана өркүндөтүү │ │жылдар │документ-│
│ │ │ │ │ │терди │
│ │ │ │ │ │кабыл │
│ │ │ │ │ │алуу │
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│3.│Мамлекеттик │3.1 Иш-чаралардын ички│Эконфинмин, │2006- │Иш-чара- │
│ │кызматкер- │ведомстволук пландарын│Улуттук банк│2007- │лардын │
│ │лерге жана │иштеп чыгуу жана │Соцфонд │жылдар │ички │
│ │бюджеттик │аларга ылайык иштерди │(макулдашуу │ │ведомст- │
│ │чөйрөнүн │жүргузүү │боюнча), │ │волук │
│ │башка ├──────────────────────┤МБИ, МСИ, │ │планы │
│ │кызматкерле-│3.2. Пилоттук │министрлик- │ │ │
│ │рине эмгек │долбоорлорго катышуучу│тер, │ │Пилоттук │
│ │акыларын, │министрликтер, │мамкомитет- │ │долбоор- │
│ │пенсияларын │ведомстволор жана КБ │тер жана │ │дун планы│
│ │жана │менен бирге пилоттук │ведомство- │ ├─────────┤
│ │социалдык │долбоорлордун планын │лор, │ │Пилоттук │
│ │пособиелерин│иштеп чыгуу жана │компилоттук │ │долбоорду│
│ │төлөп │бекитүү │коммерциялык│ │ишке │
│ │берүүгө, ├──────────────────────┤банктар │ │киргизүү │
│ │коммуналдык │3.3. Пилоттук │(макулдашуу │ │ │
│ │кызмат │долбоорлорду ишке │боюнча), │ │ │
│ │көрсөтүүлөр-│киргизуү, │коммуналдык │ │ │
│ │гө төлөөгө, │кемчиликтерди аныктоо │чарбалар │ │ │
│ │ошондой эле │жана аларды өз │(макулдашуу │ │ │
│ │Социалдык │убагында жоюу │боюнча) │ │ │
│ │фондго ├──────────────────────┤ │ ├─────────┤
│ │камсызданды-│3.4 Төлөмдөр жөнүндө │ │ │Ички │
│ │руу │маалыматтарды иштеп │ │ │ведомст- │
│ │взносторун, │чыгуу үчүн ички │ │ │волук │
│ │Кыргыз │автоматташтырылган │ │ │автомат- │
│ │Республика- │системаны │ │ │таштырыл-│
│ │сында │модернизациялоо боюнча│ │ │ган │
│ │накталай │иш-чараларды жүргүзүү │ │ │система- │
│ │эмес түрдө │ │ │ │лар │
│ │салык жана │ │ │ │ │
│ │бажылык │ │ │ │ │
│ │төлөмдөрүн │ │ │ │ │
│ │жыйноого │ │ │ │ │
│ │өтүү боюнча │ │ │ │ │
│ │жалпы │ │ │ │ │
│ │пландарды │ │ │ │ │
│ │иштеп чыгуу,│ │ │ │ │
│ │пилоттук │ │ │ │ │
│ │долбоорлорду│ │ │ │ │
│ │уюштуруу │ │ │ │ │
│ │жана ишке │ │ │ │ │
│ │ашыруу │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│4.│Бюджеттик │4.1 Бюджеттик │Эконфинмин, │2005- │Борбордук│
│ │төлөмдөрдү │төлөмдөрдү эсепке алуу│Борбордук │2007- │казыначы-│
│ │эсепке алуу │жана контролдоо боюнча│казыначылык │жылдар │лыктын │
│ │жана │Борбордук казыналыктын│ │ │автомат- │
│ │контролдоо │ички │ │ │таштырыл │
│ │боюнча │автоматташтырылган │ │ │ган │
│ │Борбордук │системасын түзүү │ │ │системасы│
│ │казыналыктын│боюнча иш-чараларын │ │ │ │
│ │келечектеги │жүргүзүү │ │ │ │
│ │маалыматтар │ │ │ │ │
│ │системасы │ │ │ │ │
│ │үчүн │ │ │ │ │
│ │спецификаци-│ │ │ │ │
│ │яларды │ │ │ │ │
│ │модернизаци-│ │ │ │ │
│ │ялоо, │ │ │ │ │
│ │долбоорлоо │ │ │ │ │
