Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги XVII сессия
2022-жылдын 29-апрельдин №4
Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад областтык Балдар чыгармачылык үйүнө Маматов Нурказы Исмаиловичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад областтык Балдар чыгармачылык үйүнөн келип түшкөн 11.04.2022-жылдагы чыг.№154-сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад областтык Балдар чыгармачылык үйүнө Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы Маматов Нурказы Исмаиловичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине сунушталсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |