Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 13-апрели № 2
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Бешик-Жон айылынын Сарытай көчөсүндөгү 357кв.м жер аянтын жана Жон айылындагы 670кв.м жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер адиси М.Дыйкановдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бешик-Жон айылынын Сарытай көчөсүндөгү 357кв.м жер аянты, Жон айылындагы 670кв.м жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомду аткарууга алып, мыйзам чегинде документ иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы | А.Чолпонбаев |