Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 14-апрели № 49
Улгайган адамдарга мунапыс берүү жөнүндө
1-берене.
Эркинен ажыратууга соттолгон:
а) 55 жаштан өткөн аялдар;
б) 60 жаштан өткөн эркектер,- жазасын андан ары өтөөдөн бошотулсун.
2-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-статьясы:
а) 1998-жылдын 1-январына чейин колдонулган Кыргыз Республикасынын Уголовный кодексинин 71, 71-1, 73-статьяларында, 85-статьянын 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 88-1, 94, 95-статьяларында, 101-статьянын 2-бөлүгүндө, 108-статьянын 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 145, 146, 147, 191-2, 208-статьяларында, 215-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 235, 236-статьяларында каралган кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондорго;
б) жазасын өтөө учурунда режимди көп бузгандарга карата колдонулбайт.
3-статья.
Ушул Мыйзамдын 1-статьясына кирбей калгандардын өтөй элек жаза мөөнөтү:
а) 10 жылдан ашпаган мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолгондордун - мөөнөтүнүн жарымы;
б) 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолгондордун - үчтөн бир мөөнөтү кыскартылсын.
4-статья.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын соттору жана КМШ өлкөлөрүнүн соттору тарабынан соттолгондорго жана жазасын Кыргыз Республикасынын аймагында өтөп жаткандарга карата колдонулат.
5-статья.
Бул Мыйзам өлүм жазасы кечирим катары эркинен ажыратуу менен алмаштырылгандарга же өзгөчө коркунучтуу рецидивисттер деп таанылгандарга карата колдонулбайт.
6-статья.
Бул Мыйзамдын 1-статьясы колдонулуучу адамдар мүлкүн конфискациялоодон башка кошумча жаза чараларынан бошотулат.
7-статья.
Жасаган кылмышы үчүн жаза менен катар аларга карата аракечтиктен, баңгиликтен же жугуштуу жыныс ооруларынан мажбурлап дарылоо чаралары белгиленген адамдарга бошотуу жагынан мунапыс берүү актысы алар толук дарыланып бүткөндөн кийин колдонулат.
8-статья.
Бул Мыйзамдын аткарылышы жазаны аткаруу жагында иштеген органдарга жүктөлөт. "Улгайган адамдарга мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тийиштүү прокурор тарабынан санкция берилген түзөтүү мекемесинин башчысынын токтому боюнча жүргүзүлөт. Токтомго соттолгон адамдын өздүк иши, мүнөздөмө-маалым кат, сыйлыктары жана жазалары жөнүндө маалым кат, соттолгон адамдын жаш курагын ырастаган документтери тиркелет.
9-статья.
Мунапыс берүү актысын колдонуу жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адамга тиешелүү зарыл маалымат жок болсо, мунапыс актысын колдонуу жөнүндөгү маселенин каралышы кошумча материалдар алынганга чейин токтотула турат. Бул Мыйзамды аткаруу милдети жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонууга байланышкан зарыл материалдарды тийиштүү мекемелерден талап кылуу укугу берилет. Мындай талап бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш.
10-статья.
"Улгайган адамдарга мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1998-жылдын 1-январына чейин кылмыш жасаган жана бул Мыйзам күчүнө кирген учурда эркинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан адамдарга карата колдонулат.
11-статья.
Бул Мыйзам ал күчүнө кирген учурда 55 жана андан ашык жашка чыккан аялдарга жана бул Мыйзам күчүнө кирген учурда 60 жана андан ашык жашка чыккан эркектерге колдонулары белгиленсин.
12-статья.
Шаарлардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары "Улгайган адамдарга мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз учурунда каттоого алууну, алардын турмуш-тиричилигин жөнгө салууну, ал эми өзүнүн багуусуна алаар жакындары жокторду, - майыптар жана кары-картаңдар үйлөрүнө жайгаштырууну камсыз кылууга милдеттендирилсин.
13-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.
"Эркин Тоо" газетасынын 1998-жылдын 22-апрелинде № 49-50 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
1998-жылдын 17-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
1998-жылдын 19-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган |