Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 20-апрели № 11-1
“Үй-бүлөлүк-салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары” боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Калматованын билдирүүсүн угуп,талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө “Үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары “ боюнча айыл өкмөт иштеп чыккан Жобо,депутаттардын сунуштарын эске алуу менен бекитилсин.
2. “Үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары “ боюнча аймактардагы атаандаштыктын алдын алуу,аткарууга бир тараптуу болуу максатында республика боюнча бирдей Жобо иштелип чыгуу сунушталсын.
3. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн түзүлгөн комиссия тарабынан айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданият жана спорт маселелери боюнчу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Төрөбеков |