Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги XVII сессия
2022-жылдын 29-апрельдин № 7
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Төш-Кутчу айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган скважинаны жана суу түтүктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жана оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 16-беренесине ылайык, ”Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.04.2022-жылдагы чыг.№01-23/57 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын вице мэри Э.Таевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Төш-Кутчу айылынын жашоочуларын үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Төш-Кутчу айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган скважинаны жана суу түтүктөрүн Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Төш-Кутчу айылындагы муниципалдык менчиктеги скважинаны жана суу түтүктөрүн “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Төш-Кутчу айылындагы муниципалдык менчиктеги скважинаны жана суу түтүктөрүн мыйзам талаптарын сактоо менен “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына оперативдүү башкарууга өткөрүү боюнча иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Борукулов) жана “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына (Тыныбек уулу Зарыл) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |