Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги XVII сессия
2022-жылдын 29-апрели № 6
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан мүлктү Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 21.04.2022-жылдагы чыг.№01-23/51 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №139 дарегинде жайгашкан сыр белгиси 3-10-02-0008-5109, Жалал-Абад шаардык финансы башкармалыгынын имараты жана имарат жайгашкан жалпы 2594,7 чарчы метр жер аянты менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктү өткөрүп алууда мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |