Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-апрели № 1
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 07.05.2021-жылдагы I уюштуруу сессиясынын 3-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, шаардык кеӊештин фракцияларынын сунушун эске алуу менен, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 07.05.2021-жылдагы I уюштуруу сессиясынын 3-токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
· Жалал-Абад шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Дүйшеев Автандил Салиевич чыгарылып, ордуна Калбаев Советбек Абийбиллаевич менен толукталсын.
· Жалал-Абад шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиянын курамы Дүйшеев Автандил Салиевич менен толукталсын.
· Жалал-Абад шаардык кеӊештин өнөр-жай, соода, айыл чарба жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамы Мейманкулов Искендер Асхатбекович менен толукталсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |