Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 4
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Бешик-Жон айыл тургуну Нышанов Мараттын өзү жашаган, ат коюла элек көчөгө атасы Нышанов Мурзакандын ысымын ыйгарууга уруксат сурап кайрылган арызын жана көчө жашоочуларынын чогулушунунун протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон айылындагы көчөгө Нышанов Мурзакандын ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткарууга алып, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Чолпонбаев |