Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги XVII сессия
2022-жылдын 29-апрельдин № 3
Жалал-Абад шаарындагы аталышы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, “Спутник”, “Достук” жана “Курманбек” аймактык башкарууларынан келип түшкөн катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусундагы долборлоо-4 көчөсүнө Ташматов Акимжан Исаковичтин (лат. Tashmatov Akimzhan Isakovich) ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусундагы Курманбек-11 көчөсүнө Курманалиев Эркинбай Исмаиловичтин (лат. Kurmanaliev Erkinbay Ismailovich) ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусундагы аты жок Курманбек-3 көчөсүнө Ормок Балбаевдин (лат. Ormok Balbaev) ысымы ыйгарылсын.
4. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгынын Спутник-11 аты жок туюк көчөгө Рахманов Абдразак Абдувалиевичтин (Rakhmanov Abdrazak Abduvalievich) ысымы ыйгарылсын.
5. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгынын аты жок туюк көчөгө Нарбаев Капар Нарбаевичтин (Narbaev Kapar Narbaevich) ысымы ыйгарылсын.
6. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |