Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 20-апрели № 11-2
Ички тартип жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кенешинин мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулап.сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн аймагында төмөнкүдөй ички тартиптер киргизилсин:
- жайыт пайдалануучу жайыт билети менен гана жайлоого чыгууга тийиш ;
- малды жазгы жайытка 25-апрелден 5-майга чейин өткөрүлсүн;
- жайлоого көчүп кетүү 20-майдан 1-июнга ,көчүп келүү 5-сентябрдан башталат;
- жайыт акысы ар бир баш койго-10 сом, эчкиге-15 сом, жылкы,бодо малга-50 сомдон белгиленсин;
- ар бир мал багуучу менен 2 тараптуу (жайыт комитети жана жайыт пайдалануучу) келишим түзүлсүн;
- ар бир мал багуучу жана малын бадага берүүчү атуул менен 2 тараптуу келишим түзүлсүн;
- жайытка чыккан малдарды жугуштуу оорууларга каршы дарыланды деген ветадистин тактамасы болсун;
- малды эмдөө, дарылоо атайын уруксаты бар ветадистер аркылуу жүргүзүлсүн;
- Кой-Ата каналындагы суу пайдалануучулар көп болгондугуна байланыштуу айылдарда төмөнкү график менен суугат жүргүзүлсүн:
Сарымсак-Булуң---1-күнү;
Жол-Сай --- 2-күнү ;
Ак-Жар --- 3-күнү;
Кара-Ой --- 4-күнү;
Жыл-Булак--- 5-күнү;
Ашырбай көч.--- 6-күнү;
Узун-Сай көч.--- 7-күнү;
- Көл участкасындагы 14 Га жерге жер айдоочуларга ижара акысы, сотыхына, 250 сомдон , телевышканын жанындагы 10 Га жерге жер айдоочуларга сотыхына, 80 сомдон, Азан-Сырттагы 10 Га жерге жер айдоочуларга, сотыхына,80 сомдон төлөм бекитилсин ;
- Там аркасындагы ашыкча учаскасынын сотыхына ижара акысына 10 сомдон,салыкка 10 сомдон,соц.фондго 10 сомдон төлөм бекитилсин.
- Сай жээгиндеги,каптал жээктериндеги жашылдандыруу,көрктөндүрүү үчүн короолонгон жерлерге сотыхына ижара акысы 10 сомдон,салыкка 30 сомдон,соц.фондго 30 сомдон төлөм бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл аймагында жолдорго жана атуулдарга зыян келтире турган болсо,малдары эгинге түшкөндөргө,себепсиз малдары жайлоого кеч кетип же эрте түшүп келсе, жайыт жерлердеги жер кыртышын жана өрт коопсуздугун бузгандарга, менчигиндеги малын каттатпай,жашырып койгон атуулдарга, суугат графигин бузгандарга,таштандыларды мыйзамсыз жерге төккөндөргө, автоунааларын агын суунун жээгине жуугандарга жана айыл мыйзамдарын одоно бузгандарга Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексине ылайык айып салынат.
3. Ички тартиптер боюнча көзөмөлдөө айыл өкмөткө жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетине тапшырылсын.
5. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Төрөбеков |