Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясынын
2022-жылдын 24-марты № 8-2
“Алтынай ички каналын реабитациялоо”-долбооруна өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын “Алтынай ички каналын реабитациялоо” долбоорун колдоо боюнча, өздүк салым бөлүп берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына даярдалган “Алтынай ички каналын реабитациялоо” долбоорун колдоо максатында 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешининин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Турабековго тапшырылсын.
Төрага |
К.Мураталиев |