│ │жана иштеп │ │ │ │ │
│ │чыгуу │ │ │ │ │
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│5.│Баалуу │5.1 Баалуу кагаздар │Улуттук │2007- │Норматив-│
│ │кагаздар │рыногун өнүктүрүү жана│банк, │2008- │дик │
│ │рыногу │экинчилик рыноктун │Эконфинмин, │жылдар │документ-│
│ │боюнча │ийгиликтүү иштөөсү │коммерциялык│ │терди │
│ │нормативдик │үчүн нормативдик │банктар │ │бекитүү │
│ │укуктук │документтерди иштеп │(макулдашуу │ │ │
│ │базасын │чыгуу │боюнча), │ │ │
│ │өркүндөтүү, ├──────────────────────┤Мамфинкөзө- │ ├─────────┤
│ │баалуу │5.2 Мамлекеттик жана │мөл, баалуу │ │Эсепте- │
│ │кагаздар │корпоративдик баалуу │кагаздар │ │шүүлөр │
│ │менен │кагаздар менен │менен │ │системасы│
│ │эсептешүүлөр│операцияларды жүзөгө │сооданы │ │ │
│ │системасын │ашыруу боюнча баалуу │уюштуруучу- │ │ │
│ │түзүү жана │кагаздар менен │лар │ │ │
│ │өнүктүрүү │эсептешүүлөр │(макулдашуу │ │ │
│ │ │системасын түзүү │боюнча), │ │ │
│ │ │ │депозитарий-│ │ │
│ │ │ │лер │ │ │
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│6.│Почталык- │6.1 Калктан акчаларды │Транскомму- │2006- │Почталык │
│ │сактык │кабыл алуу жана берүү │никациямин, │2008- │сактык │
│ │системалар │боюнча операцияларды │"Кыргызпоч- │жылдар │система │
│ │түйүндөрүн │жүзөгө ашыруу үчүн │тасы" МИ │ │ │
│ │өркүндөтүү │республиканын │(макулдашуу │ │ │
│ │ │региондорунда │боюнча), │ │ │
│ │ │почталык-сактык │Улуттук │ │ │
│ │ │системалар түйүндөрүн │банк, │ │ │
│ │ │өркүндөтүү боюнча │коммерциялык│ │ │
│ │ │уюштурулган │банктар │ │ │
│ │ │иш-чараларды жүргүзүү │(макулдашуу │ │ │
│ │ │ │боюнча) │ │ │
├──┼────────────┼──────────────────────┼────────────┼───────┼─────────┤
│7.│Мамлекеттик │7.1 Бардык │Эконфинмин, │2006- │Накталай │
│ │кызматкер- │мекемелердин жана │Улуттук │2008- │эмес │
│ │лерге жана │уюмдардын │банк, │жылдар │эсепте- │
│ │бюджеттик │кызматкерлеринин эмгек│Соцфонд │ │шүүлөргө │
│ │чөйрөнүн │акыларын коммерциялык │(макулдашуу │ │жалпы │
│ │башка │банктардагы эсептер │боюнча), │ │өтүү │
│ │кызматкерле-│аркылуу төлөп берүүгө │МБИ, МСИ, │ │ │
│ │рине эмгек │өтүү │коммерциялык│ │ │
│ │акыларын, ├──────────────────────┤банктар │ │ │
│ │стипендияла-│7.2 Чарбакер │(макулдашуу │ │ │
│ │рын, │субъекттер жана тышкы │боюнча), │ │ │
│ │пенсияларын │соода иштеринин │министрлик- │ │ │
│ │төлөп │катышуучулары │тер, │ │ │
│ │берүүгө, │тарабынан салык жана │мамкомитет- │ │ │
│ │коммуналдык │бажы төлөмдөрүн │тер жана │ │ │
│ │кызмат │накталай эмес түрдө │ведомство- │ │ │
│ │көрсөтүүлөр-│төлөө боюнча чараларды│лор, │ │ │
│ │гө төлөөгө, │иштеп чыгуу жана │коммуналдык │ │ │
│ │ошондой эле │жүзөгө ашыруу │чарбалар │ │ │
│ │Социалдык ├──────────────────────┤(макулдашуу │ │ │
