Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясынын
2022-жылдын 24-марты № 8-3
Жерге-Тал айылындагы Алмазбек Абыкеев атындагы МЧББУну ачуу жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын Ч.Багышбеков көчөсүнүн №84 көчөсүндө жайгашкан, 0,50 кв метр жер аянттына курулган бала бакчаны айыл өкмөттүн балансына алынып, Алмазбек Абыкеев атындагы “Ай-Нуру” балдар бакчасы болуп ачууну жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 21-мартындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
токтом кылат:
1.Жерге-Тал айылынын Ч.Багышбеков №84 көчөсүндө жайгашкан,0,50 кв метр жер аянттына курулган бала бакчаны Алмазбек Абыкеев атындагы “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү уюму болуп ачылсын.
2.Алмазбек Абыкеев атындагы “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунун коммуналдык жана азык-түлүк менен камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы З.Көпөевага жүктөлсүн, акча каражатын камсыздоодогу сметасы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралсын.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага жүктөлсүн.
Төрага |
К.Мураталиев |