Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 3
Дарыкана курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Бешик-Жон айыл тургуну Ысманова Самарбүнүн муниципалдык менчикте турган жер тилкесинен арендага дарыкана курууга жер сурап кайрылган арызын жана элдик жыйындын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон айылынан муниципалдык менчикте турган жерден дарыкана курууга ижарага жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде жерди тактап бөлүп берүү айыл өкмөттүн жер адиси М.Дыйкановко жүктөлсүн.
3. Токтомду аткарууга алып, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Чолпонбаев |