│ │фондго │7.3 Жогорку жана │боюнча) │ │ │
│ │камсызданды-│атайын орто окуу │ │ │ │
│ │руу │жайларынын │ │ │ │
│ │взносторун, │студенттерине │ │ │ │
│ │накталай │стипендияларды төлөп │ │ │ │
│ │эмес түрдө │берүүнү коммерциялык │ │ │ │
│ │салык жана │банктардагы эсептерге │ │ │ │
│ │бажылык │которуу боюнча │ │ │ │
│ │төлөмдөрүн │чараларды иштеп чыгауу│ │ │ │
│ │жыйноого │жана жүзөгө ашыруу │ │ │ │
│ │этап этабы ├──────────────────────┤ │ │ │
│ │менен өтүү │7.4 Пенсияларды, │ │ │ │
│ │боюнча │социалдык пособиелерди│ │ │ │
│ │иш-чараларды│жана башка бюджеттик │ │ │ │
│ │жүзөгө │төлөмөдөрдү │ │ │ │
│ │ашыруу, │коммерциялык │ │ │ │
│ │пилоттук │банктардагы эсептер │ │ │ │
│ │долбоорлорду│аркылуу алуучулардын │ │ │ │
│ │тираждоо │санын көбөйтүү боюнча │ │ │ │
│ │ │чараларды иштеп чыгуу │ │ │ │
│ │ │жана жүзөгө ашыруу │ │ │ │
│ │ ├──────────────────────┤ │ │ │
│ │ │7.5 Коммуналдык кызмат│ │ │ │
│ │ │көрсөтүүлөр үчүн │ │ │ │
│ │ │төлөмдөрдү │ │ │ │
│ │ │коммерциялык │ │ │ │
│ │ │банктардагы эсеттер │ │ │ │
│ │ │аркылуу төлөө боюнча │ │ │ │
│ │ │чараларды иштеп чыгуу │ │ │ │
│ │ │жана жүзөгө ашыруу │ │ │ │
│ │ ├──────────────────────┤ │ │ │
│ │ │7.6 Төлөө карттары │ │ │ │
│ │ │боюнча тейлөөлөр үчүн,│ │ │ │
│ │ │калкка көрсөтүлүүчү │ │ │ │
│ │ │кызматтардын чөйрөсүн │ │ │ │
│ │ │кеңейтүү максатында │ │ │ │
│ │ │соода-сервисттик │ │ │ │
│ │ │ишканалардын │ │ │ │
│ │ │инфраструктурасын │ │ │ │
│ │ │кеңейтүү │ │ │ │
└──┴────────────┴──────────────────────┴────────────┴───────┴─────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
жана Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
2005-жылдын 30-декабрындагы
N 632/26/7 токтому менен
бекитилген
Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке
ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтү менен КР Улуттук банкынын
2009-жылдын 14-августундагы N 527/32/6 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү, маалыматтык системалар башкармалыгынын куратору;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалар башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары;
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары;
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
"Эсептик-аманат компаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Банктар ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Банктар аралык процессингдик борбору" жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан" коммерциялык банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Азия Универсал Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалар башкармалыгынын адиси, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.