Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги XVII сессия
2022-жылдын 29-апрельдин № 2
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги кызматтык батирди менчиктештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Турак-жай” Кодексинин 58-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана 59-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктун негиз кылып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгынын 12.04.2022-жылдагы чыг.№04-15/3481 сандуу катты жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.04.2022-жылдагы чыг.№01-23/54 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Жеӊи-Жок көчөсүнүн №30а үйдүн жалпы аянты 61,60 чарчы метрди түзгөн 25-кызматтык батирин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кызматкери полковник Э.Джамшидовдун жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Борукулов) кызматтык батирди мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |