Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 5
Материалдык жардам жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Баймундуз айыл тургуну Сатиева Гулипанын кызын Туркия мамлекетине операция жасатууга материалдык жардам сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сатиева Гулипага кызынын операциясына жергеликтүү бюджеттен 30 000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алып, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Чолпонбаев |